Токтом № 19 23-май 2024-жыл “Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”

Токтом № 19 23-май 2024-жыл “Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү жөнүндө”

«Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2023-жылдын 23-декабрындагы № 358 «Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» буйругунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартиби жөнүндө жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жиберилсин.

Кеңештин төрагасынын

орун басары                                                                             А. Р. Сатыбалдиев

Тиркеме

Кара-Балта шаардын кеңешинин

“____” ____________ 2024-жыл

№ _______ токтомуна

 

 

Муниципиалдык менчикти

эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө

Жобо

 

1-бөлүм. Жалпы жоболор

 

  1. Ушул муниципиалдык менчикти эсептен чыгаруу тартиби жөнүндө Жобо (мындан ары-Жобо) “Мүлккө муниципиалдык менчик жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесине ылайык иштелип чыккан, муниципиалдык менчикте турган мүлктөрдү эсептен чыгаруунун тартибин аныктайт.
  2. Ушул Жобо муниципиалдык менчикте турган, ошондой эле чарбалык башкаруу же оперативдүү башкаруу укугунда муниципиалдык ишканаларга бекитилген жана муниципиалдык ишканалар тарабынан-оперативдик башкаруу укугунда же башка юридикалык жана физикалык жактарга колдонууга берилген мүлктүн бардык түрүнө таралат.

Наркы 100 эсептик көрсөткүчтөн аз муниципалдык ишканаларга бекитилип берилген муниципиалдык мүлк ишканалардын бухгалтердик эсепке алуу эрежелерине ылайык өз алдынча эсептен чыгарылууга тийиш.

  1. Бул Жобонун күчү пайдалуу казып алууларга, автордук укуктарга, лицензияларга, патенттерге, франшизаларга, соода маркаларына, гудвилдерге, программалык камсыздоолорго карата жайылтылбайт.
  2. Бул Жободо мүлктү эсептен чыгаруу дегенде иш аракеттердин топтому түшүндүрүлөт, ал максаттуу багыты боюнча колдонуу жана (же) керектөө касиетин толук же жарым-жартылай жоготуунун кесепетинде мүлктү андан ары колдонууга жараксыз деп таанууга, анын ичинде физикалык жана моралдык эскирүү, кыйроо же бузулуунун кесепетинен тескөөдөн, колдонуудан чыккан, ошондой эле анын турган жерин аныктоо мүмкүн эместикке байланыштуу каралат.
  3. Ушул Жобого ылайык кийинки мүлк эсептен чыгарууга жатат:

1) пайдалуу кызматынын мөөнөтү бүткөн мүлк, ошондой эле пайдалуу касиеттерин толук же жарым-жартылай жоготуунун, анын ичинде физикалык же моралдык эскирүүнүн кесепетинен андан ары максаттуу багыты боюнча пайдаланууга жараксыз мүлк;

2) калыбына келтирүү мүмкүн эмес же экономикалык жактан колдонуу максаттуу эмес мүлк;

3)  кыйроо же бузулуунун натыйжасында, анын ичинде менчик ээсинин эркинен тышкары, ошондой эле анын турган жерин аныктоо мүмкүн эместигинин кесепетинен ээликтен, пайдалануудан жана тескөөдөн чыгып кеткен мүлк;

4) кыйраган же авариялык кыймылсыз мүлк, анын ичинде бузулууга тийиш болгон бүтө элек курулуш объектилери.

  1. Муниципалдык мүлктү калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же экономикалык жактан максатка ылайыксыз учурларда, ошондой эле ал белгиленген тартипте жеке же юридикалык жактарга сатылышы мүмкүн болбогон учурларда гана эсептен чыгарылууга тийиш.
  2. Техникалык жактан бекем жана андан ары пайдаланууга жарактуу мүлктүн наркынын 100 пайыз өлчөмүндө чегерилген амортизация, толук эскирүүнүн эсебинен, аны эсептен чыгарууга негиз боло албайт. Мындай мүлктүн иштөө мөөнөтү техникалык уюмдардын же тиешелүү билими бар адистин маалымкатынын негизинде белгиленет. Аталган мүлктүн баланстык наркы өздүк наркы боюнча белгиленет, андан аркы амортизация линиялык ыкма боюнча жүргүзүлөт8. Мыйзамда белгиленген тартипте арестке алынган же мыйзам чегинде бекитилген тартипте өндүрүп алууга коюлган мүлк, ошондой эле күрөөгө коюлган мүлктү эсептен чыгарууга болбойт.
  3. Нормативдик кызматтык мөөнөтү өтө элек, бирок инвентаризациянын жыйынтыгында саны чыкпай калган мүлктөрдү эсептен чыгаруу, жарактан чыккан абалга келтирген жактын эсебинен берилген мүлктүн базар баасындагы көлөмдө төлөмдү жүргүзгөндөн кийин (форс-мажордук кырдаалдарды эсепке албаганда) ишке ашат. Мындан тышкары, мүлктү эсептен чыгарып салуу аны калыбына келтирүү мүмкүн эмес болгон учурда же экономикалык жактан ылайыксыз учурларда гана эсептен чыгарылууга тийиш.
  4. Эсептен чыгаруу жол-жобосу менен байланышкан бардык чыгымдар жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.

 

2-бөлүм. Муниципалдык менчикти эсептен чыгаруунун тартиби

 

  1. Мүлктүн андан ары пайдаланууга жараксыздыгын, аны калыбына келтирүү мүмкүн эместигин же экономикалык натыйжасыздыгын аныктоо, ошондой эле эсептен чыгарууга документтерди тариздөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы тарабынан анын курамында туруктуу иштөөчү жумушчу комиссия (мындан ары – комиссия):

– жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын орун басары (комиссиянын төрагасы);

– муниципиалдык мүлктүн эсеби үчүн жооптуулардан, адистерден;

– зарылдыгына жараша кызматтарды көрсөтүү үчүн жабдуулардын үстүндө сервистик кызматтарды жүргүзүүнү ишке ашыруучу уюмдардын техникалык адистеринен, же тийиштүү техникалык адистерден;

– жергиликтүү кенештин депутаттарынан;

– бул мүлктүн сакталышы үчүн жоопкерчилик жүктөлгөн жактардан түзүлөт.

Комиссиянын курамы 5 адамдан кем болбоого, саны так эмес болууга тийиш.

  1. Комиссияны төрага жетектейт, ал Комиссиянын ишине жалпы жетекчилик кылат, талаш маселелерди талкуулоодо коллегиялуулукту камсыз кылат, милдеттерди бөлүштүрөт жана Комиссиянын мүчөлөрүнө тапшырмаларды берет. Комиссия жыйындарды зарылдыгына жараша өткөрөт. Комиссия тарабынан ага берилген документтерди кароо мөөнөтү 30 күндөн ашпоого тийиш. Комиссиянын жыйналышы комиссиянын курамынын бардык мүчөлөрү катышканда укук ченемдүү болот.
  2. Комиссия төмөнкү ыйгарым укуктарды жүзөгө ашырат:

1) эсептен чыгарылууга тийиш болгон мүлктү керектүү техникалык документтерди, ошондой эле бухгалтердик эсептин маалыматтарын пайдалануу менен карап чыгат;

2) мүлктү андан ары пайдалануунун максатка ылайыктуулугу (жарактуулугу), аны калыбына келтирүүнүн мүмкүнчүлүгү жана натыйжалуулугу, мүлктөн айрым түйүндөрдү, тетиктерди, конструкцияларды жана материалдарды пайдалануу мүмкүнчүлүгү жөнүндө маселе боюнча чечим кабыл алат;

3) эгерде эсептен чыгаруу объектиси атайын аппаратура же жабдуу болсо, мүлктүн жараксыздыгы жөнүндө корутунду берүү үчүн тиешелүү уюмдардын адистерин милдеттүү түрдө тартат;

4) мүлктү эсептен чыгаруунун себептерин белгилейт, анын ичинде керектөө касиеттерин толук же жарым-жартылай жоготуу, анын ичинде физикалык же моралдык эскирүүнүн натыйжасында; авариянын, табигый кырсыктын жана башка өзгөчө кырдаалдардын кесепетинен бузулуу; калыбына келтирүү мүмкүн болбогон же калыбына келтирүү экономикалык жактан максатка ылайыксыз; жок болуунун же жок кылуунун натыйжасында, анын ичинде менчик ээсинин эркинен тышкары, ошондой эле анын турган жерин аныктоо мүмкүн эместигинин натыйжасында ээликтен, пайдалануудан жана тескөөдөн чыгып кеткендер, кыймылсыз мүлктүн эскириши же кыйрашы жана мүлктү эсептен чыгаруу зарылчылыгына алып келген башка себептер;

5) Бул Жобонун тиркемесине ылайык мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө акт түзөт.

  1. Мүлктү калыбына келтирүүнүн (оңдоонун, реконструкциялоонун, модернизациялоонун) мүмкүн эместигин же максатка ылайыксыздыгын андан ары пайдаланууга аныктоо мүмкүн болбогондо, ЖӨБО муниципалдык уюмдардын адистештирилген тармактык техникалык кызматтарын же экспертиза жүргүзүүгө укугу бар адистештирилген уюмдарды же тиешелүү тармакта атайын билими бар адисти (мындан ары – техникалык эксперт) тартат.
  2. Мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу максатында изилденүүчү материалдык баалуулуктар үчүн түздөн-түз материалдык жоопкерчилик менен байланышкан милдеттер жүктөлгөн адам техникалык эксперт боло албайт. Техникалык эксперттин, ошондой эле эсептен чыгарылган мүлктү же анын тетиктерин демонтаждоону, жоюуну, утилдештирүүнү жүзөгө ашыруучу уюмдардын кызматтарын тандоо мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
  3. Эсептен чыгаруу актысында мүлк жөнүндө төмөнкү маалыматтар көрсөтүлөт:

– катар номери;

– объектин аталышы;

– жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан ыйгарылган мүлктүн инвентардык номери (МИН);

– объект пайдаланууга берилген жыл (чыгарылган жылы);

– мүлктүн баштапкы наркы (кайра баалоо үчүн-калыбына келтирүүчү баасы);

– эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдагы объекттин калдык наркы;

– ошол объект үчүн белгиленген жарактуу пайдалануу мөөнөтү жана эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурга карата иш жүзүндө пайдалануу мөөнөтү;

– чегерилген амортизация;

– жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны жана чыгымдардын суммасы;

– мүлктү эсептен чыгаруунун себеби, алардын негизги бөлүктөрүнүн, тетиктеринин, түйүндөрүнүн, конструкциялык элементтеринин абалы;

– ар кандай позициялардан (экиден кем эмес позициялардан) эсептен чыгарылууга тийиш болгон объекттердин фотосүрөттөрү).

  1. Мүлктүн төмөнкү түрлөрүн эсептен чыгарууда ушул Жобонун 16-пунктунда көрсөтүлгөн документтерге кошумча актыга төмөнкү документтер тиркелет:

1) транспорт каражатын эсептен чыгарууда транспорт каражатын каттоо жөнүндө күбөлүк;

2) транспорт каражатын, авариялык, эски кыймылсыз мүлктү, техниканы жана жабдууларды эсептен чыгарууда техникалык эксперттин корутундусу Кыргыз Республикасынын аймагында тиешелүү ишти жүзөгө ашыруу боюнча анын ыйгарым укуктарын ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө аркылуу жүргүзүлөт.

  1. Мүлктү эсептен чыгарууда агрегаттарга, бөлүктөргө, бирдиктерге техникалык мүнөздөмө берилип жана ажыратуудан келип чыккандан кийинки негизги бөлүктөргө жана бирдиктерге мындан аркы колдоонууга мүмкүнчүлүктөр берилиши мүмкүн. Андан ары колдонууга жарактуу тетиктер, бөлүктөр жана агрегаттар нөлдүк наркы боюнча тиешелүү эсептер боюнча кириштелүүгө же ишке ашырылууга тийиш.

Бөлүктөргө ажыратылган мүлктүн пайдаланууга жараксыз бирдиктери, агрегаттары жана тетиктери экинчи чийки зат (макулатура, металл сыныктары, отун, айнек, пластмасса ж.б.) катары сатылууга же керектөө калдыктары катары утилизацияланууга жатат.

  1. Жараксыз абалга келген же авариялардын, өрттүн, табигый кырсыктардын натыйжасында жоголгон мүлктү эсептен чыгарууда Комиссия көрсөтүлгөн жагдайларды ырастаган документтердин көчүрмөлөрүн кошумча берет.

Эски жана авариялык кыймылсыз мүлктү, анын ичинде муниципалдык турак жай фондуна кирген мүлктү эсептен чыгаруу жана бузуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 13-августундагы №518 токтому менен бекитилген “Кыргыз Республикасынын калктуу конуштарынын аймагындагы эски, авариялык абалдагы имараттарды жана курулмаларды бузуу тартиби жөнүндөгү” Жободо белгиленген тартипте жүргүзүлөт.

  1. Атайылап жок кылуунун, бузуунун, уурдоонун натыйжасында жараксыз абалга келген жана (же) иш жүзүндө колдонуу мөөнөтү пайдалуу мөөнөттөн ашпаган мүлктү эсептен чыгаруу үчүн комиссия төмөнкүлөрдү кошумчалайт:

1) күнөөлүү адамдарды көрсөтүү менен объектти талаптагыдай эмес пайдалануу (сактоо) жөнүндө комиссиянын корутундусу;

2) негизги каражаттардын объектисинин бузулушуна жол берген күнөөлүү жактарга карата көрүлгөн чаралар жөнүндө маалымат, ырастоочу документтердин көчүрмөлөрүн тиркөө менен (күнөөлүү жактар аныкталган учурда);

3) жазык ишин козгоо же токтотуу жөнүндө токтомдун көчүрмөсү (бар болсо), мүлктү жоготуу фактысын ырастоочу башка документтер же уюмдун кызыкчылыктарын коргоо же келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча чараларды көрүү жөнүндө башка документтер;

4) келтирилген зыяндын наркы жөнүндө маалымкат;

5) күнөөлүү адамдардын зыяндын ордун толтуруусу жөнүндө маалымкат;

6) пайдалуу колдонуу мөөнөтү бүткөнгө чейин объекттерди эсептен чыгарууга себеп болгон себептерди толук түшүндүрүү менен маалымкат (күнөөлүү адамдар жок болгон учурда).

  1. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча комиссиянын протоколу түзүлөт, ага төмөнкүлөр тиркелет:

– эсептен чыгарууга сунушталган мүлктү инвентаризациялоо актысы;

– мүлктү эсептен чыгаруу актылары;

-башка документтер (авария жөнүндө актынын көчүрмөсү, тиешелүү экспертизалардын жыйынтыктары ж.б.).

  1. Комиссиянын протоколу эсептен чыгарылган мүлктү тескөө ыкмасы (жок кылуу, өткөрүп берүү, ажыратуу ж.б.), объекттин айрым түйүндөрүн, деталдарын, материалдарын жана агрегаттарын андан ары пайдалануу жөнүндө чечимди, ошондой эле комиссиянын корутундусу боюнча эсептен чыгаруу максатка ылайыксыз болуп саналган мүлктү андан ары пайдалануу жөнүндө сунушту камтууга тийиш.
  2. Комиссия тарабынан мүлктүн кемип чыгышына, кайра топтолуп жана бузулушуна тиешеси бар жактар аныкталганда алардын күнөөсү соттун чечиминин (өкүмүнүн) негизинде гана аныкталат. Зыяндардын өлчөмү жана келтирилген зыяндардын суммасынын ордун толтуруу механизми Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныкталат.
  3. Комиссиянын жыйынынын протоколу, ушул Жобонун 20-пунктунда көрсөтүлгөн, 100 эсептик көрсөткүчкө чейинки сатып алуу наркы боюнча мүлктү эсептен чыгаруу боюнча документтерди тиркөө менен (имараттардан, курулмалардан жана транспорт каражаттарынан тышкары) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысына мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө буйрук чыгаруу үчүн берилет.
  4. жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы мүлктү эсептен чыгаруудан баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алышы мүмкүн, эгерде:

– мүлк ушул Жобонун 4-пунктунда аныкталган талаптарга жооп бербесе;

– эксперттик корутундуда эсептен чыгарууга сунушталган мүлктү пайдалануунун башка жолдору аныкталганда;

– ушул Жободо каралган документтер Комиссия тарабынан белгиленген талаптарды бузуу менен берилсе;

– мүлктү эсептен чыгаруунун максатка ылайыктуулугунун экономикалык негиздемесинде эсептен чыгаруунун зарылдыгын тастыктаган экономикалык жана (же) техникалык эсептөөлөр жок болсо;

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык бул мүлктү эсептен чыгарууга тиешелүү чектөөлөр белгиленген.

  1. Эсептен чыгаруу жөнүндө актыда каралган иш-чаралар (негизги каражаттарды ажыратуу, демонтаждоо, утилизациялоо) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын мүлктү эсептен чыгаруу жөнүндө буйругу чыккан күндөн тартып эки айдан кечиктирилбестен милдеттүү түрдө аткарылууга тийиш.
  2. Утилизациялоого тийиш болгон мүлк менен иш жүзүндөгү жана юридикалык аракеттер жүзөгө ашырылгандан кийин бул мүлк жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын балансынан чыгарылат, мүлктү эсептен чыгаруу фактысы белгиленген тартипте муниципалдык мүлктүн реестринде чагылдырылат.
  3. Транспорт каражаты эсептен чыгарылгандан кийин ЖӨБО тиешелүү каттоо органдарында – салык органында, статистика органында, Мамлекеттик “УНАА” ишканасында транспорт каражатынын эсептен чыгарылышын ырастоочу жол-жоболорду кошумча жүргүзүүгө милдеттүү.
  4. Мүлктү эсептен чыгаруу боюнча иш-чаралардын толук жана туура жүргүзүлүшү, документтик тариздөө жана финансылык эсептөөлөр үчүн жоопкерчиликти жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы алат.
  5. Эсептен чыгарылган мүлктү сатуудан түшкөн акча каражаттары жергиликтүү бюджетке түшөт.

 

 

 

Башчысы МСжММБ                                              А.Байышбаев

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

    БЕКИТИЛСИН

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысы __________________

ФАА________________________________

Колу _____________________________

Датасы ______________________ №________

М.О.

 

Мүлктү эсептен чыгаруу

АКТысы  

 

Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органынын башчысынын ___________ №___________ буйругу/көрсөтмөсү менен түзүлгөн Комиссия,

кийинкидей курамда:

1.__________________________________________

2.__________________________________________

3.__________________________________________

4.__________________________________________

5.__________________________________________

эсептен чыгарууга көрсөтүлгөн мүлктөрдү/объектерди карап чыкты.

 

Эсептен чыгарылуучу мүлккө жана объекттерге берилген документтерди изилдеп чыгып, комиссия төмөнкүдөй чечим чыгарат:

 

Көрсөтүлгөн муниципалдык мүлк тизмеге ылайык эсептен чыгарылсын.

 

Объектин аталышы Мүлктүн инвентардык номери  (МИН) Объекттин ишке киргизилген жылы (өндүрүлгөн жылы) Мүлктүн баштапкы баасы, (кайра баалоо үчүн- калыбына келтирүүчү) Эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурдагы объекттин калдык наркы Берилген объект үчүн белгиленген пайдалуу мөөнөтү Эсептен чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алынган учурга карата анык пайдалануу мөөнөтү Жүргүзүлгөн амортизация Жүргүзүлгөн капиталдык оңдоолордун саны жана чыгымдардын суммасы Мүлктү эсептен чыгаруунун себеби, анын негизги бөлүктөрүнүн, деталдарынын, бирдиктеринин, конструктивдик элементтеринин абалы
1                    
2                    
3                    

 

Комиссиянын мүчөлөрү:

Комиссиянын төрагасы:  _____________ ___________________________________

                                                (Колу) (Инициалы менен фамилиясы)

Комиссиянын мүчөлөрү:        _______________ __________________________________

                                                (Колу) (Инициалы менен фамилиясы)

 

күнү