“Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомго   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2021-жылдын 8-декабрындагы № 1 токтому.

“Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомго   өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2021-жылдын 8-декабрындагы № 1 токтому.

Токтом № 01 08.12.2021-ж.

“Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө”

2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомго  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36 – беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 3 Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдарга Кара-Балта шаарынын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизилсин:
    • ББФМКБШКдан “тамактануу” 2218-беренесинен 5 500 000 сом суммага азайуу тарабына кредиттер жылдырылсын:

– ББФМКБШКнын  «коммуналдык кызматтар» 2231-беренесине 2 250 000 сом     өлчөмүндө өйдөлөтүү тарабына;

– МММБнин “Капиталдык оңдоо” 3111-беренесине 2 900 000 сом өлчөмүндө көбөйтүү тарабына,

– МММБнин «соттун чечимин аткаруу» 2823- беренесине 350 000 сом жөнөтүлсүн.

1.2. МММБнин кредиттеринин ичинен жылдырылсын:

(бензин сатып алуу) 2214-беренесинен 10 000 сом;

(МММБ дары-дармектерди сатып алуу) 2217- беренесинен 100 000 сом;

(учурдагы оңдоого чыгымдар) ӨК 2221- беренесинен 150 000 сом;

№ 1 орто мектеп (күрөш залын оңдоо) 3111-беренесинен 170 000 сом;

МММБ “кеңсе жана компьютердик жабдууларын сатып алуу” 3112- беренесинен – 220 000 сом;

жалпы 650 000 сом кыскартылсын.

МММБ «соттун чечимин аткаруу» 2823- беренесинде  650 000 сомго көбөйтүлсүн жана жөнөтүлсүн.

1.3. «Манас» спорт комплексинин бюджеттик сметасы боюнча үнөмдөлгөн каражаттын ичинен «иш сапарга чыгашалар» 2211-беренесинен 300 000 сом жана «башка кызмат көрсөтүүлөр жана чыгашалар» 2215 – беренесинен 250 000 сом «буюмдарды жана материалдарды сатып алуу » 2222 – беренесине » жалпы 550 000 сом жылдырылсын.

 

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы мүлккө ММБ “капиталдык оңдоо” 3111-беренесин 2 900 000 сом өлчөмүндө акча каражатыты № 2 ҮДБнун имаратын капиталдык ремонттун бүтүрүүгө долбоордун 30 % кошумча каржылоого жөнөтсүн жана кошумча каржылоонун булагы деп эсептелинсин.
  2. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы                                                                      А. Байсариев