“Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө”2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө Кара-Балта шаардык кенешинин 2022-жылдын 4-октябрындагы № 02 Токтому

“Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө”2022-жылдын 15-августундагы ПЖ № 284 Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгын ишке ашыруу жөнүндө Кара-Балта шаардык кенешинин 2022-жылдын 4-октябрындагы № 02 Токтому

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 15-августундагы № 284 “Элдик Курултайды чакыруу жөнүндө” Жарлыгын аткаруу максатында, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 62-беренесине ылайык, ошондой эле Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын даярдоо жана өткөрүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайына (мындан ары – Курултай) Элдик Курултайга катышуу үчүн делегаттарды шайлоо күнү – 2022-жылдын 5-ноябрында (ишемби күнү) саат 10:00дө белгиленсин, дареги: Кара-Балта шаары, Ленин көчөсү, 2 (В.И. Ленин атындагы Шаардык маданият сарайы).
  2. Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайын уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Курултайга өкүлчүлүктүн нормасы 200 делегат болуп белгиленсин.
  4. Курултайга делегаттарды көрсөтүү боюнча Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын мүчөлөрүнүн чогулушунун графиги 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  5. Курултайды уюштуруу жана өткөрүү боюнча комиссия:
  • 2022-жылдын 31-октябрына чейин Курултайга делегаттарды көрсөтүү үчүн жергиликтүү жамааттардын чогулушун өткөрүлсүн;
  • Кара-Балта шаарынын калкын боло турган Курултай жөнүндө маалымдоо боюнча зарыл иштерди жүргүзүлсүн;
  • Кара-Балта шаарынын жергиликтүү жамаатынын Курултайынын күн тартибинин долбоорун Курултайда бекитүү үчүн иштелип чыксын.
  1. Кара-Балта шаарынын мэриясы Курултайды уюштурууга жана каржылоого байланышкан маселелерге көмөк көрсөтсүн.
  2. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы – Дүйшөналиев Мирбек Кубанычбековичке, Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын төрагасы – Сарсембаев Галым Арипжановичке жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                                    М.Дуйшеналиев

Токтом № 02 04 октябрь 2022-ж.