“2021-жылдын 12-апрелиндеги № 03 «Кара-Балта шаарынын аймагында КТТ чыгаруу, чогултуу жана жок кылуу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө» Токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 03 токтому.

“2021-жылдын 12-апрелиндеги № 03 «Кара-Балта шаарынын аймагында КТТ чыгаруу, чогултуу жана жок кылуу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө» Токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө 2021-жылдын 23-ноябрындагы № 03 токтому.

Токтом № 03 23.11.2021-ж.

“2021-жылдын 12-апрелиндеги № 03 «Кара-Балта шаарынын аймагында КТТ чыгаруу, чогултуу жана жок кылуу боюнча тарифин бекитүү жөнүндө» Токтомуна өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

 

«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. 2021-жылдын 12-апрелиндеги № 03 «Кара-Балта шаарында катуу таштандыларды жыйноо, чыгаруу жана жайгаштыруу тарифин бекитүү тууралуу» КБШК токтомундагы төмөнкүдөй редакциялансын.

2-пункттагы “Кара-Балта шаарынын калкы үчүн – суммасында” деген “132 сом” деген сөздөр алып салынсын жана “143,00 сом” деген сөздөргө алмаштырылсын.

“Менчигинин түрүнө карабастан чарба жүргүзүүчү субъекттер үчүн – “170,30 сом” деген сөздөр алып салынсын жана “206,00 сом”деп алмаштырылсын;

калкка — “22 сом” деген сөздөр алынып, жана төмөндөгүдөй белгиленсин:

  • көп кабаттуу үйлөрдө жашаган калк үчүн – 20,26 сом айына бир адамдан;
  • жеке сектордо жашаган калк үчүн – 23,83 сом айына бир адамдан.
  1. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
  2. Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип жана катталыш үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
  3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлүн бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.

 

Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта шаарынын мэриясына, “ККИК” ЖАКга, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ММКга.

 

 

Кеңештин төрагасынын

орун басары                                                                                   Р. Джолдошбаев