2021-жылдын 8-апрелиндеги КБШК кезектеги сессиясы

2021-жылдын 8-апрелиндеги КБШК кезектеги сессиясы

2021-жылдын 8-апрелинде Кара-Балта шаардык кеңешинин кезектеги сессиясы болуп өттү. Байсариев Арсен Русланович сессияга төрагалык кылып ачып берди. Шайланган 31 депутаттын ичинен 16 депутат сессияга катышты. Кеңештин төрагасы сессиянын жүрүшүндө эки жаңы депутатты тааныштырды. Алар «Мекеним Кыргызстан» партиясында А.А.Алыев, Т.Н.Айткулуевдин ордуна кезектеги тизме боюнча келген Т.А.Джапсаров жана Т.Д.Джумагулов  депутаттык иш милдеттерине киришишти.   Сессиянын күн тартибинде төмөндөгү маселелер каралды.

  1. Туруктуу депутаттык комиссиялардын курамынын санын өзгөртүү жана төрагаларын бекитүү жөнүндө/ бир добуштан кабыл алынды;

2.      Ижара мөөнөтүн узартуу жөнүндө (“COVID-19” пандемиясына байланыштуу) / бир добуштан кабыл алынды;3.      Кара-Балта шаарынын 2021-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө/ бир добуштан кабыл алынды;4.      2020-жылдын социалдык экономикалык өнүгүүнүн жыйынтык маалыматы, 2021-жылга карата социалдык экономикалык өнүгүүнүн болжолу жана 2021-жылга СЭӨПнын ишке ашыруу планы жөнүндө / бир добуштан кабыл алынды

  1. Кара-Балта ш. мэриясынын жана Кара-Балта шаардык кенешинин кызматтык автоунааларын кайтарып берүү жөнүндө / бир добуштан кабыл алынды;
  2. Кара-Балта шаарынын медициналык ЖОЖ, ООЖдун студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө/ бир добуштан кабыл алынды;

7.      ҮДББнун имаратын капиталдык оңдоосуна байланыштуу жана учурдагы кырдаал жөнүндө /бир добуштан кабыл алынды;8.      “КККП” ААКнун шаар аймагындагы КТК чыгаруу боюнча кызматын бекитүү жөнүндө/ Кара-Балта шаарынын мэриясына толуктоо үчүн кайтарылды;

  1. КБШК 2021-жылга иш планын бекитүү/ бир добуштан колдоого алынды;
  2. Кара-Балта шаарынын түштүк өнөр жай зонасында жайгашкан аянты 45000 м², жер тилкеси Кара-Балта шаардык мэриясынын муниципалдык менчигине алуусу жана ушул жер тилкесинде КТТ полигонуна жол уюштурулуусу жөнүндө/ бир добуштан колдоого алынды;

11. Салыктык эмес жыйым үчүн чендерди коюу жөнүдө / бир добуштан кабыл алынган;

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы “Манас” СТ фитнес залынын прейскурантын бекитүү жөнүндө/ бир добуштан колдоого алынды;
  2. Т.Кожомбердиев көчөсүндө эки тараптуу автомобилдик кыймылынын ачылышы жөнүндө/ бир добуштан колдоого алынды;
  3. Кара-Балта шаарынын көрктөндүрүү эрежелерине өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө/ бир добуштан колдоого алынды;
  4. Кара-Балта шаарынын Уставын жөнгө келтирүү жөнүндө/ бир добуштан колдоого алынды;
  5. 2021-2026-жылдарга жаш өспүрүмдөр футболун өнүктүрүү концепциясын бекитүү жөнүндө/ бир добуштан колдоого алынды;
  6. Жайыл ройонунун ЖДПБнун кампа базасы ээси жок жаныбарларга питомник куруу үчүн “Универсал” МИна база уюштурулуусу жөнүндө/ бир добуштан колдоого алынды.