19 сентябрь 2018ж. Токтом № 5 Туруктуу депутаттык комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

19 сентябрь 2018ж. Токтом № 5 Туруктуу депутаттык комиссиянын курамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 32-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентинин 4.2 бөлүмүнө ылайык, ошондой эле шаардык кеңештин депутаттарынын арыздарынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Курамдан төмөнкүлөр чыгарылсын:
  • Билим берүү, жаштар, маданият жана спорт иштери жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “СДПК” фракциясынын депутаты Рыскулбек уулу Нурмат чыгарылып, уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин;
  • уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “СДПК” фракциясынын депутаты М.Т. Сагымбаев чыгарылып, билим берүү, жаштар, маданият жана спорт иштери жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин;
  • уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын депутаты С.К. Сыйданов чыгарылып, бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин;
  • бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “Мекеним Кыргызстан” фракцияснын депутаты У.Б.Алымкулов чыгарылып, саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин;
  • саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселер жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамынан “Мекеним Кыргызстан” фракциясынын депутаты А.Р. Боромбаев чыгарылып, уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын курамына киргизилсин.
  1. Токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.

 

Төрага                                                                         А.А. Аалыев