29 март 2019 ж. Токтом № 4 Кара – Балта шаарынын 2018 – жылынын бюджетинин аткарылышы, шаардын 2019 – жылынын бюджети жана Кара-Балта шаарынын 2020-2021 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө

29 март 2019 ж. Токтом № 4 Кара – Балта шаарынын 2018 – жылынын бюджетинин аткарылышы, шаардын 2019 – жылынын бюджети жана Кара-Балта шаарынын 2020-2021 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө

ТОКТОМ № 4

29 март 2019 ж.

 

Кара – Балта шаарынын 2018 – жылынын

бюджетинин аткарылышы, шаардын 2019 – жылынын

бюджети жана Кара-Балта шаарынын 2020-2021 – ж.ж.

бюджетинин болжолу жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын 2019-жылга республикалык бюджети жана 2020-2021-жж. болжолу жөнүндө”, “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык жана  Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин негизинде, “Кара – Балта шаарынын 2018 – жылдын бюджетинин аткарылышы жөнүндө, 2019 – жылынын бюджетинин долбоору жөнүндө, 2020-2021 – ж.ж. бюджетинин болжолу жөнүндө иш кагаздарды карап чыгып, Кара – Балта шаарынын шаардык кеңеши:

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. №1,1а тиркемеге ылайык 2018 – жылына карата Кара – Балта шаарынын бюджетинин аткарылышы бекитилсин.

 

  1. Кара – Балта шаарынын мэриясы тарабынан көрсөтүлгөн 2019 – жылынын бюджетинин киреше бөлүгүн жана чыгаша бөлүгүн – 217831,0 миң сом өлчөмүндө, 01.01.2019 – жылга калган эркин калдык – 826,7 миң сом өлчөмүндөгү көрсөткүчтөрү бекитилсин.

 

  1. Кара – Балта шаарынын киреше бөлүгү № 2 тиркемеге ылайык, келип түшкөн киреше булактарынын түзүүлөрүн тактоо жана № 3 тиркемеге ылайык Кара – Балта шаарынын 2020-2021 – ж.ж болжолу проекти колдонулсун.

 

  1. Кара – Балта шаарынын мэриясы үчүн шаардык бюджетке төмөнкүдөй жөнгө салынган кирешелердин жана жергиликтүү кирешелеринин чегерүү нормативдери бекитилсин:
  • сатуудан салык             – 50 %;
  • салык агенти төлөгөн киреше салыгы    –  70 %;
  • кеңдерди пайдалануудан салык    – 50%
  • милдеттүү патенттөө негизиндеги салык     – 100 %.
  • ыктыярдуу негизиндеги патенттөөдөн салык – 100 %
  • жер казынасын пайдалангандык үчүн салык – 50 %
  • жер казынасын пайдалангандык үчүн  – 7%
  • жергиликтүү маанидеги жактан өнүктүрүү жана колдоо үчүн катышуучунун салымдары – 20%
  • Ал эми 100% бекитилген салыктар, шаардын аймагында жайгашкан иштерин жүргүзүүчү субъекттерден келип түшкөн жыйымдар (унаа токтотуу үчүн жыйым, таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым, короо үчүн салынган жер салыгы, айыл чарба эмес жерлер үчүн салынган жер салыгы, мамлекеттик алым, транспорт каражаттарынын ээлеринен салык, чакан ишкердик субъектилери үчүн бирдиктүү салык, кыймылсыз жана кыймылдуу мүлккө болгон салык ), андан башка шаардын муниципалдык менчиктерин башкаруудан келип түшкөн кирешелер.

 

  1. № 4, № 5 тиркемеге ылайык Кара-Балта шаарынын бюджетинин жана атайын эсеп боюнча бюджетинин 2019 – жылга чыгаша бөлүгү бекитилсин.

 

  1. Кара-Балта шаарынын бюджетинин 2019 – жылына чыгаша бөлүгүн каржылоо накталай келип түшкөн киреше бөлүгүнүн чегинде жүргүзүлүүсү белгиленсин, эң биринчи кезекте корголгон эсеп-чоттор (эмгек акы, стипендия, социалдык фондго төгүмдөр, тамак – аш жана коммуналдык чыгымдар).

 

  1. 2018 – жылы каржыланбай калган чыгымдар 2019 – жылынын карала турган бюджеттин чегинде  компенсацияланышы бекитилсин.

 

  1. Кара-Балта шаарынын бюджетинен бир күнгө тамак – аш нормативи бекитилсин:
  • мектепке чейинки балдар мекемеде – 39 сом;
  • А.С. Макаренко атындагы №10 мектеп – гимназиясына – 105 сом.

 

  1. “Манас” спорт комплекси жана В.И. Ленина атындагы ШМС көрсөтүлгөн тейлөөдөн атайын эсепке түшкөн кирешелерди 60 % жумушчулардын эмгек акыларына колдонулусу, 40 % болсо ушул мекемелерге багытталуусу бекитилсин.

 

  1. № 6 тиркемеге ылайык Кара-Балта шаардык кеңешинин аппаратына, мэриянын жана Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБнин кызматкерлерине 2015-жылдын 27 – апрели № 258 Кыргыз Республикасынын “Оор жумуштар жана зыяндуу, же эмгек шарттары кооптуу жумуштар үчүн кошумча төлөмдү белгилөөнүн тартиби жөнүндө жобону жана Өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштардын типтүү тизмегин (оор жумуштар, зыяндуу, кооптуу жана башка өзгөчө эмгек шарттарындагы жумуштар, өзгөчө климаттык шарттардагы жумуштар) бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Токтомуна ылайык шаардык бюджеттен төлөөлөр бөлүнүп берилсин.

 

  1. 2016-жылдын 27 – апрелинин Кыргыз Республикасынын “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө” Мыйзамынын 6 пунктун 31 беренесинин, 2017-жылдын 01-мартынын № 131 4 пуктчасы 4 пунктунун Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларынын жана муниципалдык кызматчыларынын ишин баалоо жана эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Өкмөтүнүн Токтомуна, дагы 2015-жылдын 10-сентябрынын Кара-Балта шаардык Кеӊешинин  бекитилген Жобосуна ылайык айлык жөлөкпулдары беш миӊ сом өлчөмүндө, ийгиликтүү жана ак ниеттүү иштешине сыйлык  беш айлык акысына чейин өлчөмүндө берилсин.

 

  1. 01.2019 – жылга бюджет боюнча эркин калган акча каражаты баардыгы 826,7 миң. сом, № 7 – тиркемеге ылайык багытталсын.

 

  1. 01.2019 – жылга атайын эсеп боюнча эркин калган 161,8 миң. сом, № 8 – тиркемеге ылайык колдонулсун.

 

  1. Шаардын мэринин резервдик фонду 1557,5 миң. сом өлчөмүндө бекитилсин жана 10.09.2015-жылдын № 4 Кара-Балта шаарынын Токтому менен бекитилген “Кара-Балта шаар мэринин резервдик фонд боюнча жобосу менен жыл ичинде акча каражаты бөлүп берүүгө шаар мэрине уруксат берилсин.

 

  1. № 9 тиркемеге ылайык, шаардын жакшыланышына жана инфратүзүлүш, капиталдык ондоо иштеринин өлчөмүн жана аткарыла турган иштердин тизмеси бекитилсин.

 

  1. “Универсал” муниципалдык ишканасынын штаттык тизмеси, № 10 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. “Универсал” муниципалдык ишканасынын сметасы, № 11 тиркемеге ылайык бекитилсин.

 

  1. “Универсал” муниципалдык ишканасы социалдык фондун жана салык кызматынын алдындагы мурунку жылкы карыздарын жою иш аракеттерин жүргүзсүн.

 

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясы Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнөн 4 штаттык бирдигин кыскартсын.

 

  1. 2019 – жылдын 15 – апрелинен баштап аккомпаниатор бир штаттык бирдиги

В. И. Ленин атындагы шаардык маданият сарайына кошулсун.

 

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБ “Универсал” муниципалдык ишканасына, билим берүү финансы материалдык камсыздоо боюнча шаардык бөлүмүнө жана мэриянын түзүмдүк бөлүмдөрүнө товарларды сатып алууну, иштерди аткарууну, капиталдык оңдоодо жана тейлөөнү, андан тышкары менчике сатып аларда жана тамак-аш азыктарында “Мамлекеттик сатып алуу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талабына ылайык уюштурулуп аткарылсын.

 

  1. Түзүмдүк бөлүмдөрдүн штаттык саны: Билим берүү финансы материалдык камсыдоо боюнча шаардык бөлүмү-мектепке чейинки мекеме – 21 штаттык бирдик, “Кара-Балта” муниципалдык футбол клубу 53 штаттык бирдик жана “Манас” спорт комплекси 64 штаттык бирдик  көлөмүндө макул табылсын, ошондой эле кварталдардын төрагаларына коомдук иштерине кошумча төлөөгө бир айга 1500 сом өлчөмүндө кабыл алынсын.

 

  1. Кара-Балта муницпалдык футбол командасынын футбол оюнчуларына стипендиясы орнотулсун:

I   категориясы – 10000 сом;

II категориясы – 8000 сом;

III категориясы – 6000 сом;

IV категориясы – 2000 сом.

 

  1. Бюджеттик мекемелердин жетекчилерине 5 күндүк мөөнөттүн ичинде бюджет жана атайын эсеп боюнча чыгымдардын сметасын түзүү, бөлүнгөн каражаттарды багыттуу жана натыйжалуу колдонууну камсыз кылынсын.

 

  1. Токтомду аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жана Кара – Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                             А.А.Аалыев