2020-жылдын 17-декабрында Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп өттү.

2020-жылдын 17-декабрында Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп өттү.

2020-жылдын 17-декабрында Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы болуп өттү. Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы Аалыев Алмаз Аалыевич кезексиз сессияга төрагалык кылып ачып берди. Шайланган 31 депутаттын ичинен 30 депутат кезексиз сессияга катышышты. Сессиянын күн тартибинде 4 маселе бекитилди.1.      2020-жылдын Кара-Балта шаарынын бюджеттин бекитүү жөнүндө маселени кароо жана 2021-2022 жылдарга Кара-Балта шаарынын бюджетинин болжолу каралып бир добуштан колдоого алынды.2.      Кара-Балта шаарынын мэриясынын  “Манас” СТ мүдүрүн дайындоого макулдук берүү жөнүндө каралып бир добуштан колдоого алынды.3.      Кара-Балта шаарына салымын кошкон жарандарга Кара-Балта шаарынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу сунушун депутаттар киргизип, көпчүлүк тарабынан колдоого алынды.4.      Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы Аалыев Алмаз мөөнөтүнөн мурда  кызматтан кетүү арызы каралып бир добуштан колдоого алынды.Күн тарбинде бекитилген маселердин баардыгы каралган соң, кайрадан Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо болду. Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы кызмат ордуна  учурдагы 2 депутаттын талапкерлигин партиялар көрсөттү.1.       Байсариев Арсен Русланович “КСДП” партиясынан:2.       Рыскулбек уулу Нурмат  “Мекеним Кыргызстан” партиясынан талапкерлигин койду.Добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Байсариев Арсен Русланович Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы болуп шайланды.Ошондой эле “Мекеним Кыргызстан” партиясында өзгөрүүлөр болуп Д.Б.Шакирбаевдин ордуна тизмедеги кийинки депутат С.Т.Закиров өз ишин баштады.