“Кара-Балта шаарынын аймагында 1, 2 жана 3-топтогу мүлк салыгын киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 23-декабрындагы № 02 Токтому

“Кара-Балта шаарынын аймагында 1, 2 жана 3-топтогу мүлк салыгын киргизүү жөнүндө” 2022-жылдын 23-декабрындагы № 02 Токтому

 

Токтом № 02 23.12.2022-ж.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин 34-беренесине, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» 39-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2015-жылдын 24-февралындагы № 3 “Кара-Балта шаарынын аймагында жер мүлкүн жана мүлккө салыкты иш жүзүнө ашыруу жөнүндө” токтому күчүн жоготту деп табылсын.
  2. Кара-Балта шаарынын аймагына 2023-жылдын 1-январынан тартып 1, 2 жана 3-топтогу мүлккө салык Кыргыз Республикасынын Салык кодексине ылайык бекитилсин.
  3. Ушул Токтом жергеликтүү массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
  4. Токтом нормативдик укуктук актыларынын бирдиктүү мамлекеттик реестирине киргизүү үчүн Чуй – Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.
  5. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, Жайыл райондук мамлекеттик салык кызматына жана Кара – Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                      М.Дуйшеналиев