“Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2023-жылга карата түзүмдөрүн уюштуруу боюнча иш-процесстерин оптималдаштыруу жөнүндө” 2022-жылдын 23-декабрындагы № 01 Токтому

“Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2023-жылга карата түзүмдөрүн уюштуруу боюнча иш-процесстерин оптималдаштыруу жөнүндө” 2022-жылдын 23-декабрындагы № 01 Токтому

Токтом № 01 23.12.2022-ж.

2021-жылдын 2-декабрындагы № 541 ПЖ “Республикалык бюджеттин чыгымдарын оптималдаштыруу, мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын аткаруу, ошондой эле бюджеттик каражаттарды пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын жаңы башкаруу түзүмү № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кара-Балта шаарынын мэриясы жаңы юридикалык жакты – «Кара-Балта шаарынын маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгы» мекемесин түзүү боюнча тиешелүү документтерди кыска мөөнөттө даярдасын.
  3. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, Регламент, депутаттардын этикасы жана укуттук маселелер боюнча комиссияларына жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                      М.Дуйшеналиев