09август 2018ж. Токтом № 1 «Манас» спорт комплекстин аймагынан коммерциялык максаттагы объектилердин курулушу үчүн жер участкаларын бөлүп берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө

09август 2018ж. Токтом № 1 «Манас» спорт комплекстин аймагынан коммерциялык максаттагы объектилердин курулушу үчүн жер участкаларын бөлүп берүүгө мораторий жарыялоо жөнүндө

Спорт комплекстин аймагында жайгашкан Кара-Балта шаарынынын муниципалдык менчик жеринин эсебинен юридикалык тараптарга жана жеке адамдарга убактылуу берүүнү тартипке келтирүү максатында Кара-Балта шаардык кеңеши

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Уюштуруу укук маселерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы Г.А. Сарсембаевдин, билим, жаштар боюнча, маданият, спорт жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы А.Р. Байсариевдин «Манас» спорт комплекстин аймагынан коммерциялык максаттагы объектилерди куруу чүн жер участкаларын бөлүп берүүгө тыюу салуу киргизүү» жөнүндөгү маалымат эске алынсын.
  2. «Манас» спорт комплексинин аймагында төмөнкүлөргө мораторий киргизилсин:
  • спорттук максаттагы муниципалдык объектилерден башка, коммерциялык объектилердин курулушуна жер участкасын берүүгө.
  1. Токтом Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына ченемдик укуктук актылардын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, билим, жаштар боюнча, маданият, спорт жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                   А.А.Аалыев