№ 1. Акча каражаттарды издеп табуу жөнүндө

№ 1. Акча каражаттарды издеп табуу жөнүндө

Кара-Балта шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 Ар бир баланын тарбия алууга укугун жана жеткиликтүү билим алуусун ишке ашыруу жана ошондой эле “Мектепке чейинки билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын аткарылышы максатында, Кара-Балта шаардык кеңеш

 ТОКТОМ КЫЛАТ :

 1. Кара-Балта шаарынын Киргизияга 40 жыл көчөсүндө жайгашкан мурунку “Дельфин” комбинат-бала бакчасынын имаратын оңдоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын чегинде акча каражаты издеп табылсын жана акча каражат булактарынан кошумча каражаттарды издөө боюнча иш-чаралар Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан жүргүзүлсүн.

2. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык, менчик, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кара-Балта шаардык кеңештин

төрагасы                                                                                                  А.А. Аалыев

 

04 апрель 2018 жыл