09 август 2018ж. Токтом №5 Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоо Эрежелерин бекитүү жөнүндө

09 август 2018ж. Токтом №5 Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоо Эрежелерин бекитүү жөнүндө

Уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Г.А.Сарсембаевдин, ЖРВФКБнин жетекчисинин орун басары

У.Т. Керимбаевдин «Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоо Эрежелери менен нормалары жөнүндөгү маселелерди кароо зарылдыгы жөнүндө» маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Г.А.Сарсембаевдин, ЖРВФКБнин жетекчисинин орун басары

У.Т. Керимбаевдин «Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоо Эрежелери менен нормалары жөнүндөгү маселелерди кароо зарылдыгы жөнүндө», маалыматынэске алынсын.

  1. Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармоо Эрежелери №1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2010-жылдын 17-сентябрындагы №4 “Кара-Балта шаарында үй жаныбарларын жана канаттууларды кармооЭрежелерин бекитүү жөнүндө” токтому өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
  3. Токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
  4. Токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
  5. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселер жана инвестиция боюнча туруктуу депаттык комиссияга жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                     А.А.Аалыев