2021-жылдын 18-октябрындагы № 1 тескемеси. Кара-Балта шаарынын вице-мэрине талапкер Т.Н. Айткулуевди дайындоого макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө

2021-жылдын 18-октябрындагы № 1 тескемеси. Кара-Балта шаарынын вице-мэрине талапкер Т.Н. Айткулуевди дайындоого макулдук берүүдөн баш тартуу жөнүндө

тескеме №01 18.10.2021ж.

Кара-Балта шаарынын вице-мэрине

талапкер Т.Н. Айткулуевди дайындоого  макулдук

берүүдөн баш тартуу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын өз алдынча башкаруу жөнүндө 31  беренесине, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн 2017-жылдын 1- июнундагы № 329 Токтому менен бекитилген  Муниципалдык кызматтын айрым административдик кызмат орундарына өзгөчө тартипте (конкурстан тышкары) кирүүнүн типтүү эрежелери жөнүндө, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө мыйзамынын 24-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кенешинин сессиясы

 

                                                           БУЮРМА КЫЛАТ:

  1. Уюшуруу укук маселелерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Сарсембаев Г.А вице-мэр Айткулуев Т.Н дайындалышына макулдук берүү жөнүндө маалымат эске алынсын.
  2. Кара-Балта шаарынын вице-мэрине талапкер Т.Н. Айткулуевдин дайындалышына макулдук берилбесин.
  3. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы, Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б Шакирбаевге вице мэр ордун ээлеген Т.Н.Айткулуев муниципалдык кызматтын айрым административдик кызматтарына атайын (конкурстан тышкары) тартипте кабыл алуу эрежелеринин бузулушуна байланыштуу милдеттерин аткаруудан четтетилсин.
  4. Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б Шакирбаев ыктыярдуу түрдө бир айлык мөөнөттө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына келтирилген зыянды өз эсебинен калыбына келтирүүнү, тактап айтканда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башчысы тарабынан Т.Н.Айткулуевден эмгек акысы, кошумча төлөмдөрү жана акчалай сыйлыктары калыбына келтирүүсү сунушталсын.
  5. Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кара-Балта шаарынын вице-мэрине талапкер 1984-жылдын 15-мартында туулган Ажыматов Азамат Темиркатовичти дайындоого макулдук берилсин.
  6. Бул тескемени Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй Бишкек шаардык     юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  7. Бул тескеменин аткарылыш  көзөмөлү уюштуруу –укуктук маселелер, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына,  ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри Д.Б Шакирбаевге жүктөлсүн.

 

Кенештин төрагасы                                                                                                                        А.Байсариев