Кара-Балта шаардык кеңешинин
ТОКТОМУ
“Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынына жана Кара-Балта шаардык кеңешинин Регламентинин 3 бөлүмүнүн 3.1 п. ылайык, шаардык кеңештин төрагасы тиешелүү кеңештин сессиясында шаардык кеңештин депутаттарынын ичинен жалпы санынын көпчүлүгүнүн жашыруун добуш менен шаардык кеңештин ыйгарым укуктарынын мөөнөтүнө шайланат.
Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2018-жылдын 19-февралынын № 2 протоколунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
- Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын 2018-жылдын 19-февралынын № 2 протоколу бекитилсин.
- Аалыев Алмаз Аалыевич – Кара-Балта шаардык кеңешинин шайланган төрагасы болуп эсептелсин.
Кара-Балта шаардык кеңешинин
төрагасы А.А. Аалыев
19 февраль 2018 год