2020-жылдын 4-августунда Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү

2020-жылдын 4-августунда Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү

 

2020-жылдын 4-августунда Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү. Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы Аалыев Алмаз Аалыевич кезексиз сессияга төрагалык кылып ачып берди. Шайланган 31 депутаттын ичинен 24 депутат кезексизсессиягакатышышты.Сессиянын күн тартибинде 3  маселе  бекитилди.

Төмөнкү оорукананын аймагында гемодиализ бөлүмүн уюштуруу үчүн имарат берүү жөнүндө (“ГемоТек” ЖЧКнын кайрылуусу) маселеси каралып, Кара-Балта шаардык кенешинин депутаттары тарабынан гемодиализ бөлүмүн уюштуруу үчүн төмөнкү оорукананын аймагынан имаратты акысыз 20 жылгабөлүп берүүчечими бир добуштан кабыл алынды.

1 миллион 300 миң сомакча каражатын бөлүштүрүү жөнүндө маселесине 16 депутат каршы, 7  депутат калыс добуш беришип маселе чечилген жок.

“ЭлАман” фракциясынын депутаты Токомбаева Мухаббат Толкуновнапандемия учурунда муктаж болгондорго жардам кылгын ыктыярчылардын тизмесин Кара-Балта шаарынын ардактуу атуулу наамынасунуштап жана Кара-Балта шаардык кенешинин17 депуты тарабынан  колдоого алынды.