09 август 2018ж. Токтом № 7 Жайыл баатыр атындагы парктын (төмөнкү парк) аймагындагы жер участоктун зонасын которуу жөнүндө

09 август 2018ж. Токтом № 7 Жайыл баатыр атындагы парктын (төмөнкү парк) аймагындагы жер участоктун зонасын которуу жөнүндө

Өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутатык комиссиясы төрагасынын орун басары Б.С. Раманкуловдун «Жайыл баатыр атындагы парктын (төмөнкү парк) аймагындагы жер участоктун зонасын спорт комплекс курууга зонасын өзгөртүү жөнүндөгү маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Өндүрүш, курулуш, транспорт жана кичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутатык комиссиясы төрагасынын орун басары Б.С. Раманкуловдун «Жайыл баатыр атындагы парктын (төмөнкү парк) аймагындагы жер участоктун зонасын спорт комплекс курууга зонасын өзгөртүү жөнүндөгү маалыматы эске алынсын.
  2. Маселени Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнө иштеп бүтүрүү үчүн, төмөнкү талаптарды аткарууга жөнөтүлсүн:
  • төмөнкү парктын аймагында спорт имарын куруу үчүн тиешелүү участоктун аянтын аныктоого;
  • аткарылгандан кийин материалдар Кара-Балта шаардык кеңешине тапшырылсын.
  1. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү өндүрүш, курулуш, транспорт жанакичи, орто бизнес, ишкердик жана инвестиция боюнча туруктуу депутатык комиссиясы жанаКара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                         А.А. Аалыев