Токтом № 09 17 август 2022-ж. ” Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө”

Токтом № 09 17 август 2022-ж. ” Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө”

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына өзгөртүүлөрдү киргизүүгө байланыштуу, муниципалдык менчикте турган объекттерди сарамжалдуу пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, муниципалдык менчиктин негизги каражаттарын эсептен чыгаруунун тартибин аныктоо, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБнин – Т.Б. Карагуловдун кайрылуусун жана Кара-Балта шаарынын менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобонун долбоорун карап жана талкуулап,  Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  • Кара-Балта шаарынын менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө Жобо № 1 тиркемеге ылайык:
  • Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнө муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу үчүн берилген документтердин тизмеси № 2 тиркемеге ылайык:
  • Кара-Балта шаарынын менчигиндеги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы № 3 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  1. “Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигиндеги негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамын өзгөртүү жөнүндө” 07.03.2018-жылдагы № 3, “Кара-Балта шаарынын муниципалдык менчигинин негизги каражаттарын эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамын өзгөртүү жана бекитүү жөнүндө” 01.12.2017-ж. № 5, ««Шаардын муниципалдык менчигинде ги негизги каражаттарды эсептен чыгаруу боюнча комиссиянын курамы жөнүндө» 09.03.2011-жылдын № 2 токтомунун № 3 тиркемеге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кара-Балта шаардык кеңешинин токтомдору күчүн жоготту деп эсептелинсин.
  2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри – М.Р. Жекшеновго жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                   М. Дуйшеналиев

Токтом № 09 17-август 2022-ж.