Токтом № 20 23-май 2024-жыл “Мамлекеттик ипотекалык компанияга муниципалдык турак жай программаларын ишке ашыруу максатында жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө”

Токтом № 20 23-май 2024-жыл “Мамлекеттик ипотекалык компанияга муниципалдык турак жай программаларын ишке ашыруу максатында жер участогун мөөнөтсүз пайдаланууга берүү жөнүндө”

Кыргыз Республикасынын “Менин үйүм 2021-2026” Турак жай программасын ишке ашыруу алкагында турак жай курулушунун көлөмүн көбөйтүүгө, анын өздүк наркын төмөндөтүүгө, турак жайды каржылоонун шарттарын жакшыртууга, ипотекалык кредиттөө жана өз алдынча жашоо шарттарын жакшыртууга жөндөмдүү жарандардын санын көбөйтүүгө багытталган комплекстүү иш-чаралар ишке ашырылууда. “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине жана  «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 39-беренесине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаары, Дзержинский көчөсү, №10 дарегинде жайгашкан аянты 10 113,5 м2 жана Дзержинский көчөсү № 6 дарегинде жайгашкан аянты 7 220 м2 жер участогу «Мамлекеттик ипотекалык компания» ачык акционердик коомуна турак жай куруу үчүн чексиз пайдаланууга берилсин.
  2. Кара-Балта шаарынын мэриясынын алдындагы Маданият, спорт жана муниципалдык менчик башкармалыгы жер тилкелерин «Мамлекеттик ипотекалык компания» ААКына мөөнөтсүз пайдаланууга берүү боюнча тиешелүү чараларды көрсүн.

Кеңештин төрагасынын

орун басары                                                                             А. Р. Сатыбалдиев