04 апрель 2018 ж. Токтом № 1 Акча каражаттарды издеп табуу жөнүндө

04 апрель 2018 ж. Токтом № 1 Акча каражаттарды издеп табуу жөнүндө

Ар бир баланын тарбия алууга укугун жана жеткиликтүү билим алуусун ишке ашыруу жана ошондой эле “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы максатында, Кара-Балта шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаарынын Киргизияга 40 жыл көчөсүндө жайгашкан мурунку “Дельфин” комбинат-бала бакчасынын имаратын оңдоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде акча каражаты издеп табылсын жана акча каражат булактарынан кошумча каражаттарды издөө боюнча иш-чаралар Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлсүн.
  2. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                  А. Аалыев