2021-жылдын 18-октябрындагы № 4 тескемеси. 2020-жылга карата Кара-Балта шаарынын БМжанаБ тобунун аткарылган иштер жөнүндө

2021-жылдын 18-октябрындагы № 4 тескемеси. 2020-жылга карата Кара-Балта шаарынын БМжанаБ тобунун аткарылган иштер жөнүндө

тескеме №04 18.10.2021-ж.

2020-жылга карата Кара-Балта шаарынын

БМжанаБ тобунун аткарылган иштер жөнүндө

 

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28, 31, 36 – беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу ЖӨБЭММАнын 05.09.2019 – ж. № 01-18-84 Буйругуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин аткарылышы боюнча ЖӨБО жана жергиликтүү жамааттын мүчөлөрүнүн биргелешкен жана координацияланган аракеттерин ишке ашыруу максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

БУЮРМА КЫЛАТ:

 

  1. БМжанаБ топтун төрайымы М.К.Токтуеванын Кара-Балта шаарынын БМжанаБ тобунун 2020-жылга карата аткарылган иштер жөнүндө маалыматы, № 1 тиркемеге ылайык эске алынсын.
  2. Кара-Балта шаарынын мэриясы, БМжанаБ тобунун актыларында көрсөтүлгөн мэриянын жана структуралык бөлүмдөрүнүн мамлекеттик сатып алуулар, алып барылган иштери жана кызматтары боюнча депутаттардын эскертүүлөрүнө жана толуктоолоруна ылайык кемчиликтер жокко чыгарылсын.
  3. 2019 – жылдын 28 ноябрындагы “ЖӨБ органдарынын жергиликтүү демилгелерди тандоонун жана каржылоонун тартиби жөнүндө”, “Жарандарды жана алардын бирикмелерин тартуу менен жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү боюнча ЖӨБ органдарынын ишмердүүлүгүнө биргелешкен мониторинг жана баа берүү жөнүндө” жоболорду бекитүү тууралуу” КБШК токтомунун No 3-тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилсин.
  4. Бул буюрманын аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча; уюштуруу-укуктук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссияларга, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                                          А. Байсариев