КБШК бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму

КБШК бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму

2021-жылдын 8-февралында Кара-Балта шаардык кеңешинин бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отуруму болуп, анда төмөнкү маселе каралды:
– Мурунку “Дельфин” бала бакчасын капиталдык ремонттон өткөрүү, № 9 орто мектептин аймагын тосуу жана спорт аянтчасын куруу үчүн “Чүй облусунун өнүктүрүү фондунан” Кара-Балта шаарынын мэриясына инвестиция тартуу боюнча кайрылуусу;
Туруктуу депутаттык комиссиянын отурумунун жыйынтыгы боюнча: жогорудагы кайрылуу боюнча чечим кабыл алынды, ошондой эле Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясын демилгелөө сунушталды.