Токтом №8 05.12.2018 ж

Токтом №8 05.12.2018 ж

“Кара – Балта шаарынын 2017 – жылынын бюджетинин аткарылышы, шаардын 2018 – жылынын бюджети жана Кара-Балта шаарынын 2019-2020 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө” Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018 жылдын 04 апрель №3 токтомуна өзгөртүүлөр киргизүү тууралуу

Кара-Балта шаарынын мэриясынын уюмдар алдында болгон карыздардынын пайда болгон жагдайлары айкындалгандыгына байланыштуу, мамлекеттик сатып алуу жол-жоболорусуз ишке ашырылган иштерди кабыл алуу жана төлөө, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө” мыйзамынын ченемдерин одоно бузуу болуп саналгандыгына байланыштуу, “Кара – Балта шаарынын 2017 – жылынын бюджетинин аткарылышы, шаардын 2018 – жылынын бюджети жана Кара-Балта шаарынын 2019-2020 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө” Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018 жылдын 04 апрель №3 Кара-Балта шаардык кеңешини токтомун Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына келтирүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. “Кара – Балта шаарынын 2017 – жылынын бюджетинин аткарылышы, шаардын 2018 – жылынын бюджети жана Кара-Балта шаарынын 2019-2020 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө” Кара-Балта шаардык кеңешинин 2018 жылдын 04 апрель №3 токтомуна төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин:
8 пункт төмөнкү редакцияда берилсин:
“Кара-Балта шаарынын мэриясы №8 орто мектебине жылуулук түтүмүн оңдоосуна 1500,0 миң сом жана күрөш залынын санитардык түйүнүн оңдоосуна 700,0 миң сом өлчөмүндө акча каражаттары 2017 – жылдын сатуу салыгынан кулап калган киреше компенсациядан мүмкүнчүлүгү изделсин жана башка булактардан кошумча каражатарын тарттуу чаралары көрүнүлсүн”.
2. Ушул токтомду аткаруу ишин бюджет, муниципалдык менчиктештирүү, каржы жана экономика боюнча туруктуу комиссияга, уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча Кара-Балта шаардык кеңешинин туруктуу депутаттык комиссиясына жана вице-мэр Э.К. Орозбаковго, ФЭО жетекчиси М.О. Алымходжаевге жүктөлсүн.
Төрага А.Аалыев