22 ноябрь 2019 ж. №4 Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 05 декабрндагы №5 “ББФМКШБ “Билим берүү” бөлүктөн “Коммуналдык кызмат” 2231 статьясынан “Мамлекеттик кызмат” бөлүгүнө “Соттун чечимдерин аткаруу” 2823 статьясына жалпы суммасы 1100,0 миң сом кредиттерин жылдыруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

22 ноябрь 2019 ж. №4 Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 05 декабрндагы №5 “ББФМКШБ “Билим берүү” бөлүктөн “Коммуналдык кызмат” 2231 статьясынан “Мамлекеттик кызмат” бөлүгүнө “Соттун чечимдерин аткаруу” 2823 статьясына жалпы суммасы 1100,0 миң сом кредиттерин жылдыруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

ТОКТОМ
ПОСТАНОВЛЕНИЕ

Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 05 декабрндагы №5 “ББФМКШБ “Билим берүү” бөлүктөн “Коммуналдык кызмат” 2231 статьясынан “Мамлекеттик кызмат” бөлүгүнө “Соттун чечимдерин аткаруу” 2823 статьясына жалпы суммасы 1100,0 миң сом кредиттерин жылдыруу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 28, 31, 38 беренелерине ылайык, «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36 беренесин аткаруу максатында, Мамлекеттик кадр кызматынын 2019-жылдын 30 сентябрындагы №07-4/902 «Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратында муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдардын сакталышынын мониторинг жүргүзүүнүн жыйынтыгы жөнүндө» маалым катта көрсөтүлгөн сунушуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. “ББФМКШБ “Билим берүү” бөлүктөн “Коммуналдык кызмат” 2231 статьясынан “Мамлекеттик кызмат” бөлүгүнө “Соттун чечимдерин аткаруу” 2823 статьясына жалпы суммасы 1100,0 миң сом кредиттерин жылдыруу жөнүндө” Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018-жылдын 05 декабрндагы №5 Токтомуна төмөнкү өзгөртүүлөр киргизилсин:
1 пункту төмөнкүдөй маанидеги 1.1 пунктчасы менен толукталсын:
«Кара-Балта шаарынын мэриясы “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 36 беренесине ылайык чараларды көрсүн.
2. Ушул токтомду аткаруу ишин уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча Кара-Балта шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара – Балта шаар вице-мэри Э. Орозбаковго жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДК, Кара-Балта шаарынын мэриясына.
Төрага А. Аалыев