2023-жылдын 16-февралындагы № 08 токтому

2023-жылдын 16-февралындагы № 08 токтому

Токтом № 08 16.02.2023-ж.

Кошумча каржылоого каражаттарды бөлүштүрүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34,39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексин жетекчиликке алып, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаарынын 2023-жылдын бюджетинен Кара-Балта шаарына балдар аянтчаларын орнотууга долбоордун суммасынан 30% кошумча каржылоого 600,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
  2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй – Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак-жай коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы                                                 М. Дуйшеналиев