Кара-Балта шаарынын эстетикалык архитектуралык көрүнүшүн  жакшыртуу боюнча 2023-жылдын 1-декабрындагы № 06 токтому

Кара-Балта шаарынын эстетикалык архитектуралык көрүнүшүн  жакшыртуу боюнча 2023-жылдын 1-декабрындагы № 06 токтому

Кара-Балта шаарынын эстетикалык архитектуралык көрүнүшүн    жакшыртуу боюнча

Кыргыз Республикасынын шаарларынын архитектуралык көрүнүшүн ылайык келтирүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин саясатын ишке ашыруу максатында Регламент, депутаттык этика жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиянын чечиминин негизинде Кара-Балта шаардык кеңешинин

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Кара-Балта шаарынын 8-март көчөсүнүн Ж.Баатыр көчөсүнөн (ГазПром май куюучу станциясынан) Чкалова көчөсүнө чейин архитектуралык көрүнүшүн ылайык келтирилсин.

-Ж.Баатыр көчөсүнүн кесилишинен (ГазПром) май куюучу жайдан Чкалов      көчөсүнө чейин 8-Март көчөсүндөгү ижарачылар менен эки айлык мөөнөттө ижара келишимин бир тараптуу бузулсун.

-Кара-Балта шаарынын 2024-жылга бюджетин, Ж.Баатыр көчөсүнүн кесилишинен (ГазПром май куюучу жайынан) Чкалова көчөсүнө чейин 8-Март көчөсүн бойлото тротуарларды төшөөгө каражат каралсын.

– Кара-Балта шаарынын 8-март жана Жайыл Баатыр көчөсүндөгү («ГазПром» май куюучу жайынан), Чкалов көчөсүнө чейин,павильондор үчүн муниципалдык жерлерди ижарага берүүгө мораторий киргизилсин.

  1. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй-Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Джекшенов М.Р Кара-Балта шаарынын мэрине жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Чүй-Бишкек башкармалыгына

 

 

Кенешин төрагасы                                                           М. Дуйшеналиев