Токтом №11 19-апрель 2024-ж. Кара-Балта шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттердин өзгөртүлгөн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

Токтом №11 19-апрель 2024-ж. Кара-Балта шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш аракеттердин өзгөртүлгөн иш-чаралар планын бекитүү жөнүндө

Кара-Балта шаарынын вице-мэри Н. Рыскулбек уулунун маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын Чүй облусунун Кара-Балта шаарын өнүктүрүү боюнча 2024-жылга карата иш-чаралардын планы жөнүндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын               8-апрелиндеги  № 140-б максаттуу трансферттердин көлөмүн 1000,0 млн сомго көбөйтүү жана бул каражаттарды Кара-Балта шаарынын мэриясына иш-чаралар планын каржылоо үчүн бөлүп берүү буйругун аткаруу максатында, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 39, 67-беренелерине, Кыргыз Республикасынын «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын 19-беренесине ылайык  Кара-Балта шаардык кеңешинин  сессиясы

   ТОКТОМ КЫЛАТ:

Республикалык бюджеттин максаттуу трансферттерин эске алуу менен Кара-Балта шаарынын 2024-жылга социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин өзгөртүлгөн иш-чаралар планы тиркемеге ылайык бекитилсин.

  1. Кара-Балта шаардык кеңешинин 2024-жылдын 4-апрелиндеги № 07 “Кара-Балта шаарынын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын аткарылышынын жыйынтыктары жөнүндө жана Кара-Балта шаарынын 2024-жылга карата социалдык-экономикалык өнүктүрүү программасынын планын бекитүү жөнүндөгү” токтомунун 2-пункту өз күчүн жоготту деп табылсын.
  2. Кара-Балта шаарынын мэриясы Кара-Балта шаарынын 2024-жылга

социалдык-экономикалык өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча

бардык тийиштүү иш-чараларды жүргүзүшсүн.

4.Кара-Балта шаарынын мэриясы менен “Дан” мамлекеттик ишканасынын ортосунда биргелешкен пайызсыз финансылык келишимдин түзүлүшү тиркемеге ылайык бекитилсин.

  1. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестиция боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

Кеңештин төрагасы                                                              М.Дүйшеналиев

Тиркеме 1 Токтом № 11

Тиркеме 2 Токтом № 11

Токтом № 11 19 апрель 2024-ж.