№ 7. «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

№ 7. «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобого өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө

Кара-Балта шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

«Элдик – Народная» азчылык фракциясынын депутаттарынын сунушунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеш

 ТОКТОМ КЫЛАТ :

 «Элдик – Народная» азчылык фракциясынын депутаттарынын «Кара Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобонун 2.3 п. өзгөртүү киргизүү жөнүндө сунушу эске алынсын.

  1. 05.2014ж. №2 Токтому менен бекитилген «Кара-Балта шаарынын ардактуу жараны» наамын ыйгаруу боюнча Жобо уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясында каралсын.
  2. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 Кара-Балта шаардык кеңештин

төрагасы                                                                                                  А.А. Аалыев

 

19 февраль 2018 жыл