Кыргыз Республикасынын “Административдик аймактык түзүлүш” мыйзамынын 6, 12-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаарында административдик-аймактык реформа өткөрүү максатында, Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жайыл районунун Красный-Восток айыл аймагынын Калинин айылын, Гидропартия жана Индом жер участокторун Кара-Балта шаарына кошуу маселеси колдоого алынсын.
- Кара-Балта шаарынын аталышы өзгөртүүсүз калтырылсын.
- Административдик борбору Кара-Балта шаары болуп эсептелсин.
- Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттардын курамы жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калат.
- Жайыл районунун Красный-Восток айылдык кеңешинин депутаттардын курамы жана ыйгарым укуктары өзгөрүүсүз калсын.
- Кара-Балта шаары областтык маанидеги шаар категориясына киргизилсин.
- “Кара-Балта шаарынын чек арасын өзгөртүү жөнүндө” Кара – Балта шаардык кеңешинин 2023-жылдын 30-октябрындагы № 01 Токтому күчүн жоготту деп табылсын.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев