«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 6, 9, 19-беренелерине, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кара-Балта шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 22-июлундагы № 01-5/1047 катынын негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Т. Кожомбердиева № н/ж жайгашкан Кара-Балта шаарынан жалпы аянты 33948 кв.м жер тилкесин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берилсин.
2.Кара-Балта шаарынын мэриясынын маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгы аталган жер тилкесин кабыл алуу боюнча тиешелүү иш-чараларды жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин карамагындагы Жайыл аймактык жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография мамлекеттик агенттигинин филиалына жер эсебинин документациясына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү тапшырылсын.
- Бул токтом ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара – Балта шаарынын мэри – М. Р. Джекшеновго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев