2020-жылдын 7-июлунда Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү

2020-жылдын 7-июлунда Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү

2020-жылдын 7-июлунда Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы өттү. Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы Аалыев Алмаз Аалыевич кезексиз сессияга төрагалык кылып ачып берди. Шайланган 31 депутаттын ичинен 22 депутат кезексиз сессияга катышышты. Күн тартибинде каралуучу Кара-Балта шаарынын участкалык шайлоо комиссияларына талапкерлердин тизмесин бекитүү жөнүндөгү маселе кийинки сессияга жылдырылды.

Жылдык сумманын 1/12 бөлүгүнөн медициналык жабдууларды, күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга каражат бөлүү жөнүндөгү маселени баардык депутаттар бир добуштап колдоп беришти жана шаардык мэрияга зарыл медициналык шаймандарды жана күйүүчү-майлоочу материалдарды сатып алууга 5 млн сом бөлүп берүү, ошондой эле жогорудагы бөлүнгөн акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн  шаардык кеңешинин депутаттарынан жана медициналык мекемелердин өкүлдөрүнөн турган убактылуу комиссия түзүү чечими кабыл алынды.

“Элдик-Народная” фракциясынын депутаты Билялова Алмазханум Башировна өлкөдөгү өзгөчө кырдаалга байланыштуу мэрдин жана шаардык кеңештин төрагасынын  кызматтык автоунааларын Жайыл райондук Биргелешкен үй-бүлөлүк медицина борборуна жана Бириккен аймактык ооруканага убактылуу колдонууну сунуштап жана КБШК депуттары тарабынан бир добуштан колдоого алынды.