“Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомго  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 05 токтому

“Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомго  өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 05 токтому

Токтом № 05 23.11.2021-ж.

“Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө”

2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомго  

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36 – беренелерине ылайык, “Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жж. шаардын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө” 2021-жылдын 08 апрелиндеги № 3 Токтомдун 17-пунктун жокко чыгаруу тууралуу Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын протестинин негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 3 Кара-Балта шаардык кеңешинин «Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин жана 2022-2023-жылдарга Кара-Балта шаарынын бюджетинин болжолун бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүү киргизилсин:
  • № 9 тиркемеде, Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Универсал» МИнин 2021-жылга бюджеттин төмөнкү статьялары боюнча пайдаланылбаган жана үнөмдөлгөн каражаттардын чыгымдарынын сметасынан:

2215-статьясынан “Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу”:

50,0 миң сом – үстүнкү көрүстөнгө суу түтүгүн орнотуу;

602,0 миң сом – ирригациялык тармактарды (гүлзарларды) калыбына келтирүү үчүн материалдарды сатып алууга;

594,0 миң сом катуу таштанды контейнерлери үчүн тосмо менен аянт;

2760,0 миң сом – калктуу конуштардагы жана жол жээгиндеги стихиялык таштандыларды, таштандыларды тазалоо;

Бул статья боюнча жалпы үнөмдөө – 4006,0 миң сом.

2222-статьясынан “Учурдагы чарбалык максаттар үчүн буюмдарды жана материалдарды сатып алуу”:

670,0 миң сом – ширетүүчү жана реконструкциялоо үчүн материалдар;

200,0 миң сом – гаражга материалдарды сатып алуу;

Бул статья боюнча жалпы суммасы – 870,0 миң сом.

Үнөмдөлгөн – 4876,0 миң сом каражат төмөнкүгө жөнөтүлсүн

“транспорттук кызмат көрсөтүүлөр” 2214-статьясына – 700,0 миң сом;

«башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу» 2215-статьясына сугат суусуна 15,0 миң сом, жаңы жылдык балаты жана жасалгаларды сатып алууга – 100,0 миң сом, башка чыгашаларга – 100,0 миң сом;

“машиналар жана жабдуулар”3112-статьясына:

800,0 миң сом «кичи автобус» сатып алууга, 2861,0 миң сом «адистештирилген техника» сатып алууга;

300,0 миң сом «биотуалет жана мотоблок» сатып алууга.

  1. 10-пунктта өзгөртүүлөр киргизилип, төмөнкү редакцияда баяндалсын: «Кыргыз Республикасынын Эмгек кодексинин 145-беренеге, ошондой эле жамааттык келишимге ылайык беш эмгек акы өлчөмүндө акчалай сыйлык Кара-Балта шаардык кеңешине, Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппаратына, Кара – Балта шаарынын мэриясынына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнө,  Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратына, мэриянын аппаратына, мүлккө ММБге эмгек акы төлөөдө мотивациялык мүнөздөгү жөлөкпулдар беш миң сом өлчөмүндө белгиленсин”.
  2. 17-пунктта өзгөртүүлөр киргизилип, ““ККИК”ЖАК” деген сөздөр алып салынсын, “мамлекеттик сатып алуулардын жеңүүчүсү” деп жазылсын.

4.Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара – Балта шаарынын мэриясынына      караштуу мүлккө ММБге, КЭБге, Кара-Балта шаарынын мэриясына.

 

 

Кеңештин төрагасынын

орун басары                                                                                   Р. Джолдошбаев