29 март 2019 ж. Токтом № 3 Кара-Балта шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын аткарылышынын жыйынтыктары, Кара-Балта шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасы, Кара-Балта шаарын өнүктүрүү боюнча 2019-2023-жылдарга карата Программасын ишке ашыруу иш аракеттердин Планы жөнүндө

29 март 2019 ж. Токтом № 3 Кара-Балта шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын аткарылышынын жыйынтыктары, Кара-Балта шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасы, Кара-Балта шаарын өнүктүрүү боюнча 2019-2023-жылдарга карата Программасын ишке ашыруу иш аракеттердин Планы жөнүндө

ТОКТОМ  № 3 

29 март 2019 ж.

 

Кара-Балта шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын аткарылышынын жыйынтыктары, Кара-Балта шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасы, Кара-Балта шаарын өнүктүрүү боюнча 2019-2023-жылдарга карата Программасын ишке ашыруу иш аракеттердин Планы жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине ылайык, жана ошондой эле “Кара-Балта шаарынын мэриясынын финансылык-экономикалык бөлүмүнүн жетекчиси

М.О. Алымходжаевдин “ Кара-Балта шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын аткарылышынын жыйынтыктары, Кара-Балта шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасы, Кара-Балта шаарын өнүктүрүү боюнча 2019-2023-жылдарга карата Программасын ишке ашыруу иш аракеттердин Планы жөнүндө” отчетун угуп, Кара-Балта шаардык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Бекитилсин:
  • Кара-Балта шаарынын 2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү Программасынын аткарылышы;
  • Кара-Балта шаарынын 2019-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү Программасы;
  • Кара-Балта шаарын өнүктүрүү боюнча 2019-2023-жылдарга карата өнүгүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттердин Планы, №1, №2, № 3 Тиркемелерге ылайык.
  1. Кара-Балта шаарынын мэриясынын финансылык-экономикалык бөлүмүнүн Кара-Балта шаарынын 2018-жылга карата социалдык-экономикалык  өнүгүү Программасын аткаруу боюнча ишин жетизсиз деп табуу.
  2. Кара-Балта шаарынын мэриясынын финансылык-экономикалык бөлүмү, Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарынын сунуштары менен сын эскертүүлөрүн эске алсын.
  3. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара – Балта шаарынын мэриясына жүктөлөт.

 

Кеңештин төргасы                                                                                    А.А. Аалыев