№ 4 «Кара-Балта шаарында квартал төрагасынын ишмердүүлүгү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө

№ 4 «Кара-Балта шаарында квартал төрагасынын ишмердүүлүгү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө

№ 4 «Кара-Балта шаарында квартал төрагасынын ишмердүүлүгү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө

Кара-Балта шаардык кеңештин

ТОКТОМУ

 ««Кара-Балта шаарында квартал төрагасынын ишмердүүлүгү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө»

 

Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамына ылайык, аймактык коомдук өз алдынча башкарууну мындан ары өнүктүрүү жана жакшыртуу максатында, Кара-Балта шаардык кеңеши,

 ТОКТОМ КЫЛАТ

  1. Уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын төрагасы – Г.А.Сарсембаевдин “Кара-Балта шаарында квартал төрагасынын ишмердүүлүгү жөнүндө» Жобону бекитүү жөнүндө” маалыматы эске алынсын.
  2. «Кара-Балта шаарында квартал төрагасынын ишмердүүлүгү жөнүндө» Жобо, № 1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Ушул токтом массалык маалымат каражаттарында жарыялансын.
  4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылар реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  5. Токтомдун аткарылыш көзөмөлү уюштуруу-укук маселелер, коомдук уюмдар менен иштөө жана депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссияга жүктөлсүн.

 

  

Кара-Балта шаардык кеңештин

төрагасы                                                                                                    А.А. Аалыев

 

09 август 2018-жыл

Кара-Балта шаардык кеңешинин
2018 жылдын 09 августу №4

Токтомуна №1-тиркеме

 

 «Кара-Балта шаарында квартал төрагасынын ишмердүүлүгү жөнүндө» Жобо

  1. Жалпы жоболор

Бул Жобо Кара-Балта шаарындагы квартал төрагасынын ишмердүүлүгүн Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндөгү мыйзамына ылайык тескейт.

  1. Кара-Балта шаарында квартал төрагасы аймактык коомдук өзүн өзү башкаруу формасы болуп саналат, анын ишмердүүлүгү жергиликтүү маанидеги маселелерди өз алдынча чечүүгө жана жеке жоопкерчилиги астында жеке демилгелерин ишке ашырууга багытталган.
  2. Квартал төрагасы өз ишмердүүлүгүн конуштарда жана жеке турак-жай райондорунда жүргүзөт.
  3. Квартал Төрагасынын ишмердүүлүгүнун чек арасы Кара-Балта шаарынын мериясы тарабынан бекитилет.
  4. Квартал Төрагасы жарандардын жалпы жыйынында тандоо жолу менен шайланат.
  5. Квартал төрагасы өзүнүн статусуна милдеттүү түрдө Кара-Балта шаарынын мэриясында учеттук каттоодон өткөндөн кийин гана ээ болот. Квартал төрагасы аны шайлоо чечими кабыл алынгандан кийин 10 күндүн ичинде каттоого документтерин өткөрөт.Квартал төрагасы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте юридикалык тарап катары статус алууга укуктуу жана келишимдик негизде жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ага берген функцияларды жана полномочияларды аткара алат.
  6. Квартал төрагасы өз кварталынын аймагында катталган жана жашаган жарандардын жалпы чогулушу алдында отчет берет.
  7. Квартал деген түшүнүк бул Жободо – калк жашаган аймактын коңшу көчөлөр менен чектелген бир бөлүгү дегенди түшүндүрөт.
  8. Квартал Төрагасын шайлоону уюштуруу жана өткөрүү
  9. Квартал төрагасын шайлоо ошол кварталдын аймагында катталган жана жашаган жарандардын жалпы чогулушунда жүргүзүлөт.
  10. Жалпы чогулушту ошол аймактын жашоочулары Кара-Балта шаарынын мэриясы менен биргеликте уюштурат жана өткөрөт.

Шайлоо өткөрүү күнү жана орду Кара-Балта шаарынын мэриясы менен макулдашылат.

  1. Жалпы чогулуштун ишине төмөнкүлөр катыша алат:

а)   жергиликтүү коомчулуктун жашы 18ге жеткен, тиешелүү аймакта катталган мүчөсү;

б)  Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары, Кара-Балта шаарынын мэриясынын, структуралык бөлүмдөрүнүн өкүлдөрү жана Жайыл райондук мамлекеттик администрациясынын өкүлдөрү, алар добуш эмес, сунуш-кеңеш-пикир билдирүү укугуна ээ;

  1. Квартал төрагасын шайлоо квартал аймагынын алкагында катталган жана жашаган жашоочулардын жалпы чогулушунда өткөрүлүп, тиешелүү тартипте документалдык жактан толтурулат
  2. Жалпы чогулуш кварталдагы үйлөрдүн өкүлдөрүнүн кеминде 20 пайызы катышканда гана жарактуу деп эсептелет;

Шайланды деп жалпы чогулушка катышкандардын көпчүлүк добушуна ээ болгон талапкер эсептелет.

Квартал төрагасы 2 жылдык мөөнөт менен шайланат.

  1. Коомдук башталыштаквартал төрагасынынын жардамчылары, төрага шайлангандай эле шартта шайланышы мүмкүн.
  2. Квартал төрагасы Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек, акыл-эси толук, жергиликтүү каттоосу бар, ошол кварталда туруктуу жашаган же ал кварталда беш жылдан кем эмес жашаган, курагы 18 жаштан кем эмес, орто билимден төмөн эмес билимге ээ, соттолбогон же соттолгону Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында бекитилген тартипте жоюлган болушу керек.
  3. Жаңы кварталдарды түзүү үчүн жергиликтүү коомчулук мүчөлөрүнүн чогулушу Эрежелердин 8-пунктуна ылайык чакыртылат.
  4. Жаңы кварталдарды түзүү боюнча жергиликтүү коомчулук мүчөлөрүнүн чогулушун уюштуруу жана өткөрүү жана ошондой эле шайланчу адамдарды тандоо ачык жана көпчүлүктүн катышуусунда жүргүзүлөт.

III. Квартал төрагасынын милдеттери жана ыйгарым укуктары

  1. Квартал төрагасы төмөнкү ыйгарым укуктарга ээ:

а)   коомдук кызыкчылыктарды, жеке укуктарын, өз аймагында жашаган жарандардын мыйзамдуу кызыкчылыктарын мамлекеттик бийлик органдарында, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарында, соттордо жана башка мамлекеттик жана мамлекеттик эмес уюмдарда шайлануу протоколунун негизинде билдирүүгө жана коргоого;

б)  тиешелүү аймактын өнүгүү программаларын жана пландарын иштеп чыгууга катышууга, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына жана кызмат адамдарынын кароосуна сунуштарды киргизүүгө;

в)   социалдык объектилерди кабыл алуу иштерине катышууга;

г)   кварталга бекитилген аймакта санитардык тазалоо, ремонт, көрктөндүрүү ишетрин уюштурууга;

д)  Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын чечимдеринин аткарылышына көмөк көрсөтүү;

е)   жергиликтүү коомчулук мүчөлөрүнүн чогулушунун чечимдеринин аткарылышын уюштуруу;

ж)  курулуш эрежелеринин сакталышына, турак-жайларды пайдалануу, турак-жай жана алардын айланасындагы жерлердин талапка ылайык абалда кармалышына, өрт коопсуздугу жана санитардык нормалардын сакталышына, жер, суу жана башка табигый ресурстардын туура пайдаланылышына, тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоого коомдук көзөмөл жүргүзүүгө, аныкталган кемчиликтерди жоюу боюнча тиешелүү органдарга сунуш киргизүүгө;

з)   кварталга бекитилген аймактагы тиешелүү органдарга санитардык, эпидемологиялык, экологиялык, өрт коопсуздугу жана көзөмөл жүргүзүү боюнча чараларды көрүүгө көмөк көрсөтүү;

и)  укук коргоо органдарына коомдук тартипти сактоого көмөк көрсөтүү;

к) коомдук жашоонун ар кандай маселелери боюнча демилгелерди көтөрүүгө, мамлекеттик жана жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарына сунуштарды киргизүүгө;

л) Кыргыз Республикасынын укуктук нормативдик актылары туурасында калкка маалымдоо, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын чечимдери туурасында кабарлоо жана аларды аткарууну уюштуруу;

м) Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу жөнүндө мыйзамдарында бекитилген башка ыйгарым укуктар,

н) Кара-Балта шаарынын мэриясынын, Кара-Балта шаардык кеңешинин тапшырмаларын аткаруу.

  1. Келишимдин негизинде Кара-Балта шаарынын жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ага тапшырган ыйгарым укуктарын жана милдеттерин аткарат.
  2. Кварталдын тиешелүү аймагынын калкынын кызыкчылыктарына байланыштуу маселелерди чечүүдө өзүнүн ыйгарым укуктарынан ашыкча пайдаланган учурларда, квартал Төрагасына Кара-Балта шаарынын мэриясы тарабынан кат түрүндө эскертүү берилиши мүмкүн же кайра шайлоо маселеси көтөрүлүшү мүмкүн.
  3. Квартал төрагасын мөөнөтүнөн мурда шайлоо
  4. Квартал төрагасын мөөнөтүнөн мурда шайлоотөмөнкү учурларда өткөрүлөт:

а)   Квартал төрагасыыйгарымукуктарынан баш тартыпөзүарызжазганда;

б)  Кара-Балта шаардык кеңеши, Кара-Балта шаардык мэриясы,ал аймакта жашагандардын 20%дан кем эмесин түзгөн жашоочулардын демилгечи тобунун сунушу менен.

  1. Квартал төрагасы төмөнкү учурларда кайра шайланышы мүмкүн:

а)   өз милдеттерин талапка ылайык аткарбаган учурда;

б)  Кара-Балта шаардык кеңеши, Кара-Балта шаардык мэриясы, ага добуш берген кварталдын аймагынын жашоочуларынын жалпы санынын 20%нан кем эмес бөлүгү  ишеним көрсөтпөгөндө;

в)   жеке арызы же ден соолугуна байланыштуу.

  1. Кайра шайлоодо кварталтөрагасы бул Жобонун нормаларына ылайык шайланат.
  2. Жыйынтыктоочу бөлүм
  3. Жарандардын жалпы чогулушунун, уюштуруу жыйындарынын протоколдорунун көчүрмөлөрү Кара-Балта шаардык мэриясына каттоого берилет.
  4. Бул Жобого өзгөртүүлөр жана кошумчалар Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарынын, Кара-Балта шаардык мэриясынын сунуштарынын негизинде киргизилет жана Кара-Балта шаардык кеңеши бекиткенден кийин күчүнө кирет.