7 март 2018 ж. Токтом № 10 Кара-Балта шаарынын коллектордук-дренаждык тармак жөнүндө  

7 март 2018 ж. Токтом № 10 Кара-Балта шаарынын коллектордук-дренаждык тармак жөнүндө  

Кара-Балта шаарынын төмөнкү бөлүгүнүн тургундарынын арыздарынын, 2018-жылынын 5-мартындагы бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселер жана инвестиция боюнча, билим, жаштар боюнча, маданият, спорт жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиялардын биргелешкен отурумунун чечиминин негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеш

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. 2018-жылынын 5-мартындагы бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестиция боюнча, билим, жаштар боюнча, маданият, спорт жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиялардын биргелешкен отурумунун чечими эске алынсын.
  2. Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмү жер астындагы суулардын деңгээлин төмөндөтүү боюнча иш-чараларды жүргүзсүн.
  3. «Өзгөчө кырдаал» 2221 статьядан акча каражат бөлүнүп берилсин жана факты боюнча аткарылган иштерге төлөнсүн.
  4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча, саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестиция боюнча туруктуу комиссияларына жана Кара-Балта шаарынын мэриясына жүктөлсүн.

 

Төрага                                                                                               А. Аалыев