АРА-БАЛТА ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН 2023-жылдын 10-октябрындагы №02 ТОКТОМУ. ” Кара-Балта шаарында маалыматтык-жарнак түзүмдөрүн жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө”

АРА-БАЛТА ШААРДЫК  КЕҢЕШИНИН 2023-жылдын 10-октябрындагы №02 ТОКТОМУ. ” Кара-Балта шаарында маалыматтык-жарнак түзүмдөрүн жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө”

 

 

 

 

КАРА-БАЛТА ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

 

 

«10»октябрь 2023-ж. №02                                                Кара-Балта ш.

 

Кара-Балта шаарында маалыматтык-жарнак түзүмдөрүн жайгаштыруу жана эксплуатациялоо боюнча талаптардын эрежелерин бекитүү жөнүндө

 

“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине ылайык,Кара-Балта шаардык кеңешинин кезексиз сессиясы;

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаарында маалыматтык-жарнак түзүмдөрүн жайгаштыруу жана

эксплуатациялоо боюнча талаптардын, эрежелери 1,2 тиркемеге ылайык

бекитилсин.

  1. Бул токтом Ченемдик укуктук актылардын мамлекеттик реестрине киргизүү

үчүн Чүй – Бишкек шаардык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, депутаттардын этикасы жана

укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

Таркатылсын: көктөмөгө, КР Юстиция Министрлигине,Жайыл районунун шаар куруу жана архитектура боюнча башкармалыгына.

 

 

Кеңештин төрагасы                                           М. Дуйшеналиев

 

    

 

 

Тиркеме 1

КБШК Токтому

№02  10 октябрь 2023ж

 

Чүй облусунда имараттардын, курулмалардын фасаддарынын көрүнүшү жана маалыматтык, жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери

 

Жалпы жоболор.

Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар.

Зоналаштыруу.

Имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын тышкы көрүнүшү.

Маалыматтык конструкциялар. Маалыматтык конструкцияларды жайгаштыруунун түрлөрү жана эрежелери.

Жарнамалык конструкциялар. Жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун түрлөрү жана эрежелери.

Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга жалпы эрежелер.

Жол кыймылынын коопсуздугу үчүн маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларга эрежелер.

Куроо (монтаж) иштеринде жана маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды пайдаланууда (эксплуатациялоодо) талаптар.

Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүү үчүн арыздарды кароонун тартибине жалпы талаптар.

Реестрди жүргүзүүнүн тартиби.

Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды ажыратуу (демонтаж).

Ушул Эрежелерди бузуу үчүн жоопкерчилик.

 

  1. Жалпы жоболор

 

  1. Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана эксплуатациялоо эрежелери жана Бишкек шаарынын аймагында имараттардын, курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү (мындан ары – Эрежелер), Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Конституциясына, “Жарнама жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө”, “Шаар куруу жана архитектура жөнүндө” мыйзамдарына, Кыргыз Республикасынын бир типтүү курулмалар, калктуу пункттарда жерди пайдалануу жана көрктөндүрүү эрежелерин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 19-сентябрындагы №597 токтому менен бекитилген.,“ГОСТ 33027-2014. Мамлекеттер аралык стандарт. Жалпы пайдалануудагы автомобиль жолдору. Тышкы жарнама каражаттарын жайгаштырууга талаптарга”, “ГОСТ Р 52044-2003. Автомобиль жолдорунда жана шаардык жана айылдык конуштарда тышкы жарнама. Тышкы жарнама каражаттарына жалпы техникалык талаптарга” ылайык иштелип чыкты жана техникалык талаптарды, Жайыл районунун аймагындагы менчигинин түрүнө карабастан жер участокторунда, имараттарда жана курулмаларда же башка кыймылсыз мүлктө маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу боюнча эрежелер жана маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды ажыратуу тартибин жөнгө салат, ошондой эле учурдагы архитектуралык чөйрөнү комплекстүү чечүүнү камсыз кылуу, архитектуралык-тарыхый мурастарды сактоо, Чүй областынын бүтүндөй архитектуралык-эстетикалык көрүнүшүн калыптандыруу максатында имараттардын жана курулмалардын фасаддарын күтүү боюнча бирдиктүү жана милдеттүү эрежелерди белгилейт.
  2. Чүй областынын аймагында маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда жана пайдаланууда менчигинин түрүнө жана ведомстволук таандыктыгына карабастан бардык жеке жана юридикалык жактар үчүн ушул Эрежелерди сактоо милдеттүү.
  3. Менчик ээлери, тиешелүү милдеттер жүктөлгөн имараттардын жана курулмалардын ээлери жана башка адамдар имараттарды, курулуштарды жана курулмаларды техникалык эксплуатациялоонун эрежелеринде жана ченемдеринде, көрктөндүрүү эрежелеринде, ушул Эрежелерде жана башка ченемдик укуктук актыларда белгиленген фасаддарды күтүү боюнча талаптарды сактоого милдеттүү.
  4. Чүй областынын аймагында маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга жана маалыматты жана жарнакты таратууга, шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан берилген архитектуралык-техникалык корутунду (АТК) болгондо гана жол берилет.
  5. Имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү ушул Эрежелерде жана имараттын фасадынын паспортунда белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
  6. Ушул Эрежелерде каралбаган, Чүй областынын аймагында маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга жана эксплуатациялоого, ошондой эле имараттын, курулманын фасадында уруксат берүүчү документтери каралбаган жарнакка жол берилбейт.
  7. Бул Эрежелер жол кыймылынын белгилерине жана көчө-жол тармагынын көрсөткүчтөрүнө жайылтылбайт.
  8. Бул Эрежелердин жоболору Жайыл районунун аймагында жайгашкан эл аралык, республикалык жана жергиликтүү маанидеги эстеликтердин тизмесине киргизилген маданий мурас объекттеринин фасаддарына жана жаңыдан табылган маданий мурас объекттерине жайылтылбайт.

 

 

  1. Негизги түшүнүктөр жана аныктамалар.

 

  1. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:

акцент – композициянын элементтерин көлөмү, формасы, түсү аркылуу бөлүп көрсөтүү жолу;

архитектуралык-техникалык документтер – маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу боюнча тексттик жана графикалык материалдарды жана техникалык талаптарды камтыган документ (архитектуралык-техникалык корутунду);

архитектуралык-мейкиндик чөйрөсү – каралып жаткан аймакты же объектти курчап турган жана аймакты же объектти шаардык чөйрөнүн бир бөлүгү катары кабылдоону калыптандыруучу имараттардын, курулмалардын жана шаардык чөйрөнүн башка элементтеринин жыйындысы;

архитектуралык чечим – курулуш үчүн документтердин архитектуралык бөлүгүндө катталган жана курулган архитектуралык объектте ишке ашырылган архитектуралык объектке, анын тышкы жана ички көрүнүшүнө, мейкиндикте, пландоого жана функционалдык уюштурууга автордук ой-максаты;

ачык жана жабык мейкиндиктердин балансы – фасаддын, анын бөлүктөрүнүн, түс чечимдеринин визуалдык композициялык тең салмактуулугу;

брандмауэр – фасаддын бардык элементтери аркылуу өткөн, өрттүн жайылышына бөгөт коюу максатында,  бир имараттын же чектеш имараттардын жана короолордун жайларын ажыраткан каптал же короо фасадынын өрткө туруктуу, негизинен жабык капиталдык дубалы. Терезелердин жоктугу жана коңшу имараттардын бийиктигинен ашкан бийиктиги менен мүнөздөлөт;

шаардык ландшафттын түрлөрү – көрүнүштүн (обзор) түзүлгөн туруктуу секторлорунда жалпы таанылган композициялык аяктаган түрлөр;

визуалдык кабылдоо – адам тарабынан фасаддын жана курчап турган шаар куруу чөйрөсүнүн өзгөчөлүктөрүн, аймактардын түзүлгөн пландоо түзүмүн (бүтүндөй, ошондой эле айрым бөлүктөрүн) таап, бөлүүсү, кабылдоо шарттарын эске алуу менен объекттин образын түзүү;

визуалдык маалымат – адам көргөндө кабылдаган мазмун, маани жана образдар. Визуалдык маалымат предметтердин формасы, жайгашуусу жана байланышы, графикалык белгилердин жана символдордун жазылыш мүнөзү, ариптердин формасы, түс мүнөздөмөлөрү, жарыктандыруу аркылуу берилген белгилүү бир образдуу мазмунга ээ;

шаардык чөйрөнүн визуалдык мүнөздөмөсү – коомдун шаар куруу, маданий жана социалдык иш-аракеттеринин жемиши катары шаар чөйрөсүнүн көзгө көрүнгөн өзгөчөлүктөрү;

жарнамалык конструкциянын ээси – жеке же юридикалык жак, маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын менчик ээси же болбосо маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларга буюмдук укукка ээ башка жак;

ариптин гарнитурасы – сүрөттүн бирдейлиги менен бириккен жана белгилүү бир аталышка ээ болгон чийменин жалпылыгы;

имараттын, курулманын короо жактагы фасады – имараттын курулуш сызыгынан тышкары жайгашкан жана ачык шаардык мейкиндиктер менен визуалдык байланышпаган фасады;

маалыматтык талаа – түздөн-түз маалыматты берүү үчүн арналган объекттин конструкциялык бөлүгү.  Маалыматты жайгаштыруу үчүн объекттин маалыматтык талаасынын аянты (чоңдугу) – бул конструкциялык бөлүктүн бийиктигинин жана узундугунун көрсөткүчү;

карниз – фасаддын горизонталдуу чыгып турган элементи, имаратты, курулуштарды, курулманы же кабатты аяктаган дубалдын жогорку чыгып турган бөлүгү;

композиция – искусство чыгармасынын түзүлүшүнүн негизи, бардык бөлүктөр функционалдык гана эмес, автордун идеясы, ниети менен да байланышкан негизги элементтерди жана бөлүктөрдү белгилүү бир ырааттуулукта түзүү, жайгаштыруу тутуму. Композицияны жайгаштыруудагы сүрөттөмө каражаттар: сызык, тегиздик, түс, көлөм, мейкиндик. Композицияны шайкеш келтирүү каражаттары: пропорция, симметрия, ыргак, чен өлчөм (масштаб), контраст, нюанс;

композициялык жалпылык – архитектуралык ой-максат, объекттин түзүлүшү, мейкиндик чечими, ошондой эле бирдиктүү жалпыны түзгөн анын айрым бөлүктөрүнүн биримдиги.  Композициянын бүтүндүгү композициянын элементтеринин бири да бүтүндүктү бузбастан алмаштырылышы же өзгөртүлүшү мүмкүн эместиги менен мүнөздөлөт;

кернинг – тамгалардын ортосундагы аралыкты алардын формасына жараша тандап өзгөртүү. Кернинг ар кандай эки тамганын ортосундагы аралыктын көрүнөө (визуалдук) бирдей болушу үчүн колдонулат.

лаконичность – байкоочуга олуттуу маалыматты кабарлоо үчүн зарыл болгон сүрөттөө элементтерин гана камтыган композициянын сапаты. Негизги композициялык элементтерге керектүү визуалдык акцент ашыкча, алаксыткан деталдарды жок кылуу менен ийгиликтүү ишке ашат;

имараттын, курулманын алдыңкы фасады – курулуш сызыгында жайгашкан же визуалдык жактан ачык шаардык мейкиндиктер менен байланышкан имараттын фасады;

масштабдуулук (кош масштабдуулук) – адамдын санынын өсүшүнө карата объекттин өлчөмдөрүнүн катышы: архитектуралык курулуштар, скульптуралар, көрктөндүрүү элементтери же алардын бөлүктөрү;

ариптин жазылышы – бир гарнитуранын курамына кирген  терилген ариптин ар бир өзгөрүшү. Арипти жазуу төмөнкүлөргө карата айырмаланат: тыгыздыгы боюнча – тар, нормалдуу, кең; каныккан (насыщенный) – ачык, жарым боелгон (калың) арип, калың арип; кыйшайган – түз, курсивдүү;

имараттын көлөмдүк-мейкиндик чечими – имараттын тышкы көлөмдүк формасы;

пластика, ийкемдүүлүк – архитектурага, графикага, живописге мүнөздүү көлөмдүн, форманын көркөм көрүнүшү. Ийкемдүүлүк объекттин, курулуштун же ансамблдин жалпы, бирдиктүү образын түзүүдө бир формадан экинчи көлөмгө, имараттын бир бөлүгүнөн экинчи бөлүгүнө жумшак ырааттуу өтүүсүнөн көрүнөт;

имараттын жана курулманын фасадынын паспорту – бул кыймылсыз мүлк объектисинин бардык тышкы параметрлерин жана архитектуралык-техникалык чечимдерин чагылдырган техникалык документ. Аны менен имараттын сырткы көрүнүшү жана анын курчап турган шаардык чөйрөгө шайкеш келүүсү, шаардын жалпы көрүнүшүн бузбоосу аныкталат;

    маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын объекттеринин Реестри (мындан ары – Реестр) – Бишкек шаарынын аймагындагы маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын бардык объектилери боюнча маалымат;

жарнамалык аянт – жарнаманы көрсөтүү жана жайылтуу үчүн колдонулган жарнамалык конструкциялардын аянты;

жарнаманы жайылтуучу – ушул Эрежелерге ылайык ар кандай ыкмада, ар кандай формада жана ар кандай каражаттарды пайдалануу менен жарнамалык маалыматты жайгаштырууну жана (же) таратууну жүзөгө ашыруучу жеке жана юридикалык жактар;

маалыматты жана жарнаманы жайылтуу – маалыматтык же жарнамалык конструкцияны колдонуу менен маалыматты жана жарнаманы ачык көрсөтүү;

ыргак (ритм) – мүнөзү боюнча салыштырылган түрдүү элементтердин жана формалардын белгилүү мыйзам ченемдүүлүктө кезектешүүсү жана аларды белгилүү бир биримдикке алып келүү (алардын жайгашуу жана кезектешүү тартиби);

симметрия – кандайдыр бир нерсенин бөлүктөрүнүн борборуна, ортосуна карата шайкеш, пропорционалдуу жайгашуусу;

шайкештик жана пропорционалдуулук – жалпы объект менен анын бөлүктөрүнүн жана анын элементтеринин ортосундагы белгилүү бир өз ара байланыш жана катышы, мында бардык элементтер өз ара теңдемделген (сбалансированы);

социалдык жарнама – адамдардын аныкталбаган чөйрөсүнө даректелген жана кайрымдуулук жана башка коомдук пайдалуу максаттарга жетишүүгө, ошондой эле мамлекеттин кызыкчылыктарын камсыз кылууга багытталган маалымат;

шаар куруудагы чөйрө – ажырагыс байланышкан элементтердин жыйындысы: жаратылыш жана шаардык ландшафт, пландоо түзүмү, курулуш, жашылдандыруу жана көрктөндүрүү;

стилдик жалпылык – архитектуралык формалардын, фасаддын элементтеринин жана композициялардын каражаттарынын тарыхый жана идеялык түзүлгөн биримдиги, коомдун социалдык милдеттеринин, материалдык-техникалык мүмкүнчүлүктөрүнүн жана идеялык, эстетикалык көз-караштарынын мүнөзү;

унификация (бирдейлештирүү) – ар кандай түрдөгү объектилерди типтүү өлчөмдөрдүн, формалардын, касиеттердин натыйжалуу катарына кошуу. Унификациянын негизги максаты –  ар бир вариантты өзүнчө долбоорлоо жана өндүрүү зарылдыгын четтетүү. Унификация ошондой эле предметтик-мейкиндик чөйрөсүнүн композициялык жана конструктивдүү биримдигине жетишүүнүн каражаты болуп саналат;

ыйгарым укуктуу орган – маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана сырткы жарнакты жана маалыматты жайылтуу маселелерин жөнгө салуу ыйгарым укуктары берилген Бишкек шаарынын мэриясынын түзүмдүк бөлүмү;

шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган – шаар куруу жана архитектура боюнча мамлекеттик органдын аймактык органы;

фасад – имараттын же курулуштун, курулманын сырткы тигинен бети. Курулманын тибине жана анын планынын формасына, жайгашкан жерине жараша алдыңкы, каптал жана короо фасадын айырмалашат.

фирмалык стиль – ишкананын иш-аракети жана анын өндүрүмү менен байланышкан белгилүү бир туруктуу визуалдык образды түзүү максатында дайындуу ишкана, уюм үчүн атайын долбоорлонгон предметтердин, каражаттардын, символдордун жыйындысы;

маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын эскиздик долбоору – маалыматтык жана жарнамалык конструкциянын жайгашкан так орду, тыш өлчөмү жана андагы сүрөт жөнүндө маалыматты камтыган текст жана графикалык түрдөгү (графикалык материал же фотомонтаж) документтердин топтому;

имараттын фасадынын эскиздик долбоору – имараттардын жана курулмалардын терезелерин, витриналарын, кире бериштерин жекече жабдуу жана жасалгалоо, маалыматтык элементтерди жана түзүлүштөрдү жайгаштыруу долбоору, фасаддардын түс чечимдери.

 

 

III. Зоналаштыруу

Зоналаштыруу  – ири шаарлардын регламенттери үчүн типтүү чечим 

 

Бүтүндөй район үчүн жалпы эрежелер принципиалдуу, бирок райондун борбордук бөлүгү үчүн регламент шаардын тарыхый, тынч (спальный) аймагы катары райондун борбору башка аймагына караганда катуураак.

Чүй областында архитектуралык-эстетикалык чөйрө 2 зонага бөлүнөт:

Катуу регламенттөө зонасы –  Жайыл районунун борбордук көчөлөрү

Бишкек-Ош, Бишкек-Чалдовар, КараБалта-Степное, Кара-Балта-Сары-Булак автомобиль жолдору менен чектелген.

Жалпы регламенттөө зонасы – 1-зонаны кошпогондо Жайыл районунун аймагы.

Катуу регламенттештирүү зонасы биринчи кезекте жергиликтүү жана республикалык маанидеги өзгөчө корголуучу эстеликтердин реестринде турган жана тарыхый-архитектуралык жактан баалуу курулуштарды камтыган жалпы шаардык борборду, ири шаардык магистралдарды, тарых жана маданият эстеликтерин камтыйт. Катуу регламенттөө зонасында ири соода борборлорундагы медиа фасаддарын орнотууну кошпогондо, ири тыш өлчөмдүү жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга жол берилбейт.

 

Жалпы регламенттөө зонасы – 1-зонаны кошпогондо, Чүй областынын бүтүндөй аймагы.

Бул зонаны регламенттөө 1-зонага караганда бир аз катаал.

Бул зонада көрнөктүн бийиктиги 0,8м ашпоосу тийиш.

 

  1. IV. Имараттын фасадынын паспорту. Жол-жоболоо тартиби.

 

  1. Имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын сырткы көрүнүшү, ушул Эрежелерде жана имараттын фасадынын паспортунда белгиленген талаптарга ылайык келүүгө тийиш.
  2. Имараттын жана курулманын фасадынын сырткы көрүнүшүнө жалпы талаптар имараттын фасадынын паспорту менен аныкталат, ал ар бир имарат жана курулма үчүн өзүнчө даярдалат.
  3. Имараттын фасадынын паспорту имараттын же курулманын архитектуралык чечимине ылайык, ушул имаратты (курулманы) курууга долбоордук документтердин курамында даярдалат, ал жок болгон учурда – имараттын көлөмдүк-мейкиндик чечиминен келип чыгып, анын стилистикалык өзгөчөлүктөрүнөн, архитектуралык-мейкиндик чөйрөсүн жана шаардык чөйрөнүн визуалдык мүнөздөмөлөрүн, композициялык жана стилдик бүтүндүгүн, бирдейлешүүсүн, салыштырмалуулугун жана пропорционалдуулугун, горизонталдык жана вертикалдык октордун тутумуна, симметрияга, ыргакка ылайыктуулугун эске алуу менен.
  4. Имараттын фасадынын паспорту шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан имараттын фасадынын паспортунун бекитилген типтүү формасына ылайык, ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жеке жана юридикалык жактардын арызы боюнча даярдалат. Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан имараттын фасадынын паспортун даярдоо акы төлөө негизинде жүргүзүлөт.
  5. Имараттын фасадынын паспорту ыйгарым укуктуу органдын шаар куруу жана архитектура боюнча жетекчиси тарабынан бекитилет.
  6. Жеке жана юридикалык жактар имараттын фасадынын паспортун даярдоо үчүн шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга арыз менен кайрылышат. Арыздарды кабыл алуу жана аларды андан ары аткаруу “Бирдиктүү терезе” принциби боюнча жүзөгө ашырылат.

Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:

а) арыз ээси жөнүндө маалымат (талап боюнча паспорт, байланыш телефон номери, ишеним кат, турак жана турак эмес жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун белгиленген тартипте ырасталган протоколу ж. б. у. с.);

б) имараттын жана курулманын жайгашкан жери;

в) ниеттердин сүрөттөлүшү;

Арызга төмөнкүлөр тиркелет: кыймылсыз мүлк бирдигине (имаратка жана курулмага) укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин көчүрмөлөрү, имараттын учурдагы сүрөтү жана эскиздик долбоор.

  1. Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган арыз ээсине арыздын кабыл алынгандыгы жөнүндө ырастама берет.
  2. Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган 30 жумушчу күндүн ичинде имараттын фасадынын паспортун ушул Эрежелердин талаптарына ылайык даярдайт.
  3. Зарыл болгон учурда, шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлдөрү имараттарды жана курулмаларды визуалдык кароо үчүн, анын ичинде арыз ээсинин өкүлдөрүн тартуу менен барууга укуктуу.
  4. Имарат же курулма маданий мурас объекттеринин бириккен коргоо зонасында жайгашкан учурда, имараттын фасадынын паспортунун долбоору бекитилгенге чейин эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен милдеттүү түрдө макулдашылууга тийиш. Макулдашуу мөөнөтү 5 жумушчу күндөн ашпоого тийиш. Мында, ушул Эрежелердин 17-пунктунда көрсөтүлгөн имараттын фасадынын паспортун даярдоонун жалпы мөөнөтү, эстеликтерди коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан макулдашуу алынганга чейин узартылат.
  5. Имараттын фасадынын паспортун даярдоо бүтүндөй имараттын же курулманын фасады үчүн, ушул Эрежелерге ылайык келген имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, жарнамалык конструкцияларын эске алуу менен жалпысынан жүзөгө ашырылат.
  6. Арыз ээлери шаар куруу жана архитектура ыйгарым укуктуу органга кайрылууга укуктуу, эскиздик долбоорлору, терезелердин, витриналардын, кире бериштердин жабдууларын жана имараттардын дизайнын жана курулмалардын фасаддарынын маалыматтык элементтерин, түзүлүштөрүн жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруусун тузүүнү боюнча.
  7. Жеке эскиздик долбоор, ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келген учурда шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган жеке эскиздик долбоордун негизинде, ушул Эрежелерде белгиленген тартипте фасаддын имаратынын паспортун даярдайт жана бекитет.
  8. Имараттын же курулманын фасадынын өзгөрүшү имараттын фасадынын паспортуна ылайык келиши керек.
  9. Өзгөртүүлөрдү эске алуу менен жаңы паспортту даярдабастан жана бекитпестен имараттын же курулманын фасадынын паспортуна ылайык келбеген фасадын өзгөртүүгө жол берилбейт.
  10. Имараттын же курулманын фасадын өзгөртүү үчүн жеке жана юридикалык жактар шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга фасаддын архитектуралык чечиминин эскизи жана зарыл болгон учурда долбоордун авторунун макулдугу менен кайрылышат.

 

Терезелер жана витриналар.

 

  1. 26. Жалпы жоболор.

26.1. Терезелерди жана витриналарды орнотууга, жабдууга жана жасалгалоого коюлуучу талаптар:

– имараттын фасадынын паспорту менен;

– имараттардын жана курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу;

– жайларды пайдалануунун максаты, арналышы;

– имараттардын жана курулмалардын негизги тирөөч конструкцияларынын техникалык абалы.

26.1.1. Терезелерди жана витриналарды жеке жабдуу жана жасалгалоо, ушул Эрежелердин 21-22-пункттарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

26.1.2. Терезелерди жана витриналарды өзгөртүүгө, анын ичинде алардын сырткы көрүнүшүн, түс схемасын өзгөртүүгө, терезе оюктарын жоюуга, алардын тыш өлчөмдөрүн жана конфигурацияларын өзгөртүүгө, витриналык конструкцияларды орнотууга байланышкан аракеттер ушул Эрежелердин 20-22-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

26.2. Терезелердин жана витриналардын түрлөрү жана жайгашуусу.

26.2.1. Терезелердин жана витриналардын түрлөрү жана жайгашуусу фасаддын паспорту, имараттын, курулманын конструкциялык тутуму, имараттын (курулманын) жайларынын пландалышы жана арналышы менен аныкталат.

26.2.2. Жайгашкан орду боюнча төмөнкүчө айырмаланат:

– алдыңкы фасаддын витриналары;

– алдыңкы фасаддын терезелери;

– короо фасаддарынын терезелери;

– жер төлө кабатынын терезелери;

– туюк дубалдарда, брандмауэрлерде жайгашкан терезелер;

– мансарддык терезелер;

– чатырда (үн, чатырдагы) жайгашкан терезелер.

26.2.3. Фасадда терезелердин жана витриналардын жайгашуусу, алардын тыш өлчөмдөрү, түзүлүшүнүн мүнөзү жана сырткы көрүнүшү имараттын же курулманын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө тийиш.

26.2.4. Терезелердин жана витриналардын тыш өлчөмдөрүн жана конфигурацияларын жайгаштырууга, өзгөртүүгө, алардын түрүнө жана жайгашуусуна карабастан, имараттын же курулманын фасадынын паспортунда аныкталган фасаддын курамын бузууга алып келүүчү жаңы терезе оюктарын ачууга же мурдагыларын жоюуга, ушул Эрежелерде белгиленген учурлардан тышкары жол берилбейт.

26.2.5. Туюк дубалдарда, короо фасаддарында терезелерди оюуга,  эгерде алар көчөдөн көрүнүп турса, жантаймалардын тереңдигин, ачылыштын архитектуралык профилин өзгөртүүгө, архитектуралык контурларды сактоо менен оюкту коюуга, жалган терезелерди орнотууга, оюкту бөлүктөргө бөлүүгө жол берилбейт (2-тиркеме, 1, 2, 3-сүрөттөрдү караңыз).

26.2.6. Жоголгон терезе оюктарын калыбына келтирүү, салынган оюктарды ачуу, ошондой эле фасаддын алгачкы архитектуралык чечимин калыбына келтирүү боюнча башка чаралар ушул Эрежелердин 20-22-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

26.2.7. Терезе оюктарын эшикке кайра курууга шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган макулдашкан имаратты кайра пландаштыруу,  кайра конструкциялоо долбоорунун курамында фасаддын архитектуралык чечимине ылайык келген шартта, ушул Эрежелердин “Кирүү топторун түзүү жана жабдуу” бөлүмүндөгү талаптарды эске алуу менен жол берилет.

Фасаддын архитектуралык чечими жайды кайра пландаштыруу, кайра конструкциялоо долбоорунун курамында имараттын фасадынын учурдагы кире бериштерин, витриналарын, имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, имараттын фасадынын паспортуна ылайык келген жарнамалык конструкцияларды эске алуу менен бүтүндөй имараттын фасады үчүн аткарылат.

26.2.8. Жайларды пайдалануунун мүнөзү өзгөргөндүгүнө байланыштуу имараттардын жана курулмалардын биринчи жана экинчи кабаттарынын терезе оюктарын алардын түзүлүшүнүн жана жабдууларынын айрым мүнөздөмөлөрүн (тыш өлчөмдөрүн, терезекөздүн сүрөтүн, терезе конструкцияларынын материалдарын) ушул бөлүмдө каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен, ушул Эрежелердин 23-25-пункттарында белгиленген тартипте өзгөртүүгө жол берилет.

26.3. Терезелердин жана витриналардын түзүлүшүнө жана жабдууларына талаптар.

26.3.1. Терезелердин жана витриналардын негизги түзүлүштөрү жана жабдуулары:

– архитектуралык оюк;

– оюкту архитектуралык жасалгалоо (жантаймалар, жик жапкычтар, тетиктер, жасалга элементтери);

– терезе жана витрина конструкциялары (терезе жана витриналык блоктор, терезекөздөр);

– айнектөө, тунук бөлүгүн толтуруу;

– терезе текчелери, суу чыгаруу түзүлүштөрү.

26.3.2. Терезелердин жана витриналардын кошумча түзүлүштөрү жана жабдуулары болуп төмөнкүлөр саналат:

– коргоо түзүлүштөрү (торчолор, экрандар, жалюзалар (калканчтар);

– витринаны тосуу;

– чуңкурчалар (жер төлө жана цоколдук кабаттардын терезелери үчүн);

– кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын тышкы блоктору;

– маркиздер;

– витриналарды жасалгалоо;

– кооздоп (көркөм) жарыктандыруу;

– жашылдандыруу.

26.3.3. Терезелердин жана витриналардын түзүлүштөрүнө жана жабдууларына жалпы талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

– фасаддын жалпы архитектуралык жана түс чечимдерине ылайык комплекстүү мүнөз;

– оңдоо, куроо, жасалгалоо иштеринин, колдонулган материалдардын жана конструкциялардын талаптагыдай сапаты;

– элементтердин жана конструкциялардын ишенимдүүлүгү, коопсуздугу;

– фасаддын техникалык абалын жана тышкы көрүнүшүн бузбастан орнотуу жана иштетүү;

– терезелерди жана витриналарды талаптагыдай күтүү.

26.3.4. Терезелердин жана витриналардын түзүлүшү жана жабдуулары ченемдик укуктук актылардын, курулуш эрежелеринин жана ченемдеринин талаптарын эске алуу менен аткарылышы керек.

26.3.5.  Имараттын паспотртуна, фасаддын түсүнө жана жасалгасына ылайык боёк жана жантаймаларды жалпы мүнөзүнө жараша жүзөгө ашырууга тийиш.

26.3.6. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:

– имараттын фасадынын белгиленген паспорту менен фасаддын түсүнө жана жасалгасына ылайык келбеген жантаймаларды жана жик жапкычтарды сырдоого жана каптоого, оюктун айланасындагы фасаддын участкасын бөлүктүк сырдоого же каптоого;

– таш менен капталган тегиздиктерди сырдоого;

– тегиздиктердин жана жантаймалардын жасалгасын, оюктарды архитектуралык жасалгалоо элементтерин (жик жапкычтар, профилдер, жасалга элементтери) бузууга (2-тиркеме, 4-сүрөттү караңыз);

– туюк витриналардын түзүзүлүшүнө, айнектелген тегиздиктерди сырдоо жана пленка менен жабууга, айнектерди айнекблоктор менен алмаштырууга, тегиздиктин тердешине жана конденсаттын пайда болушуна алып келген сапатсыз айнектөө түзүлүштөрүнө, ошондой эле терезе оюктарын жана витриналарды толук жапкан имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, жарнамалык конструкцияларды жана башка маалыматтарды сыртка жайгаштырууга;

26.3.7. Айрым терезе блокторун оңдоодо жана алмаштырууда жол берилбейт:

– имараттын фасадынын паспортуна ылайык келбеген түс чечимин, терезе көздөрдүн сүрөтүн жана калыңдыгын жана түзүлүштүн башка элементтерин жана терезелердин жана витриналардын жабдууларын өзгөртүүгө;

– витриналардын көрсөтүлгөн түзүлүшү имараттын фасадынын паспорту менен орнотулган учурларды кошпогондо, фасаддын тегиздигине,  фасаддын тегиздигинен чыгып турган витрина түзүлүштөрүнө карата оюкта жайгашкан терезе блогун өзгөртүүгө;

– фасаддын тышкы көрүнүшүн бузган терезе кутусунун жана оюгунун ортосунда сапатсыз жик чечимдери.

26.3.8. Фасаддын жалпы  архитектуралык көрүнүшүн (терезекөздордүн сүрөтү жана калыңдыгы, түс чечими, түсүн жаңылоо жана материалдардын текстурасы) эске алуу менен имараттын фасадынын паспортуна ылайык, эски терезе толтурмаларын заманбап терезе жана витрина конструкциялары менен алмаштырууга жол берилет.

26.3.9. Тунук эмес, күңүрттөнгөн, күзгүлүү, түстүү айнектерди колдонууга ушул Эрежелердин 23-25-пункттарында белгиленген тартипте жол берилет.

26.3.11. Тосмо витриналарды орнотуу, айнектелген беттерди сырдоо жана жука материал менен каптоо, айнекти айнек блокторго алмаштыруу, беттин туманданышына жана конденсациянын пайда болушуна алып келген сапатсыз айнек, ошондой эле имараттын фасаддарынын жана түзүлүштөрүнүн маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн сырттан жайгаштыруу, терезе тешиктерин жана витриналарын толугу менен жаап турган конструкцияларга, жарнамалык конструкцияларга жана башка маалыматтарга жол берилбейт.

26.3.12. Имараттын (курулманын) фасадынын паспортунун формасына ылайык, терезелер жана витриналар, текчелер менен, суу чыгаруу тутумдары менен жабдылган, терезе конструкцияларынын же фасаддын негизги түсүнө окшош сырдалган болуусу тийиш.

26.3.13. Имараттын фасадынын паспортуна ылайык, торчолор жекече же типтүү долбоорлор боюнча аткарылат.

26.3.14. Имараттын фасадынын паспортунда каралбаган торчолорду орнотууга, ошондой эле имараттын фасадынын паспортунда каралган имараттардын жана курулмалардын фасаддарындагы торчолорду жоюуга жол берилбейт.

26.3.15. Имараттын фасадынын паспортунда каралбаган сырткы коргоочу экрандарды жана жалюздарды орнотууга жол берилбейт.

Архитектуралык деталдардын, жасалганын, фасаддын декорунун, кооздоонун жана оюктун архитектуралык жасалгасынын бузуктары менен торчолорду, тышкы коргоо экрандарын жана жалюздарды орнотууга жана жоюга жол берилбейт.

26.3.16. Торчолордун,  тышкы коргоо экрандарынын жана жалюздардын түс чечимдери, имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүсү, фасадда бирдий мүнөзгө ээ болуусу жана фасаддын жалпы архитектуралык кейпине шайкеш келүүсү зарыл.

26.3.17. Витриналардын тосмолорун орнотууга, оюктун төмөнкү чек арасынан бийиктиги кабаттын деңгээлинен 0,8м кем болгондо, фасаддын бетинен аралык 0,3м (чуңкурча жок болсо) ашпаса жол берилет. (2-тиркеме, 5-сүрөттү караңыз).

26.3.18. Витриналардын тосмолору имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө, фасадда бирдиктүү мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө ылайык келүүгө тийиш.

26.3.19. Тротуардын деңгээлинен төмөн жайгашкан жер төлө кабатынын терезелери үчүн, тротуардын минималдуу ченемдик энин эске алуу менен фасаддын бетинен 0,8 метрден ашпаган аралыкта чуңкурларды орнотууга жол берилет (2-тиркеме, 6-сүрөттү караңыз).

26.3.20. Чуңкурларда таш бордюр түрүндөгү тосмо, металл тор менен капталган же бийиктиги 0,4-1,0м болгон металл тосмо, уюштурулган арык түзүлүшү болушу керек, ошондой эле мезгил-мезгили менен тазалоо мүмкүндүгү менен таштандылардын түшүүсүнөн коргоо менен камсыз болушу керек (2-тиркеме, 7-сүрөттү караңыз).

26.3.21. Чуңкурлар имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө, бирдиктүү мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө, жасалгалоо материалдарына, түс чечимине шайкеш келүүгө тийиш.

26.3.22. Кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын сырткы блокторун жайгаштырууга ушул Эрежелердин “Фасаддарды кошумча жабдуу” бөлүмүндө белгиленген талаптарга ылайык жол берилет.

26.3.23. Маркизаларды (тенттерди) жайгаштыруунун шарты болуп, бир тенттин бир эшикке же терезеге дал келиши саналат. Маркиздерди бардык эшиктердин, терезелердин жана витриналардын үстүнө жайгаштырууга жол берилет.

26.3.24. Маркиздерди экинчи кабаттын терезелеринин пайдубалынын деңгээлинен төмөн жайгаштырууга жол берилет. Тротуардын бетинен маркиздин төмөнкү четинин бийиктиги 2,5 метрден кем эмес. Маркиздер терезе жана эшик оюктарынын аянтынын 30% дан ашыгын ээлебеши керек (2-тиркеме, 8-сүрөттү караңыз).

26.3.25. Фасадга маркиздерди жайгаштыруу бирдиктүү, ирээттүү мүнөзгө ээ болууга, оюктун тыш өлчөмүнө жана контуруна ылайык келүүгө, архитектуралык тетиктердин, жасалганын, жасалгалоонун баалуу элементтеринин, даректөө белгилеринин көрүнүшүн начарлатпоого тийиш.

26.3.26. Маркиздерди архитектуралык тетиктерге, жасалга элементтерине, баалуу жасалгасы жана көркөм жасалгасы бар тегиздиктерге, фасаддын чегинде ар кандай бийиктикте бекитүүгө жол берилбейт (2-тиркеме, 9-сүрөттү караңыз).

26.3.27. Маркиздин түсү имараттын фасадынын паспортунун формасында каралган фасаддын түс чечими менен макулдашылышы керек.

26.3.28. Витриналарды жасалгалоо комплекстүү мүнөзгө, бирдиктүү түстүү чечимге жана жарыктандырууга, көркөм чечимдин жана аткаруунун жогорку сапатына ээ болууга жана имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө тийиш.

26.3.29. Маркиздерде жана витриналарда жарнама конструкцияларын жайгаштыруу талаптарына ылайык жарнамаларды жайгаштырууга, колдонуудагы уруксат берүүчү документтерде каралган жана ушул Эрежелерде белгиленген тартипти жана талаптарды сактоодо жол берилет.

26.3.30. Терезелерди жана витриналарды мезгилдик жашылдандыруу, архитектуралык чечимге жана фасаддын техникалык абалына зыян келтирбестен ирээттүү жайгаштырылып, бекем бекитилген конструкцияга ээ болушу керек. Жашылдандыруу элементтеринин жайгашуусу жана сырткы көрүнүшү фасаддын эстетикалык жагымдуулугуна өбөлгө түзүп, анын жабдууларын жана дизайнын комплекстүү чечүүнү камсыз кылуусу зарыл. Жашылдандырууну орнотууда зарыл болгон гидроизоляция, архитектуралык беттерди коргоо камсыз кылынууга тийиш.

26.3.31. Менчик ээлери, тиешелүү милдеттер жүктөлгөн имараттардын жана курулмалардын ээлери жана башка адамдар терезелердин жана витриналардын айнектерин жана жабдуу элементтерин дайыма тазалап турууну, терезелердин жана витриналардын учурдагы жана колдоочу оңдоосун (ремонт) камсыз кылышат.

 

Кирүү топторунун түзүлүштөрү жана жабдуулары.

 

  1. Жалпы жоболор.

27.1. Кирүү топторунун түзүлүшүнө, жабдылышына жана жасалгаланышына коюлуучу талаптар төмөнкүлөрдө аныкталат:

– имараттын фасадынын паспорту менен;

– имараттын жана курулманын архитектуралык-көркөм баалуулугу менен;

– жайларды пайдалануунун арналышы, мүнөзү менен;

– имараттын, курулманын негизги тирөөч конструкцияларынын техникалык абалы менен.

27.2. Кирүү топторун жекече жабдуу жана жасалгалоо ушул Эрежелердин 21-22-пункттарында белгиленген тартипте ишке ашырылат.

27.3. Кирүү топторунун жана оюктарынын түзүлүшү, жабдылышы, алардын сырткы көрүнүшүн, түс чечимин өзгөртүү, кирүү топторун жоюу, тыш өлчөмдөрүн жана конфигурацияларын өзгөртүү, оюктарды орнотуу, эшик конструкцияларын, калканчтарды жана жабдуунун башка элементтерин орнотуу, тепкичтерди жана чуңкурларды орнотуу менен байланышкан аракеттер, ушул Эрежелердин 23-25-пункттарында белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

27.4. Кирүү топторунун түрлөрү жана жайгашуусу.

27.4.1. Кирүү топторунун түрлөрү жана жайгашуусу имараттын фасадынын паспорту, имараттын, курулманын конструкциялык тутуму, имараттын, курулманын жайларынын пландалышы жана арналышы менен аныкталат.

27.4.2. Кирүү топтору жайгашкан жери боюнча төмөнкүдөй айырмаланат:

– алдыңкы фасадда жайгашкан;

– короо фасадында жайгашкан;

– биринчи кабаттын жайында жайгашкан;

– жер төлө кабатынын жайында жайгашкан.

27.4.3. Фасадда кирүү топторунун жайгашуусунда, алардын тыш өлчөмдөрү, түзүлүшүнүн мүнөзү жана сырткы көрүнүшү имараттын фасадынын паспортуна ылайык келиши керек.

27.4.4. Имараттардын жана курулмалардын фасаддарында кирүү топторун жайгаштыруунун жана архитектуралык чечиминин негизги принциптери:

– фасадда жайгаштыруунун бирдиктүү мүнөзү жана тартиби;

– фасаддын негизги композициялык окторуна байлоо;

– кире бериштерди витриналар менен айкалыштыруу мүмкүнчүлүгү.

27.4.5. Кошумча кирүү топторун жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү, имараттын фасадынын паспортун, жайлардын пландалышын, учурдагы кире бериштердин жайгашуусун, ошондой эле кире бериштердин архитектуралык чечимине зыян келтирбестен бул фасадга жайгаштыруунун чектик тыгыздыгын эске алуу менен фасаддын жалпы концепциясынын негизинде аныкталат.

27.4.6. Объекттин функционалдык багыты өзгөргөндө (турак жайдан турак эмес жайга), ушул Эрежелерде белгиленген талаптарды эске алуу менен шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылган, имаратты кайра пландоо, быгытын өзгөртүү же кайра конструкциялоо документтеринин курамында фасаддын архитектуралык чечимине ылайык келген шартта бир кире бериш топту курууга жана жабдууга жол берилет. Өрткө каршы ченемдердин талаптарын сактоо максатында, ушул пунктта белгиленген башка талаптар сакталган шартта эки кире беришти жабдууга жол берилет.

Фасаддын архитектуралык чечими жайды кайра пландоого, багытын өзгөртүүгө же кайра конструкциялоого документтердин курамында имараттын фасадынын учурдагы кире бериштерин, витриналарын, имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, имараттын фасадынын паспортуна ылайык келген жарнамалык конструкцияларды эске алуу менен бүтүндөй имараттын фасады үчүн аткарылат.

27.4.7. Имараттын фасадынын паспорту менен аныкталган фасаддын композициясынын бузулушуна алып келген, алардын түрүнө жана жайгашуусуна карабастан кирүү топторун жайгаштырууга, тыш өлчөмдөрүн жана конфигурацияларын өзгөртүүгө, кошумча кире бериштерди орнотууга же учурдагыларын жоюуга жол берилбейт.

27.4.8. Долбоордо жана имараттын фасадынын паспортунда каралган имараттардын жана курулмалардын фасадындагы учурдагы кире бериштердин архитектуралык чечими жана композициялык мааниси сакталууга тийиш. Башка кирүү топторунун жайгашуусу, түзүлүшүнүн жана жабдууларынын мүнөзү долбоордо жана имараттын фасадынын паспортунда каралган фасаддагы кире бериштердин композициялык ролун бузбашы керек.

27.4.9. Имараттын алдыңкы фасадында кирүү топторун орнотуу, кызыл сызыкка жана түзүлгөн курулуш сызыгына ылайык фасаддын архитектуралык композициясын максималдуу сактоо принциби менен имараттын, курулманын ички мейкинидигинин эсебинен жүзөгө ашырылышы зарыл.

27.4.10. Имараттын, курулманын ички мейкиндигинен тышкары, ушул Эрежелерде белгиленген талаптарды эске алуу менен шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылган фасаддын архитектуралык чечиминин негизинде аларды кызыл сызыктардын чектеринде, тротуарлардан, өтмөктөрдөн жана жашылдандырылган аймактардан тышкары жайгаштыруу шартында кирүү топторун түзүүгө жол берилет. Фасаддын көрсөтүлгөн архитектуралык чечими имараттын фасадынын паспортуна ылайык келген имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын учурдагы кире бериштерин, витриналарын, маалыматтык элементтерин жана түзүлүштөрүн, жарнамалык конструкцияларын эске алуу менен бүтүндөй имараттын фасады үчүн аткарылат.

27.4.11. Кирүү топторун туюк дубалдарга жана брандмауэрлерге орнотууга зарыл долбоордук негиздемелер болгондо жана ушул Эрежелерде каралган өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык келгенде жол берилет.

27.4.12. Көп квартиралуу үйдө жайгашкан турак жайга өзүнчө обочолонгон түздөн-түз көчөдөн кире беришке жол берилбейт.

27.4.13. Имараттын, курулманын алдыңкы фасадында жер төлө же цоколдук кабаттарындагы жайга кире беришти орнотуу, фасаддын архитектуралык курамын максималдуу сактоо принциби менен имараттын, курулуштун ички мейкиндигинин эсебинен жүзөгө ашырылышы зарыл.

Имараттын, курулманын каптал фасадында жер төлө же цоколдук кабаттарындагы жайга кирүү топторун орнотууга, фасаддын архитектуралык курамын максималдуу сактоо жана жөө жүрүүчүлөр өтүүчү жолдун жана өрткө каршы техниканын өтүүчү жолунун минималдуу туурасын сактоо принцибине ылайык, зарыл долбоордук негиздемелер болгондо жана курулуш ченемдерине жана эрежелерине ылайык жол берилет.

Жер төлө же цоколдук кабаттардагы жайлардын кире бериштери бүткүл фасаддын чегинде бирдиктүү чечимге ээ болууга, биринчи кабаттын кире бериштери менен макулдашып жайгашууга, имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө, жөө адамдардын жана транспорттун жүрүшүнө тоскоолдук кылбоого тийиш.

27.4.14. Биринчи кабаттан, терезе жана эшик оюктарынан жогору турган же учурдагы терезе жана эшик оюктарынын деңгээлинен жогору жайгашкан кирүү топторун түзүүгө жол берилбейт (2-тиркеме, 10-сүрөттү караңыз).

27.4.15. Бардык кирүү топтору бүтүндөй фасаддын чегинде бирдиктүү архитектуралык чечимге ээ болууга, макулдашылып жайгашууга, фасаддын архитектуралык композициясын бузбоого, жөө жүрүүчүлөрдүн жана транспорттун кыймылына тоскоол болбоого тийиш.

27.4.16. Соода жана тейлөө объекттерине кире бериштер витриналарды орнотуу жана жасалгалоо менен, фасаддын көрсөтүлгөн объектке тиешелүү бөлүгүн жарнамалык жана маалыматтык жасалгалоо менен бирдиктүү комплексте чечилүүгө тийиш. Соода жана тейлөө объектисине тиешелүү фасаддын бөлүгүнүн комплекстүү чечими имараттын фасадынын паспорту менен аныкталган фасаддын жалпы композициясына ылайык келиши керек.

27.4.17. Жайларды пайдалануунун мүнөзү өзгөргөндүгүнө байланыштуу, имараттардын жана курулмалардын биринчи кабатынын кире бериштерин алардын түзүлүшүнүн жана жабдууларынын (эшик эн тилкелерин калканчтарды, тепкичтерди) айрым мүнөздөмөлөрүн, ушул Эрежелердин 23-25-пункттарында белгиленген тартипте өзгөртүүгө жол берилет.

27.4.18. Ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен, шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органда макулдашылган жайды кайра пландаштырууга, багытын өзгөртүүгө же кайра конструкциялоого документтердин курамында фасаддын архитектуралык чечимине ылайык келген шартта эшик оюгун терезеге кайра курууга жол берилет.

27.5. Кирүү топторунун түзүлүшүнө жана жабдууларына талаптар.

27.5.1. Кирүү топторунун түзүлүшүнүн жана жабдууларынын негизги элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:

– архитектуралык оюк;

– оюкту архитектуралык жасалгалоо (жантаймалар, жик жапкычтар, тетиктер, жасалга элементтери);

– эшик толтургучтары;

– калканчтар, бастырмалар;

– баскычтар, тепкичтер, канаттар;

– чуңкурчалар (жер төлө жайларына кирүү үчүн);

– жарыктандыруу.

27.5.2. Кирүү топторунун түзүлүшүнүн жана жабдууларынын кошумча элементтери болуп төмөнкүлөр саналат:

– коргоочу түзүлүштөр (торчолор, экрандар, жалюзалар);

– багыттоо маалыматтарынын элементтери (көрнөктөр, астананын (подъезд), тепкичтин, квартиранын номерин көрсөтүү менен тактачалар).

27.5.3. Кирүү топторунун түзүлүштөрү жана жабдуулары имараттын фасадынын паспортуна ылайык бирдиктүү мүнөзгө ээ болушу керек.

27.5.4. Кирүү топторунун түзүлүштөрүнө жана жабдууларына жалпы талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

– фасаддын жалпы архитектуралык жана түс чечимине ылайык комплекстүү мүнөзү;

– оңдоо, куроо, жасалгалоо иштеринин, колдонулган материалдардын жана конструкциялардын талаптагыдай сапаты;

– элементтердин жана конструкциялардын ишенимдүүлүгү, коопсуздугу;

– фасаддын техникалык абалына жана сырткы көрүнүшүнө, жөө жүрүүчүлөрдүн жана транспорт кыймылынын ыңгайлуулугуна жана коопсуздугуна зыян келтирбестен орнотуу жана пайдалануу.

27.5.5. Кирүү топторунун түзүлүштөрү жана жабдуулары ченемдик укуктук актылардын, курулуш эрежелеринин жана ченемдеринин талаптарын эске алуу менен аткарылышы керек.

27.5.6. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:

– жантаймаларды жана жик жапкычтарды сырдоого, фрагменттүү сырдоого, имараттын фасадынын паспорту менен белгиленген түскө жана фасаддын жасалгасына дал келбеген кире бериштин тегерегиндеги фасаддын бөлүгүн каптоого;

– таш менен капталган тегиздиктерди сырдоого;

– жантаймалардын тегиздиктерин керамикалык плиталар менен каптоого;

–  жайнтаймалардын тегиздиктерин жана жасалгасын, оюкту архитектуралык жасалгалоо элементтерин (жик жапкычтар, профилдер, декор элементтери) бузууга (2-тиркеме, 11-сүрөттү караңыз).

27.5.7. Эшик толтургучтарын орнотууда, оңдоодо жана алмаштырууда төмөнкүлөргө жол берилбейт:

– имараттардын жана курулмалардын алдыңкы фасаддарында туюк метталдан эн тилкени (полотно) орнотууга;

– имараттын (курулманын) фасадынын паспортуна, фасаддагы башка кире бериштердин мүнөзүнө жана түс чечимине ылайык келбеген эшик толтургучтарын орнотууга;

– эшик толтургучтарын , фасаддын чегиндеги терезе жана витрина конструкцияларын ар түрдүүчө сырдоого;

– витриналар менен айкалыштырылган кире бериштерде туюк эшик эн тилкесин орнотууга;

– фасаддын тегиздигине карата оюкта эшик блогунун жайгашуусун өзгөртүү;

– имараттын фасадынын тегиздигинен чыгып турган кирүү эшигин орнотууга (2-тиркеме, 12-сүрөттү караңыз).

27.5.8. Эски эшик толтургучтарын заманбап эшик конструкциялары менен алмаштырууга, имараттын фасадынын паспортуна ылайык жол берилет.

27.5.9. Калканчтар жана бастырмалар имараттын фасадынын паспортуна ылайык жекече жана типтүү долбоорлорго ылайык аткарылат.

27.5.10. Имараттын фасадынын паспортунда каралган имараттардын жана курулмалардын фасаддарында калканчтарды жана бастырмаларды жоюуга жана имараттын фасадынын паспорту менен каралбаган, коопсуздук талаптарына жооп бербеген, фасаддын сырткы көрүнүшүн бузган калканчтарды жана бастырмаларды орнотууга жол берилбейт.

27.5.11. Турак жайлардын терезелеринин астында калканчтарды жана бастырмаларды орнотууга, имараттын негизги бөлүгүндө жайгашкан турак (турак эмес) жайлардан жогору полдун белгисинен ашпаган, чатырдын деңгээли туташтырылган жерлерде орнотулган шартта жол берилет.

27.5.12. Баскычтардын, тепкичтердин, канаттардын,  чуңкурлардын түзүлүшү, ченемдик талаптарга жооп берип, пайдалануунун ыңгайлуулугун жана коопсуздугун камсыз кылууга тийиш. Түзүлүштүн мүнөзү, материалдары, түсү имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө тийиш.

27.5.13. Жер төлө кабатынын жайларына чуңкурлары бар кире бериштерди орнотууга, тротуардын жана өтүү жолунун ченемдик туурасын эске алуу менен жер астындагы инженердик тармактардын зонасынын чегинен тышкары, короо фасаддарында жол берилет.

27.5.14. Майыптардын жана башка адамдардын имараттарга жана курулмаларга кирүүсүн камсыз кылуу максатында, имараттарга жана курулмаларга тепкичтер менен кирүү кыйын болгон кире бериштеги тепкичтерге жантык жолдор (пандустар) жана кармагычтар орнотулушу керек.

27.5.15. Деңгээлдердин өзгөрүшү 0,4 метрден ашса, тосмо орнотуу керек. Фасаддагы тосмолордун мүнөзү бирдей стилде болууга, имараттын фасадынын паспортуна, металл декорунун жана жабдуунун башка элементтерине шайкеш келүүгө тийиш. Туюк тосмолорду орнотууга жол берилбейт.

27.5.16. Тепкичтердин бети жылдын кайсыл мезгилинде болбосун тайгаланбоосу тийиш. Адамдар үчүн коркунуч туудурган материалдарды жана конструкцияларды пайдаланууга жол берилбейт. Тепкичтерди айнектелген тактача, жылмаланган таш менен каптоого, тепкичтердин үстүн тайгаланууга жол бербөөчү атайын тазалоо же тепкичти туурасы 0,8 метрден кем эмес бекитилген резина килемчелер менен жабуу шартында жол берилет.

27.5.17. Ар кандай тегиздиктерде көрүнүп турган (ачык) тирөөч конструкциялык элементтери бар металл тепкичтерди жана тосмолорду короонун фасаддарында орнотууга, алар көчөдөн көрүнбөгөн шартта жол берилет.

27.5.18. Сырткы коргоочу экрандарды жана жалюзаларды короо фасадынын биринчи кабатындагы турак эмес жайлардын кире беришине орнотууга паспорттун негизинде  жол берилет.

27.5.19. Кирүү топторунун сырткы коргоочу экрандарынын жана жалюзалардын түс чечими имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө, фасадда бирдиктүү мүнөзгө ээ болууга жана фасаддын жалпы архитектуралык көрүнүшүнө шайкеш келүүгө тийиш.

27.5.20. Кире бериштеги жарык архитектуралык чечимдин курамында каралууга жана имараттын фасадынын паспортуна ылайык келүүгө тийиш. Кире бериштерди жарыктандырууда фасадды көркөм жарыктандыруу тутуму эске алынууга тийиш (ал бар болсо имараттын фасадынын паспортуна ылайык).

27.5.21. Кире бериштерди мегилдүү жашылдандыруу жер үстүндөгү, дубалга орнотулган, асма түзүлүштөрдү пайдалануу менен каралат.

27.5.22. Дубалга орнотулган, асма түзүлүштөр фасаддын техникалык абалына зыян келтирбестен жайгаштырылышы, бекем бекитүү конструкциясына ээ болушу керек.

27.5.23. Жашылдандыруу элементтеринин жайгашуусу жана сырткы көрүнүшү фасаддын эстетикалык жагымдуулугуна өбөлгө түзүп, анын жабдылышын жана жасалгасын комплекстүү чечүүнү камсыз кылышы керек. Жашылдандырууну орнотууда зарыл болгон гидроизоляция, архитектуралык беттерди коргоо камсыз кылынууга тийиш.

27.5.24. Кире бериштердин түзүлүштөрүн жана жабдууларын алмаштырууда, оңдоодо, пайдаланууда, ушул Эрежелердин 24-26-пункттарында белгиленген тартипте алардын мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө жол берилет.

 

Балкондор жана лоджиялар

 

  1. Жалпы жоболор.

28.1. Балкондорду жана лоджияларды орнотууга, жабдууга жана жасалгалоого коюлган талаптар, төмөнкүлөр менен аныкталат:

– имараттын (курулманын) фасадынын паспорту менен;

– имараттардын жана курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу менен;

– имараттын, курулманын негизги тирөөч конструкцияларынын техникалык абалы менен.

28.2. Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүшүн жана сырткы көрүнүшүн өзгөртүү менен байланышкан иш-аракеттер (айнектөө, оңдоо же тосмолорун алмаштыруу, түс чечими), ушул Эрежелердин 23-25-пункттары менен белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

28.3. Балкондордун жана лоджиялардын түрлөрү жана жайгашуусу, бузулган балкондорду жана лоджияларды калыбына келтирүү, тосмонун сүрөтү имараттын фасадынын паспорту, имараттын же курулманын долбоордо каралган конструкциялык тутуму менен аныкталат.

28.4. Жайгашкан орду боюнча айырмаланат:

– алдыңкы фасаддын балкондору жана лоджиялары;

– короо фасаддарынын балкондору жана лоджиялары;

– биринчи кабаттын лоджиялары;

– мансарддык балкондор жана лоджиялар.

28.5. Фасаддардагы балкондордун жана лоджиялардын архитектуралык чечиминин негизги принциптери:

– фасаддын (фасаддардын) бүтүндөй бетиндеги бирдиктүү мүнөзү;

– кабаттарга ылайык топтому (фасаддын кабатка бөлүнүшүнө ылайык бирдиктүү мүнөз);

– вертикалдык топтом (вертикалдуу ички коммуникацияларды, эркерлерди жайгаштырууга ылайык бирдиктүү мүнөз);

– фасаддын (фасаддын бөлүктөрүнүн) толук айнектелиши.

28.6. Балкондорду жана лоджияларды жабдуу жана жасалгалоо, алардын айнектери, түс чечими имараттын фасадынын паспортуна ылайык келиши керек.

28.7. Өз билемдик менен айнектөөгө жана тыш өлчөмдөрүн өзгөртүүгө, түс чечимин, тосмолордун сүрөтүн жана балкондордун жана лоджиялардын түзүлүшүнүн жана жабдууларынын башка элементтерин өзгөртүүгө, жаңы балкондорду жана лоджияларды курууга же имараттын фасадынын паспорту менен аныкталган фасаддын композициясын бузууга алып келген учурдагыларын жоюуга жол берилбейт.

28.8. Балкондорду жана лоджияларды өзгөртүү зарылчылык менен негизделет, имараттарды реконструкциялоо жана капиталдык оңдоонун алкагында фасадды жаңыртуу, курулуш нормаларына, эрежелерине, бирдиктүү түзүмдөрүнө, комплекстүү чечимге ылайык жана ушул эрежелерди эске алуу менен жол берилет.

28.9. Имараттардагы балкондорду жана лоджияларды кайра курууга, өзгөртүүгө, кайра конструкциялоого, капиталдык оңдоого курулуш ченемдерине жана эрежелерине жана ушул Эрежелердин 23-25-пункттарынын талаптарына ылайык, фасаддын бирдиктүү комплекстүү чечими сакталган шартта жол берилет.

28.10. Жайларды пайдалануунун функционалдык арналышынын мүнөзүнүн өзгөрүшүнө байланыштуу, ушул Эрежелердин талаптарын эске алуу менен фасадды бирдиктүү комплекстүү чечүү шартында имараттардын жана курулмалардын биринчи кабатындагы лоджияларды алардын түзүлүшүнүн жана жабдууларынын айрым мүнөздөмөлөрүн өзгөртүү менен кайра конструкциялоого жол берилет.

28.11. Балкондорду жана лоджияларды орнотуу жана жабдуу.

28.11.1 Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын элементтери:

– архитектуралык оюктар;

– тосмолор;

– оюктарды архитектуралык жасалгалоо;

– айнектөө конструкциясы;

– вертикалдуу жашылдандыруу түзүлүштөрү.

28.11.2. Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын кошумча элементтери:

– жасалга торчолору;

– коргоо торчолору;

– тосмолор;

– кондиционерлөө жана вентиляция тутумдарынын сырткы блоктору;

– маркизалар;

– көркөм жарыктандыруу;

– жашылдандыруу.

28.11.3. Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнө жана жабдууларына жалпы талаптар болуп төмөнкүлөр саналат:

– фасаддын жалпы архитектуралык жана түс чечимине карата комплекстүү мүнөзү;

– оңдоо, куроо, жасалгалоо иштеринин жогорку сапаты;

– пайдаланылган материалдардын жана конструкциялардын жогорку сапаты;

– элементтердин жана конструкциялардын ишенимдүүлүгү, коопсуздугу;

– фасаддын техникалык абалын жана тышкы көрүнүшүн бузбастан орнотуу жана пайдалануу;

– талаптагыдай абалда күтүү.

– 28.11.4. Фасаддын архитектуралык чечиминин биримдиги жагынан балкондордун жана лоджиялардын түзүлүшүнүн жана жабдууларынын эң маанилүү мүнөздөмөлөрү:

– оюктардын архитектуралык формасы;

– терезе жана витрина конструкцияларынын өңү;

– терезекөздөрдүн сүрөттөрү;

– терезе конструкцияларынын профилинин туурасы, анын айнек тегиздигине карата жайгашуусу;

– жантаймаларды кооздоо жана сырдоо;

– терезе жана витрина конструкцияларынын материалы.

28.11.5. Төмөнкүлөргө жол берилбейт:

– оюктардын архитектуралык формасын өз билемдик менен өзгөртүүгө;

– тосмолордун мүнөзүн (түсүн, сүрөтүн, тунуктугун) өз билемдик менен өзгөртүүгө;

– фасаддын бөлүгүнүн архитектуралык чечимин өзгөртүү, айнектелген конструкцияларды, тосмо конструкцияларды орнотуу менен балкондорду жана лоджияларды уруксатсыз кайра конструкциялоого;

– балкондун же лоджиянын чегинде фасаддын бөлүгүн фрагменттүү сырдоо же каптоого (2-тиркеме,  13-сүрөттү караңыз).

28.11.6. Имараттын жана курулманын ишенимдүүлүгүнүн жана коопсуздугунун конструкциялык жана башка мүнөздөмөлөрүнө тиешелүү балкондорду жана лоджияларды кайра конструкциялоого Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте экспертизадан өткөн макулдашылган долбоордук документтердин негизинде жол берилет.

28.11.7. Балкондордун жана лоджиялардын жабдууларынын кошумча элементтерин орнотуу жана жасалгалоо, ушул Эрежелерде белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.

28.12. Балкондорду жана лоджияларды пайдалануу эрежелери.

28.12.1. Менчик ээлери, тиешелүү милдеттер жүктөлгөн имараттардын жана курулмалардын ээлери жана башка адамдар жабдуулардын элементтерин үзгүлтүксүз тазалоону, балкондорду, лоджияларды жана тосуучу конструкцияларды утурумдук оңдоону камсыз кылууга тийиш.

28.12.2. Балкондордун жана лоджиялардын түзүлүштөрүнүн жана жабдууларынын элементтерин алмаштырууда, оңдоодо, пайдаланууда имараттын фасадынын паспортунда белгиленген алардын мүнөздөмөлөрүн өзгөртүүгө жол берилбейт.

 

Фасаддарды кошумча жабдуу

 

  1. Жалпы жоболор.

29.1.  Фасаддардын кошумча жабдуулары болуп имараттардын жана курулмалардын ички эксплуатациясын техникалык камсыздоо тутумдары жана фасаддарда жайгашкан жабдуулардын элементтери саналат.

29.2. Фасаддардын кошумча жабдууларын жайгаштырууга коюлган талаптар, төмөнкүлөр менен аныкталат:

– имараттын фасадынын паспорту менен;

– имараттардын жана курулмалардын архитектуралык-көркөм баалуулугу менен;

– имараттын, курулманын негизги тирөөч конструкцияларынын техникалык абалы.

29.3. Кошумча жабдууларды фасадга жайгаштыруу менен байланышкан иш-аракеттер, имараттын фасадынын паспортуна ылайык келиши керек.

29.4. Фасаддарды кошумча жабдуунун түрлөрү:

а) имараттарды ички эксплуатациялоону техникалык камсыздоо тутумдары:

– кондиционерлөө жана вентиляция тутумдарынын сырткы блоктору;

– антенналар;

б) шаардык жабдуулар:

– почта үкөгү;

– таксофондор;

– банкоматтар жана төлөм терминалдары;

– сааттар;

в) техникалык жабдуу:

– тышкы байкоо видеокамералары;

– шаардык жүргүнчүлөр үчүн электр транспортунун кыймылын, шаардын аймагын жарыктандырууну, кабелдик линияларды, дубал электрощиттерин, фасадды көркөм жарыктандыруу тутумдарын камсыз кылуу үчүн жабдуулар.

29.5. Фасаддардын кошумча жабдуулары бирдиктүү көрүнүшкө жана практикалык арналышка ээ болушу керек.

29.6. Фасаддардын кошумча жабдууларынын курамы жана жайгашкан орду архитектуралык чечимге жана фасаддын жасалгасына байланыштуу болушу керек.

29.7. Фасаддардын кошумча жабдууларын жайгаштырууга талаптар.

29.7.1. Имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын кошумча жабдууларын жайгаштыруунун жалпы талаптары:

– фасаддардын сырткы көрүнүшүнө жана техникалык абалына зыян келтирбестен имараттын фасадынын паспорту менен аныкталган жерлерге жайгаштыруу;

– архитектуралык тегиздиктер (беттер) менен минималдуу байланыш, бекиткичтердин сарамжалдуу түзүлүшү, иштетүүдө технологиялык ыңгайлуулугу, стандарттуу конструкцияларды колдонуу;

–  адамдар үчүн коопсуздугу;

– фасаддардын кошумча жабдууларын жайгаштыруунун комплекстүү чечими;

– жашоо шарттарын, жөө жүрүүчүлөрдүн жана транспорттун кыймылын начарлатпаган жайгаштыруу;

– эксплуатациялоо жана тейлөө ыңгайлуулугу.

29.7.2. Имараттарды ички эксплуатациялоону техникалык жактан камсыз кылуунун элементтерин жайгаштырууга төмөнкү талаптар сакталган учурда жол берилет:

– алдыңкы фасаддын бетинен тышкары жайгаштыруу;

– фасаддын бетине техникалык түзүлүштөрдүн минималдуу чыгышы;

– жыйнактуу катар жайгашуусу;

– сырткы блокторду, тетиктерди чүмбөттөө (маскировка);

– жалпы тирөөч негизде бир катар элементтерди топтоо;

– фасаддагы октордун бирдиктүү тутумуна байлануу.

29.7.3. Шаардык жабдуулар үчүн орун тандоо аныкталат:

– райондун, кварталдын, көчөнүн чектеринде жабдууларды жайгаштыруунун тармактык тутуму менен;

– жайгаштырууну бирдейлештирүү менен;

– визуалдык жана физикалык жеткиликтүүлүгү, пайдалануунун ыңгайлуулугу менен;

– имараттын фасадынын паспорту жана кошумча жабдуулардын башка элементтерин жайгаштыруу менен.

29.7.4. Техникалык жабдуулар үчүн жайгаштыруу, имараттын фасадынын паспорту менен байланыштырууда, инженердик тармактардын түзүлүшүнүн ченемдик талаптары менен аныкталат.

29.7.5. Кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын сырткы блокторун жайгаштырууга жол берилет:

– имараттардын жана курулмалардын чатырында (ички аба өткөрүү каналдары менен чатырдагы кондиционерлер) (2-тиркеме, 14-сүрөттү караңыз);

– маскалоочу тосмолорду (торчолорду, жалюзаларды) пайдалануу менен терезе оюктарынын үстүңкү бөлүгүндө, жертөлө кабатынын терезелеринде фасаддын тегиздигинен тышка чыгарбай;

– көчөдөн көрүнбөгөн короо фасаддарында ирээттүү түрдө, фасаддагы октордун бирдиктүү тутумуна байланыштырып (2-тиркеме, 15-сүрөттү караңыз);

– лоджияларда жана балкондордо, лоджия жана балкон тегиздигинен тышка чыкпай, бир кыйла көрүнбөгөн жерлерде (2-тиркеме, 16-сүрөттү караңыз);

– арка оюгунда жер бетинен 3,0 метрден кем эмес бийиктикте.

29.7.6. Диаметри 0,15м ге чейинки дубалдын тешиги аркылуу аба менен камсыз кылуу, тосмо тор менен жашырылган сырткы блогу жок кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарын чектөөсүз орнотууга жол берилет.

29.7.7. Кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын сырткы блокторун жайгаштырууга жол берилбейт:

– алдыңкы фасаддардын үстүндө;

– көчөдөн көрүнгөн короо жана каптал фасаддарында (лоджияларда жана балкондордо жайгашууну кошпогондо);

– жөө жүрүүчүлөр үчүн тротуарлардын үстүндө;

– чүмбөттөлгөн тосмолорду пайдаланбай, фасаддын тегиздигинен ашып терезе оюктарында;

– архитектуралык деталдарга, декор элементтерине, баалуу архитектуралык жасалгалуу беттерде жайгаштырууга, ошондой эле архитектуралык беттердин бузулуусуна алып келген бекиткичтерде.

29.7.8. Антенналарды жайгаштырууга жол берилет:

– имараттардын жана курулмалардын чатырында-бирдиктүү тирөөч негизди пайдалануу менен чакан ирээттелген топтор менен (зарыл болсо – тосмо орнотуу менен);

– лоджияларда жана балкондордо, лоджиянын жана балкондун тегиздигинен чыкпай, бир кыйла көрүнбөгөн жерлерде.

29.7.9. Антенналарды жайгаштырууга жол берилбейт:

– имараттардын жана курулмалардын фасаддарында;

– жеке долбоор менен курулган жана шаардын ансамблинде олуттуу орунду ээлеген заманбап имараттардын фасаддарында;

– көрүнүктүү силуэт менен имараттардын чатырында, имараттардын жана курулмалардын силуэт жасалгаларында (мунараларда, куполдордо), чатыр дубалдарында, чатырдын тосмолорунда, желдетүү түтүктөрүндө;

– балкондордун, лоджиялардын тосмолорунда.

29.7.10. Кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын сырткы блоктору имараттын фасадынын паспортунда аныкталган жерлерде ирээттүү түрдө, октордун бирдиктүү тутумуна байлаштыруу менен, бекитүүнүн жана тосмонун стандарттуу конструкцияларын колдонуу менен, бир катар элементтерди жайгаштырууда – жалпы тирөөч негизде жайгаштырылышы керек (2-тиркеме, 17-сүрөттү караңыз).

29.7.11. Сырткы байкоо видеокамералары бастырмалардын, калканчтардын, балкондордун, эркерлердин астында, фасаддын архитектуралык тетиктеринен, жасалгасынан, баалуу жасалгалоо элементтеринен бош жерлеринде жайгаштырылат (2-тиркеме, 18-сүрөттү караңыз).

29.7.12. Сырткы байкоо видеокамераларын түркүктөрдө, чатыр беттерде, жээктемелерде, пилястраларда, порталдарда, калканчтарда, балкондордун цоколдорунда жайгаштырууга жол берилбейт (2-тиркеме, 19-сүрөттү караңыз).

29.7.13. Почта үкөктөрү жана таксофондор бир кыйла жеткиликтүү жерлерде, фасаддын архитектуралык тетиктеринен, жасалгасынан, баалуу жасалгалоо элементтеринен бош жерлеринде, тротуардын туурасы фасадга жанаша участкада 1,5 метрден кем эмес болсо жайгаштырылат.

29.7.14. Почта үкөктөрүн жана таксофондорду жайгаштырууга жол берилбейт:

– архитектуралык-көркөм баалуулугу бар имараттардын жана курулмалардын фасаддарында;

– жөө жүрүүчүлөрдүн жана транспорттун кыймылына тоскоолдук кылуучу жерлерде;

– турак жайлардын терезелерине жакын жерде;

– порталдарда, түркүктөрдө жана фасаддын башка пластикалык элементтеринде.

29.7.15. Саат фасаддын көрүнүктүү жерлерине жайгаштырылат:

– биринчи же экинчи кабаттардын деңгээлинде фасаддын бурчтук участокторунда фасаддагы башка консолдук объекттерден жана фасаддын чыгып турган элементтеринен (эркерлер, балкондор) 5,0 метрден кем эмес аралыкта консолдук түрдө;

– имараттын кире беришинин үстүндө же жанында;

– орто дубалдардын окторуна, фасаддагы консолдук объекттерди жайгаштыруунун вертикалдык координациясына ылайык.

29.7.16. Банкоматтарды жана төлөм терминалдарын фасаддарга жайгаштырууга жол берилет:

– бирдиктүү тегиздикти жана витрина толтурмаларынын жалпы мүнөзүн сактоо шартында витринанын көлөмүндө курулган;

– коңулда (ниша) же кире бериш катары колдонулбаган эшик оюктарына катар орнотулган шартта, жалпы архитектуралык чечимди, оюктун тыш өлчөмдөрүн сактоо менен;

– фасаддарда орнотулган банкоматтар жана төлөм терминалдары эч кандай кошумча тосмолорсуз жайгаштырылышы керек (2-тиркеме, 20-сүрөттү караңыз).

29.7.17. Шаардык жүргүнчүлөрдү ташуучу электр транспортунун кыймылын, шаардын аймагын жарыктандырууну камсыз кылуу үчүн жабдууларды фасадга бекитүү, техникалык абалына жана сырткы көрүнүшүнө зыян келтирбестен ченемдик талаптардын негизинде ишке ашырылууга тийиш. Аталган жабдууну архитектуралык тетиктерге, фасаддын декор жана жасалгалоо элементтерине бекитүүгө жол берилбейт.

39.8. Фасаддын кошумча жабдууларынын сырткы көрүнүшүнө жана түзүлүшүнө талаптар.

29.8.1. Фасаддын кошумча жабдууларынын сырткы көрүнүшүнө жалпы талаптар:

– унификация;

– чакан тыш өлчөмдөрү;

– заманбап технологиялык чечимдерди колдонуу;

– жогорку декоративдик жана эксплуатациялык касиеттери бар материалдарды колдонуу.

29.8.2. Фасаддын кошумча жабдууларын өндүрүү үчүн колдонулуучу материалдар климаттык шарттарды эске алуу менен декоративдик жана эксплуатациялык касиеттерин өзгөртпөстөн узак кызмат өтөө мөөнөтүнө туруштук бериши керек, коррозияга каршы узак мөөнөттүү каршылыкка, жеңил салмакка ээ болушу керек.

29.8.3. Фасаддын кошумча жабдууларынын бекитүүчү конструкциялары архитектуралык беттер менен эң аз жупташуу чекиттерине ээ болууга, орнотуунун жана ажыратуунун жеңилдигин, эксплуатациянын коопсуздугун, оңдоонун ыңгайлуулугун камсыз кылууга тийиш. Өндүрүш технологиялары кошумча жабдуулардын механикалык таасирлерге туруктуулугун камсыз кылууга тийиш.

29.8.4. Кондиционерлөө жана желдетүү тутумдарынын жана техникалык жабдуулардын сырткы блоктору архитектуралык фонго (фасаддын түсүнө, айнектин тонуна) мүмкүн болушунча жакын орточо түскө ээ болууга тийиш.

29.8.5. Дубалдын же чатырдын жарык фонунда жайгашкан антенналар ачык түстө болушу керек. Дубалдын караңгы фонунда жайгашкан антенналар архитектуралык беттин тонуна жакын караңгы тонго ээ болушу керек (2-тиркеме, 21-сүрөттү караңыз).

29.8.6. Фасаддын кошумча жабдууларын бекитүүчү конструкциялар фасаддын түсүнө жакын нейтралдуу түскө ээ болушу зарыл.

29.9. Кошумча жабдууларды эксплуатациялоо эрежелери.

29.9.1. Эксплуатациялоо процессинде кошумча жабдууларды талаптагыдай абалда кармап туруу, утурумдук оңдоо жана техникалык кароо, тазалоо камсыз кылынууга тийиш.

29.9.2. Фасаддын кошумча жабдууларын эксплуатациялоо фасаддын сырткы көрүнүшүнө жана техникалык абалына зыян келтирбөөгө, айланадагыларга ыңгайсыздык жаратпоого тийиш.

 

Эскертүү: 1-тиркеменин графикалык материалы ушул Эрежелердин ажырагыс бөлүгү болуп саналат.

 

 

 

 

 

 

 

  1. Уюштурууну аткаруу

 

  1. Талаптарга жооп бербеген турак-жай эмес имараттардын жана курулмалардын фасаддары ушул Эрежелердин талаптарына ылайык 90 календардык күндүн ичинде иретке келтирилиши керек жана ушул Эрежелер бекитилген күндөн тартып имараттын фасаддарына паспорттору иштелип чыгуусу керектелет.
  2. Эшик же арка түрүндөгү тешиктер, кире бериштер, дүкөндөрдүн терезелери, биринчи жана экинчи кабаттардын терезе тешиктери, имараттардын жана курулмалардын фасаддарынын маалыматтык элементтери жана түзүлүштөрү, ушул талаптарды бузуу менен турак жайдын фасадына жайгаштырылган жарнак конструкциялары, ушул Эрежелер бекитилген күндөн тартып 90 календардык күндүн ичинде имараттын фасадынын паспортун даярдоо менен ушул Эрежелердин талаптарына ылайык иретке келтирилүүсү тийиш.
  3. Турак жайдын терезелери, балкондору жана лоджиялары, турак жайларды ички техникалык камсыздоо системалары, ошондой эле ушул Эрежелер күчүнө киргенге чейин Эрежелердин талаптарына жана имараттын фасадынын паспортуна туура келбеген имараттардын жана курулмалардын фасадына жайгаштырылган жана тиешелүү эмес кошумча фасаддык жабдуулардын башка түрлөрү колдонулууга мүмкүн экендигин билдиребиз.

Колдонуудагы мыйзамдарга, ченемдерге жана техникалык регламенттерге ылайык ыйгарым укуктуу орган тарабынан белгиленген жана объекттердеги кошумча жабдууларды пайдалануу адамдын өмүрүнө жана ден соолугуна, айлана-чөйрөгө коркунуч келтирген учурларды кошпогондо.

  1. Ушул Эрежелердин 35-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, ушул Эрежелердин жана имараттын фасадынын паспортунун талаптарына ылайык келбеген турак жай имараттарынын жана курулмаларынын фасаддары ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келтирилүүгө тийиш, ушул Эрежелердин талаптары жана имараттын фасадынын паспорту ушул Эрежелерде белгиленген тартипте имаратты же курулманы реконструкциялоонун, капиталдык оңдоонун алкагында жүргүзүлөт.

 

 

  1. Фасаддардын абалына мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу.

 

  1. Берилген ыйгарым укуктардын чегинде ушул Эрежелер менен белгиленген фасадтарды күтүүгө карата талаптардын сакталышына контроль төмөндөгүлөр тарабынан жүзөгө ашырылат:

– шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган;

– жарнак жана маалымат маселелерин жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктуу орган;

– Жайыл районунун ыйгарым укуктуу органы.

 

 

VII. Маалыматтык конструкциялар.

Маалыматтык конструкциялардын түрлөрү.

 

  1. 36. Маалыматтык конструкциялар – жарнакты кошпогондо, маалыматты жайылтуу үчүн арналган конструкциялар, курулмалар, техникалык куралдар, көркөм элементтер жана башка алып жүрүүчүлөр.

Бул Эрежелер менен маалыматтык конструкциялардын төмөнкүдөй түрлөрү аныкталган:

36.1. Көрнөк – имараттын, курулманын, курулуштун фасадында жана стационардык эмес соода объектилеринде, жеке жана юридикалык жактар жайгашкан же иш жүргүзгөн жерде жайгашкан, компаниянын логотибин жана аталышын камтыган ири маалыматтык конструкция (2-тиркеме, 22-сүрөттү караңыз).

Көрнөк жеке жактын маалыматтары же ишкердик профилин көрсөтүү менен юридикалык жактын аталышы жөнүндө белгисиз адамдардын чөйрөсүнө маалымдоо үчүн арналган.

Дубал конструкциялары жайлардын кире беришинин же терезелеринин (витриналарынын) үстүндө, фасаддын чегинде орнотулган башка дубал конструкциялары менен бирдей горизонталдык огунда, биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы жабуу сызыгынын деңгээлинде же болбосо көрсөтүлгөн сызыктан төмөн жайгаштырылат (2-тиркеме, 23-сүрөттү караңыз).

Эгерде жайлар объекттердин жер төлө же цоколдук кабаттарында жайгашса жана ушул пункттун биринчи абзацынын талаптарына ылайык маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) жайгаштыруу мүмкүнчүлүгү жок болсо, көрнөк жер төлө же цоколдук кабаттын терезелеринин үстүнө коюлушу мүмкүн, бирок жер деңгээлинен дубалдын төмөнкү четине чейин 0,60 метрден төмөн эмес. Мында, көрнөк фасаддын тегиздигинен 0,10 метрден ашык чыкпашы керек (2-тиркеме, 24-сүрөттү караңыз).

– Маалыматтык конструкциялардын (эшиктердеги тактачалар) максималдуу өлчөмү ашпоого тийиш (2-тиркеме, 25-сүрөттү караңыз):

  • бийиктиги боюнча – 0,40 м;
  • узундугу боюнча – 0,30 м.

– Имараттардын, курулмалардын, курулуштардын сырткы беттеринде уюмдар, жеке ишкерлер тарабынан жайгаштырылуучу дубал конструкцияларынын максималдуу өлчөмү, төмөнкүлөрдөн ашпоого тийиш:

– бийиктиги боюнча – 0,50 м, дубал көрнөгүн фризге жайгаштырууну кошпогондо;

– узундугу боюнча – бул уюмдар, жеке ишкерлер тарабынан ээленип турган тиешелүү жайлардын фасадынын узундугунан 70 пайыз, бирок бирдиктүү конструкция үчүн 15 метрден ашык эмес;

– дубал конструкциясын өз ара байланышкан окшош элементтердин комплекси түрүндөгү фасаддын узундугунун 70 пайызынын чегинде жайгаштырууда (маалыматтык талаа (тексттик бөлүк) жана декоративдик-көркөм элементтер) көрсөтүлгөн элементтердин ар биринин максималдуу өлчөмү узундугунда 10 метрден ашпоого тийиш.

Дубал конструкциясынын элементтеринин четки чекити фасаддын тегиздигинен 0,20 метрден ашык болбошу керек (2-тиркеме, 26-сүрөттү караңыз).

Дубал конструкциясын жалпак чатырды имитациялаган жана фасад бөлүгүнүн аякташы болуп саналган фасаддын элементинде жайгаштырууда, бул конструкциянын бийиктиги ушул элементтин тегиздигине карата горизонталдык проекциясынын 70 пайызынан ашпоого жана бийиктиги боюнча 1 метрден ашпоого тийиш.

Имараттын, курулуштун, курулманын сырткы беттеринде газ менен камсыздоо жана (же) суу чыгаруу тутумунун (суу түтүк) элементтеринин көрнөктөрү жайгашкан жерде дубал конструкцияларын жайгаштыруу, көрсөтүлгөн тутумдардын коопсуздугун камсыз кылган шартта жүзөгө ашырылат.

Объекттин бир фасадына бир эле учурда бир нече уюмдардын көрнөктөрү жайгаштырылганда, аталган уюмдардын көрнөктөрү бир горизонталдык сызыкта (бир деңгээлде, бийиктикте) бир бийиктик катарында жайгаштырылат.

Объекттин фасадында фриз болгон учурда дубал конструкциясы фризге гана жайгаштырылат, фризге жайгаштырууга уруксат берилген дубал көрнөгүнүн конструкциялары көлөмдүү символдорду билдирет (төмөнкү катмарын пайдаланбай же төмөнкү катмарын пайдаланып) (2-тиркеме, 27- сүрөттү караңыз).

Фризде, арткы орунда (подложка) жайгашкан дубал конструкциясын пайдаланууда тиешелүү уюмдар, жеке ишкерлер ээлеген жайлардын физикалык өлчөмдөрүнө ылайык келген көрсөтүлгөн арткы орун фриздин узундугуна коюлат.

Фризге дубал конструкциясын жайгаштыруу үчүн колдонулган арткы орундун бийиктиги фриздин бийиктигине барабар болушу керек.

Көлөмдүү символдор түрүндө фризге жайгаштырылуучу маалымат талаасынын (текст бөлүгүнүн), ошондой эле дубал конструкциясынын декоративдик-көркөм элементтеринин жалпы бийиктиги фриздин бийиктигинин 70 пайызынан ашпоого тийиш (негизги шрифттин өлчөмүнүн чегинен тышкары кичине жана чоң тамгалардын алып чыгуучу элементтеринин бийиктигин, ошондой эле декоративдик-көркөм элементтердин бийиктигин эске алуу менен), ал эми алардын узундугу – фриздин узундугунун 70 пайызынан ашпоого тийиш.

Фризде дубал конструкциясында колдонулган көлөмдүү символдор бирдиктүү горизонталдык окто жайгаштырылышы керек. Бир фризге бир нече дубал конструкциялары жайгаштырылган учурда, алар үчүн көлөмдүү символдорду жайгаштыруу үчүн бирдиктүү арткы орун уюштурулушу мүмкүн (2-тиркеме, 28-сүрөттү караңыз).

Объекттин фасадында калканч бар болсо, дубал конструкциясы көрсөтүлгөн фриздин тыш өлчөмдөрүндө гана калканчтын фризинде жайгаштырылышы мүмкүн.

Дубал конструкциясын түздөн-түз калканчтын конструкциясына жайгаштырууга тыюу салынат (2-тиркеме, 29, 30-сүрөттөрдү караңыз).

Тарыхый – маданий мурас объекттеринин жана тарыхый – маданий мурас объекттеринин аймактарынын чектеринде жайгашкан объекттердин фасаддарында жайгашкан дубал конструкцияларынын маалыматтык талаасы өзүнчө элементтерден (тамгалар, белгилер, жасалга элементтери ж.б.) жасалууга тийиш.

Тунук негиз түрүндө арткы орунду пайдалануу мүмкүнчүлүгү маданий мурас объекттерин коргоо органы менен макулдашуу боюнча көрнөктөрдү жайгаштыруунун эскиздик долбоору менен аныкталат (2-тиркеме, 31-сүрөттү караңыз).

36.1.1. Бөтөнчө маалыматтык конструкциялар:

– монументалдык-декоративдик искусствонун объектиси болгон көрнөктөр (барельефтер, горельефтер, скульптура ж.б.у.с.) (2-тиркеме, 32-сүрөттү караңыз).

– жазуу техникасында, мозаикалык паннодо аткарылган көрнөктөр (2-тиркеме, 33-сүрөттү караңыз).

– тарыхый көрүнүшү имараттын архитектуралык долбоору менен аныкталган, ушул Эрежелер күчүнө кирген күнгө чейин ишке ашырылган көрнөктөр;

– архитектуралык элементтер жана объекттин сырткы беттеринин жасалгасы болуп саналган көрнөктөр (2-тиркеме, 34-сүрөттү караңыз).

Бөтөнчө маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) жайгаштыруу көрнөктөрдү жайгаштыруунун эскиздик долбооруна ылайык ишке ашырылат.

Объекттин бир фасадына бир эле учурда бир нече уюмдардын көрнөктөрү жайгаштырылганда, аталган уюмдардын көрнөктөрү бир горизонталдык сызыкта бир бийиктик катарында (бир деңгээлде, бийиктикте) жайгаштырылат (2-тиркеме, 35-сүрөттү караңыз).

36.1.2. Көрнөк болуш керек:

– үйдүн архитектуралык көрүнүшүнө кынтыксыз дал келүүсү – имараттын биринчи жана экинчи кабаттарынын ортосунда жайгашуусу;

– кечинде жеке ички же тышкы жарык булактары менен жарыктандырылышы керек.

Көрнөктүн жарыгы жылтылдабаган, күңүрт жарык болуп, турак жайлардын терезелерине түз багытталган нурларды жаратпашы керек.

Көрнөктөргө жасалга элементтерин, ошондой эле белгиленген тартипте катталган тексттик, графикалык сүрөттөрдү же башка комбинацияларды товардык белгилер же тейлөө белгилери катары жайгаштырууга жол берилет.

36.1.3. Көрнөк болбошу керек:

– жарнама катары пайдаланылбашы;

– экинчи кабаттын терезелеринин түбүнөн жогору чыкпоосу;

– терезелерди, декорду жана архитектуралык элементтерди тоспоосу керек.

31.2. Маалыматтык тактачалар – уюм жөнүндө маалыматты, иштөө режимин чагылдырат жана алдыңкы эшикте да, витриналардын айнектеринде да, келүүчүлөргө жакшы көрүнгөн бийиктикте жана жерде жайгаштырылышы мүмкүн.

36.2.1 Тактачалардын типтери жана жеткиликтүү маалымат.

Тактачалардын үч түрү бар: жалгыз жана топтоштурулган:

– жалгыз тактачада уюмдун аталышы, логотиби, ишинин түрү, иштөө убактысы, дареги жайгаштырылышы мүмкүн;

– топтоштурулган тактачаларда уюмдун аталышы, логотиби, ишмердүүлүгү, имараттын кабаты, кеңсе номерлери жайгаштырылышы мүмкүн.

Ижарага берүүчүлөр көп болгон имараттарда топтоштурулган тактачаларды колдонуу орундуу болот. Бул үчүн ижарага берүүчү уюмдардын тактачалары үчүн бирдиктүү модулдук мейкиндикти бөлүшү керек. Бул учурда, алардын бардыгы бирдей өлчөмдө, бир эле материалдан жана бир эле стилистикада жасалышы керек.

36.2.2. Негизги талаптар:

– маалыматтык тактачанын аянты 1,0 кв. м. көп эмес жана 0,3 кв. м. кем эмес болушу керек, мында тактачалардагы тамгалардын минималдуу бийиктиги эки сантиметрден кем болбошу керек;

– тактачалар түздөн-түз имараттын кире беришинде жайгашат;

– тактачалардын жайгашкан жерлери үйдүн фасадында жана кире бериште айнектелген болушу мүмкүн;

– имараттын ар бир кире беришинде эки же андан көп тактачалар болушу мүмкүн.

– имараттын бир кире беришинде эки окшош тактачанын жайгашуусуна жол берилбейт;

– кире бериштеги айнекте жалгыз тактача гана болушу мүмкүн;

– кире бериш эшиктеринин айнектерине арткы оруну жок тактачаларды жайгаштырууга болот;

– кирүүчү эшиктин айнегине уюмдун аталышын, анын дарегин жана иштөө режимин жана үйдүн фасадындагы кире бериште аталышы гана жазылган дагы бир тактаны жайгаштырууга жол берилет;

– маалыматтык конструкциялар архитектуралык элементтерден бош болгон фасаддын жалпак участокторунун көрүүгө мүмкүн болгон жеринде, имараттын, курулуштун, курулманын же жайдын кире беришинде (оң же сол жагында) же бул маалыматтык конструкцияда камтылган маалыматтар уюм, жеке же юридикалык жак иш жүзүндө турган (иш жүргүзгөн) жайдын кире бериш эшиктеринде жайгаштырылат (2-тиркеме, 36-сүрөттү караңыз);

– бир уюм, жеке же юридикалык жак үчүн бир объектте бир маалыматтык конструкция (тактача) орнотулушу мүмкүн;

– жердин деңгээлинен (кирүү тобунун полунан) маалыматтык конструкциянын (тактачанын) жогорку четине чейинки аралык 2 метрден ашпоого тийиш;

– терезенин оюктарына маалыматтык конструкцияларды (тактачаларды) жайгаштырууга жол берилбейт.

36.2.3. Маалымат тактасы маалымат талаасынан турат (тексттик бөлүгү) (2-тиркеме, 36-сүрөттү караңыз).

Уруксат берилген өлчөмү төмөнкүнү түзөт:

– узундугу боюнча 0,50м ашык эмес;

– бийиктиги 0,75м ден көп эмес.

36.3. Маркизалар сырткы жарнак жана маалымат каражаттары, аларга жарнактык маалымат түшүрүлгөн жана имараттардын жана курулмалардын витриналарынын, кире бериштеринин же оюктарынын үстүнө жайгаштырылган калканчтар жана бастырмалар түрүндө аткарылат. Маркизалар имаратка бекитилген элементтерден, каркастан жана жумшак же катуу негизде жасалган маалыматтык талаадан турат. Маркизалар биринчи кабатта, терезелер менен эшиктердин үстүнө орнотулат. Аларга логотип жана компаниянын аталышы гана коюлушу мүмкүн. Кошумча макулдашуу боюнча маркизалар үйдүн бардык терезелерине жайгаштырылышы мүмкүн.

Маркизалар ээлеген бөлмөнүн терезелеринин үстүнө бир горизонталдык окто, биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы сызык деңгээлинде же ошол сызыктын астына коюлат. Маркизалар бир конструкциянын бири-бирине окшош элементтеринин комплекси түрүндө жайгаштырылышы керек. Витринанын, терезенин же эшиктин аянтынын 30% дан ашыгын ээлебеши керек – узун маркизаларга жол берилбейт. Түс чечими үйдүн түс чечими менен шайкеш келиши керек же аны так кайталашы зарыл.

Мезгилдүү кафени жайгаштыруу мезгилинде коомдук тамактануунун стационардык ишканасынын алдында ушул сезондук кафени жайгаштыруу үчүн пайдаланылуучу маркизаларга жана кол чатырларга жазууларды түшүрүү жолу менен маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) жайгаштырууга жол берилет. Мында жайгаштырылуучу көрнөктөрдүн бийиктиги 0,20 метрден ашпоого тийиш. Сезондук кафенин маркизаларында жана кол чатырларында жайгаштырылуучу көрнөктөрдө товардык белгинин, тейлөө белгисинин сүрөттөлүшү пайдаланылган учурда, көрсөтүлгөн сүрөттөлүштүн бийиктиги 0,30 метрден ашпоого тийиш, ал эми маалыматтык талаа (тексттик бөлүк) жана көрнөктүн декоративдик-көркөм элементтери бирдиктүү горизонталдык огунда жайгаштырылууга тийиш (2-тиркеме, 37-сүрөттү караңыз).

36.4. Кронштейн (турум) – имараттарга жана курулмаларга перпендикуляр орнотулган, ички же тышкы жарыгы бар жана объект жөнүндө калкка маалымат берүү үчүн арналган кичинекей эки тараптуу маалыматтык конструкция (2-тиркеме, 38-сүрөттү караңыз).

Кронштейнди жайгаштыруу кандайдыр бир себептерден улам уюмдун маалыматтык белгиси үчүн белгиленген жер жок болгон учурда гана мүмкүн болот. Алардагы маалыматтын курамы көрнөктө жайгаштырылчу маалыматка дал келиши керек. Кронштейнде уюмдун логотиби, аты жана анын иш-аракетинин түрү жайгаштырылышы мүмкүн.

Маалыматтык тегиздиктин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат. Кронштейн ишкананын мүмкүн болгон маалыматтык көрнөктөрүнүн деңгээлинде жайгаштырылууга жана жылтылдаган жарык булактары болбоого тийиш.

Бир тараптуу кронштейндерди орнотууга жол берилбейт. Бирден ашык кронштейнди орнотууга жол берилбейт.

Кронштейндин төмөнкү чети жерден 2,5 м төмөн болбошу керек. Тыш өлчөмдөрү 0,5 м х 0,7 м ашык эмес, калыңдыгы 5 см кем эмес жана 15 см ашык эмес болушу керек.

Кронштейндер фасаддын бир горизонталдык тегиздигинде, анын ичинде аркаларда, имараттардын, курулуштардын, курулмалардын чек араларында жана тышкы бурчтарында төмөнкү талаптарга ылайык жайгаштырылат:

–  кронштейн фасаддын тегиздигинен 0,20 метрден ашык болбошу керек, ал эми анын алдыңкы тарабынын четки чекити фасаддын тегиздигинен 0,70 метрден ашык аралыкта болбошу керек;

– көлөмдүк-мейкиндиктик композиция түрүндө аткарылган кронштейндердин максималдуу параметрлери (өлчөмдөрү) бийиктиги боюнча 0,50 м, туурасы боюнча 0,50 м жана тереңдиги 0,50 м ашпоого тийиш;

– тарыхый-маданий мурас объекттери болуп саналган объекттердин фасаддарына кронштейндерди жайгаштырууга жол берилбейт.

36.5. Витрина – товарлардын жана кызмат көрсөтүүлөрдүн экспозициясы үчүн арналган имараттын, курулуштун, курулманын экстерьеринин айнектелген бөлүгү, алардын мазмунун жана сатып алуучулардын керектөө өзгөчөлүктөрүн маалымдоо үчүн, ал имараттын ичинде товардын экспозициясын көчөдөн көрүүгө, ошондой эле уюм тууралуу маалыматты жайгаштырууга мүмкүндүк берет.

36.5.1. Витриналарга жалпы талаптар:

– витрина милдеттүү түрдө анын профилин ачып берүүчү товардык продукция менен жасалгаланышы жана кечки убакта жарыктандырылышы керек;

– витриналарда сатылуучу товарлар жана кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө ар кандай маалыматты жайгаштырууга уруксат берилет, мында товарлар жөнүндө маалымат саны жана көлөмү боюнча үстөмдүк кылууга тийиш (70% жана андан ашык);

– витриналарда жалпы мамлекеттик же шаардык майрамдарга жана башка коомдук иш-чараларга арналган майрамдык маалыматтарды жайгаштырууга уруксат берилет.

Витринанын ички жагынан витринанын айнектеринен витринанын конструкциясына чейинки аралык 0,15 метрден кем болбоого тийиш (2-тиркеме, 39-сүрөттү караңыз).

Витринанын айнегинин ички жагындагы витринага жайгаштырылуучу витриналык конструкциялардын (электрондук алып жүрүүчүлөр-экрандарды жана таблолорду кошкондо) максималдуу өлчөмү витринанын айнегинин өлчөмүнүн жарымынан ашпоого тийиш. Мында, витриналык конструкциялар терезекөздөрдүн чектеринде гана жайгаштырылууга тийиш (2-тиркеме, 40-сүрөттү караңыз).

Витриналар үйдүн жана жалпы көчөнүн сырткы көрүнүшүн аныктайт, ошондуктан алар туюк (глухой) дубалдардын эмес, имараттын ичинде мейкиндик туюмун жаратышы керек. Витриналарды сабаттуу жасалгалоо шаардык көчөнүн көрүнүшүн түп-тамырынан өзгөртө алат.

Толугу менен пленка менен жабылган туюк витриналарга катуу тыюу салынат (2-тиркеме, 41 – сүрөттү караңыз).

36.6. Мекеме такталары – уюмдун толук катталган юридикалык аталышын, ведомстволук таандыктыгын чагылдырат. Мекеменин такталары имараттын кире беришинде жайгаштырылат.

Уруксат берилген өлчөмү төмөнкүнү түзөт:

  • узундугу боюнча 0,50 м ашык эмес;
  • бийиктиги 0,50 метрден ашык эмес.

Ишканалардын, мекемелердин, уюмдардын жана мекемелердин аталыштары милдеттүү түрдө мамлекеттик жана расмий тилдерде жол-жоболонот.

36.7. Мемориалдык (эстелик) такта – монументалдык искусствонун бир түрү, ал тексттик эстеликтин жанры болуп саналат, ал жарандардын тарыхындагы, жашоосундагы жана иш-аракеттериндеги олуттуу окуяларды кыскача белгилөөгө арналган. Алар имараттардын, курулмалардын фасаддарына, интерьерине жана жабык же тосулган аймактарга, Бишкек шаарынын аймагындагы башка жерлерге орнотулат.

Мемориалдык такталар эки метрден кем эмес бийиктикте оңой көрүнгөн жерлерге орнотулат. Мемориалдык тактанын жанындагы имараттын, курулуштун дубалында мемориалдык тактанын текстине байланышпаган башка маалыматтар (жарнама, кулактандыруу ж.б.) болбошу керек.

Эстелик такталарынын курамына тексттен тышкары портреттик сүрөттөр жана декоративдик элементтер кириши мүмкүн.

Эстелик такталары 900*600ммден ашпаган тыш өлчөмдөрү менен, вертикалдуу же горизонталдуу компоновкада, узак мезгил пайдалана турган материалдардан гана жасалышы керек. Эстелик белгинин өлчөмү жайгаштырылуучу маалыматтын көлөмү, портреттик сүрөттүн, декоративдик элементтердин болушу менен аныкталат жана орнотулуп жаткан имаратка, курулушка, курулмага шайкеш келүүгө тийиш.
          36.8. Башка эстелик белгилер – тарыхый окуя жөнүндө маалымдаган же тарых, маданият же архитектура эстелиги болуп саналган, сакталбаган имараттардын жана башка объекттердин жайгашкан жерин көрсөткөн же көчөлөрдүн аталышын, ошондой эле кайра атоого дуушар болгон көчөлөрдүн тарыхын түшүндүргөн маалымат такталары (тактачалары).

36.9. Көрсөткүчтөр – көчөлөрдүн, аянттардын, өтмөктөрдүн, туюк көчөлөрдүн, долбоорлонгон (номердик) өтмөктөрдүн, проспекттердин, шоссе жолдордун, сейил бактардын, гүлбакчалардын, чолок (тупик) көчөлөрдүн, бульварлардын, аллеялардын, линиялардын, көпүрөлөрдүн, темир жол көпүрөлөрүнүн, эстакадалардын жана үйлөрдүн номерлеринин (көчө аншлагдары) аталыштары, картографиялык маалымат, шаардык жүргүнчүлөр транспортунун кыймылынын маршруттары (схемалары) жана ырааттамалары; мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жайгашкан жерлери.

Көчө аншлагдарындагы тексттер (жазуулар) мамлекеттик жана/же расмий тилдерде, ошондой эле зарыл болгон учурда чет тилде жазылат.

Турак жайга ылайыкташтырылган көмөкчү жана убактылуу курулуштар (сарайлар, кладовкалар, кампалар, от казандар жана башкалар) номерленүүгө жатпайт.

Тактачаларды, көчө аншлагдарын, имараттардын, подъезддердин жана квартиралардын номерлерин орнотуу жана талаптагыдай абалда кармоо алардын ээлерине жүктөлөт.

Имараттарга жаңы аншлагдарды жана номерлерди илүүдө бардык эски аншлагдар жана номерлер алынып салынат.

36.9.1. Аншлагдардын жана номердик белгилердин жайгашуусуна жана сырткы көрүнүшүнө карата талаптар:

– түштүктөн түндүккө карай багыт алган көчөлөр үчүн-имараттардын номерлеринин өсүшү түндүккө карай ишке ашырылат;

– чыгыштан – батышка багыт алган көчөлөр үчүн номерлердин саны батышка карай көбөйөт;

– так номерлер түштүктөн түндүккө багыт алган көчөлөрдүн батыш тарабында жайгашкан жана чыгыштан батышка карай көчөлөрдүн түштүк тарабында жайгашкан имараттарга ыйгарылат. Так эмес номерлер

тиешелүү түрдө,  көчөлөрдүн чыгыш жана түндүк тарабында жайгашкан имараттарга берилет;

– бульварлардын, проспектилердин, көчөлөрдүн, туюк көчөлөрдүн кесилиштеринин бурчундагы имараттарда экиден номердик белгилер жана көчө аншлагдары болууга тийиш, алардын бири имараттын башкы фасадына, экинчиси анын акыркы тарабына орнотулууга тийиш. Башка имараттарда бир номер болушу керек. Кварталдын ичиндеги имараттарда аншлаг болбойт;

– бурчтук кырдан 40 см туурасына, номерлердин өсүү жагына көрсөтүлгөн бийиктик алыскы аралыктан даректөө белгилеринин визуалдык кабылдоосун камсыз кылбаган учурду кошпогондо,  кварталдын ичиндеги имараттардын фасаддарында номердик белги жер үстүнөн 3 м бийиктикте илинет.

Бийиктиги 3,5 мден ашпаган имараттарда – дубалдын карнизинен 20 см төмөн же чатырдын устундарынан 40 см аралыкта (2-тиркеме, 42-сүрөттү караңыз);

– бульварлардын, проспектилердин, көчөлөрдүн жана чолок көчөлөрдүн кесилиштеринде жайгашкан имараттарда номердик белги имараттын кесилишине чыккан бурчуна жана имараттын тийиштүү бурч кырынан горизонталь боюнча 40 см аралыкта, аншлагдын орто бөлүгүндөгү аншлагдын үстүнө илинет;

– 1,8 мм цинктелген листте аткарылат. Каптоо үчүн жогорку сапаттагы эмаль колдонулат;

– эскизге ылайык түс чечими: ак фондо, белгилер көк түстө;

– бекиткич бурчтуу чекиттерде тегерек баштуу декоративдүү бурамалар менен жүзөгө ашырылат;

– бардык имараттар жана үй ээликтери, алардын таандыктыгына жана аларда жашаган жарандардын санына карабастан катар номерленүүгө тийиш;

– транспорт бир тараптуу жүргөн көчөлөрдө – имараттын, курулманын фасадынын транспорт кыймылынын багыты боюнча жакын жайгашкан бурчтук участогунда;

– короо фасаддарында – квартал ичиндеги өтүү жолу тарабындагы орто дубалда;

– фасаддын узундугу 100 метрден ашса, анын карама-каршы бурчтук участокторунда;

– өнөр жай ишканаларынын тосмолорунда жана корпустарында – башкы кире бериштин, кирүү жолунун оң жагында;

– фасаддын жасалгаланышын кошпогондо, архитектуралык деталдардан жана декор элементтеринен бош фасаддын бөлүгүндө;

– имараттардын, курулмалардын коңшу фасаддарында даректөө белгилерин жайгаштыруунун бирдиктүү тик белгисинде алар тараптан курулуш фронтунун бирдиктүү линиясы түзүлгөндө;

– подъезддердин жана алардагы квартиралардын номерлерин белгилеген тактачалар эшиктин үстүнө же эшик оюгу толтурулган импостко (горизонталдуу тактача) же эшик оюгунан оң жакта 2,0-2,5 м бийиктикте жайгаштырылат (вертикалдуу тактача);

– үйлөрдүн номерлерин белгилөөчү номердик белгилер көчөнүн, аянттын аталыштарынын көрсөткүчтөрү менен бирге жайгаштырылат;

– аншлагдар кварталдын башында жана аягында 2 жерге, эгерде кварталдын узундугу 500 метрден ашса жана кварталдын ортосунда жайгаштырылат;

– номердик белги менен бириктирилген аншлагдар көчөнүн, кварталдын, кесилиштин башында жана аягында жайгаштырылат;

– кварталдын ортосунда имаратта өзүнчө номердик белгилер жайгаштырылышы керек.

– эгерде кварталдын узундугу 500 метрден ашса, кварталдын башында, ортосунда жана аягында бириктирилген аншлагдарды, калган имараттарда өзүнчө номердик белгилерди жайгаштыруу зарыл.

36.9.2. Номердик белги, аншлаг (көчөлөрдүн аталышын көрсөтүү менен тактачалар), номердик белги менен бириктирилген аншлагдар төмөнкүдөй өлчөмдөрдө болууга тийиш:

 

Аталышы Өлчөмдөрү
Номердик белги 300х300мм
Аншлагдар 300х800мм
Номердик белги менен бириктирилген аншлагдар 300х1000мм

 

36.10. Навигациялык көрсөткүчтөр – калктуу конуштун аймагын пландуу уюштуруу, инфратүзүм объекттери, маданий-тарыхый эстеликтер, шаардык, округдук жана муниципалдык маанидеги мекемелер жана уюмдар, керектөө рыногунун ишканалары жана объекттери жөнүндө маалыматтарды камтыган жер участокторунда (менчик түркүктөр, шаардык жарык берүүнүн мачта-таянычтары, байланыш тармагынын түркүктөрү) орнотулуучу эки тараптуу конструкциялар.

36.11. Маалыматтык стенд – көрктөндүрүү элементи, менчик түркүктө өзүнчө турган маалыматтык жалпак конструкция.

Маалымат такталары көп квартиралуу үйлөрдүн, турак үйлөрдүн, мекемелердин жана ишканалардын имараттарынын подъезддеринде жана сырткы беттеринде, ошондой эле муниципалдык менчик жерлеринде жайгаштырылат жана Бишкек шаарынын калкын маалымдоо үчүн арналган.

36.11.1 Маалымат такталары Бишкек шаарынын тургундарына маалымат берүү үчүн колдонулат:

– Бишкек шаарын социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн негизги багыттары жөнүндө;

– шаардык жана мамлекеттик программалардын максаттары, милдеттери, аткарылышынын жүрүшү жөнүндө;

– Жайыл районунун жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан өткөрүлүүчү иш-чаралар жөнүндө;

– шаардын тургундарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары, ошондой эле мамлекеттик эмес коммерциялык уюмдар менен өз ара аракеттенүүсү жөнүндө;

– мамлекеттик бийлик органдарынын жана мындай органдардын кызмат адамдарынын байланыш маалыматтары, мамлекеттик бийлик органдарынын, аларга караштуу уюмдардын, мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөрдүн көп функционалдуу борборлорунун жайгашуу даректери жөнүндө;

– мамлекеттик жана муниципалдык кызмат көрсөтүүлөр жөнүндө;

– социалдык жана инженердик инфратүзүм объекттеринин курулушу жөнүндө;

– Бишкек шаарынын аймагын көрктөндүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашыруунун жүрүшү жана натыйжалары, шаардын райондорун өнүктүрүүнүн комплекстүү программаларын аткаруу жөнүндө;

– короо аймактарын, көрктөндүрүү объекттерин, көп квартиралуу үйлөрдү жана турак үйлөрдү күтүү жана оңдоо жөнүндө;

– оорулардын алдын алуу жана калкты санитардык-гигиеналык окутуу программаларын ишке ашыруу жөнүндө;

– муктаж адамдарга социалдык жардам көрсөтүү жана калкты социалдык жактан тейлөөнүн формалары жөнүндө;

– коммуналдык кызматтарды көрсөтүү, турак жайлар жана коммуналдык кызматтар үчүн акы төлөө жөнүндө;

– көп батирлүү үйдөгү жайлардын менчик ээлеринин жалпы чогулушунун чечимдери жөнүндө;

– табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын пайда болуу коркунучу жөнүндө, мындай өзгөчө кырдаалдардын пайда болушу жөнүндө, калктын жүрүм-турум эрежелери жана коргоо боюнча иш-чараларды жүргүзүү зарылдыгы жөнүндө.

36.11.2. Маалыматтык стенддердин (подъезддерде) максималдуу өлчөмү төмөнкүдөй болууга тийиш:

– бийиктиги – 1,05 м;

– узундугу-0,75 м.

 

VIII. Жарнамалык конструкциялар. Жарнамалык конструкциялардын түрлөрү.

 

  1. 37. Жарнамалык конструкциялар – жарнакты таратуу максатында Бишкек шаарынын аймагында орнотулган калкандар, стенддер, плакаттар, кермелер, жарык жана электрондук таблолор, проекциялык жана башка жабдуулар, жарнакты ар кандай беттерге, аба шарларына, аэростаттарга жана сырткы жарнакты жайгаштыруунун башка техникалык каражаттарына проекциялоо үчүн арналган.
  2. 38. Жарнамалык конструкциялар жайгаштыруунун түрлөрү боюнча төмөнкүдөй типтерге бөлүнөт:

– өзүнчө турган (менчигинин түрүнө карабастан жер участокторунда жайгаштырылуучу);

– менчигинин түрүнө карабастан кыймылсыз мүлк объекттерине (имараттар, курулмалар ж. б.) бириктирилүүчү каражаттар;

– стандарттуу эмес, жеке долбоорлор боюнча аткарылган (аба шарлары, аэростаттар жана башка түрлөрү).

  1. 39. Өзүнчө турган жарнак конструкциялары төмөнкү түрлөргө бөлүнөт:

– чакан форматтуу;

– орто форматтуу;

– чоң форматтуу;

– ири форматтуу.

Жарнак конструкциялары жылына кеминде бир жолу тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарда техникалык кароодон өтүүгө тийиш. Бардык жарнамалык конструкцияларда конструкциянын ээсинин маалыматтары (уюмдун аталышы, дареги, телефон номери, ыйгарым укуктуу орган тарабынан ыйгарылуучу инвентардык номери) көрсөтүлгөн маркасы болууга тийиш.

40.1. Чакан форматтуу конструкцияларга жарнак аянты 6 м2 чейинки (кошо алганда) жарнамалык конструкциялар кирет:

40.1.1. Флагшток – мамлекеттик жана фирмалык желектерди илүү үчүн конструкция имараттардын жана курулмалардын дубалдарына атайын кронштейндерге, ошондой эле жер участокторунда өзүнчө турган мамыларга орнотулат.

Флагштокторго төмөнкү талаптар коюлат:

– флагшток пайдубалдан, тирөөч рамадан, тик тирөөчтөрдөн жана жумшак эн тилкеден турат, желектин бийиктигин көтөрүү жана жөндөө үчүн шаймандар менен жабдылган;

– пайдубалы бетон негизде жасалышы керек;

– жарнама аянты анын курамындагы айрым желектердин бардык тараптарынын аянты менен аныкталат;

– мамлекеттик жана фирмалык желектер ар дайым илинип турушу мүмкүн;

– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу жана Бишкек шаарынын туусу эн тилкенин өлчөмү боюнча орнотуунун бийиктиги боюнча башка желектерден кичине жана төмөн болбоого тийиш.

Эскирген сайын желектер жаңыртылып же алынып салынышы керек;

– жарнамалык сүрөттүн (эн тилкенин) өлчөмү 1,2 м х 0,6 м ашык эмес болушу мүмкүн. Бир композициядагы флагштоктордун саны 5 даанадан ашпоого тийиш.

40.1.2. Сити-формат – тротуарларда жайгашкан эки жарнама тегиздиги жана ички жарыктандыруусу менен өзүнчө турган эки жактуу жарнактык конструкция.

Жарнак сүрөтүнүн өлчөмү (бир тарабы): 1,2 м х 1,8 м.

Сити-форматтын жарнактык тегиздигинин аянты анын эки жагынын жалпы аянты менен аныкталат.

40.1.3. Пиллар – ички жарыктандыруусу менен, үч бурчтуу же төрт бурчтуу призма формасындагы, ар бир тик чегинде 1,4 м х 3,0 м өлчөмүндөгү жарнактык тегиздик жайгашкан, өзүнчө турган жарнактык конструкция.

Жарнактык тегиздиктин аянты пайдаланылуучу жактарынын жалпы аянты менен аныкталат.

40.1.4. Афишалык стенддер жана тумбалар – тротуарларда жайгашкан бир же эки маалымат талаасы менен жарнамалык конструкциялар.

Афишалык стенддер жана тумбалар театрлардын, кинотеатрлардын репертуарлары, спорттук жана башка массалык иш-чаралар, коомдук, маданий-көңүл ачуучу, спорттук-ден соолукту чыңдоочу мүнөздөгү иш-чаралар жөнүндө гана жарнамаларды жана маалыматтарды жайгаштыруу үчүн арналган. Афиша стенддерине жана тумбаларга төмөнкү талаптар коюлат:

– Афишалык стенддерде же тумбаларда жайгаштырылган жарнамалык материалдар тиешелүү иш-чаралардын демөөрчүлөрү жөнүндө маалыматты камтышы мүмкүн;

– афишалык стенддин же тумбанын маалымат талаасынын бир тарабынын өлчөмү 1,4 м юх 3,0 м түзөт;

– афишалык стенддин же тумбанын маалыматтык талаасынын аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.

40.1.5. Чакан форматтагы жарнамалык конструкцияларга коюлуучу талаптар:

– фундаментке эки вариантта жол берилет: терең көмүлгөн, тротуардын деңгээлинен чыкпаган жана терең көмүлбөгөн. Көмүлбөгөн фундаментти колдонгон учурда, ал жарнамалык конструкциянын дизайнына ылайык келген декоративдик материал менен милдеттүү түрдө капталат;

– конструкциянын сапаты жогору, техникалык тейлөөсү жогору, дат баспаган, вандалга каршы материалдарды колдонуу менен жыйноого жана куроого оңой болушу керек;

– айнек беттери коопсуздук айнегин колдонуу менен жасалат;

– конструкциянын металл элементтери ысык цинктөө жолу менен коррозиядан корголууга жана порошок технологиясын колдонуу менен же 5 жылдан кем эмес ченемдик кепилдик пайдалануу мөөнөтү менен металл бөлүктөрүн үзгүлтүксүз сырдоону талап кылбаган башка ыкма менен боелууга тийиш;

– чакан форматтагы каражаттар жарнамалык конструкцияга тиешелүү документтерге ээ болууга тийиш.

Чакан форматтагы жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга карата жалпы талаптар:

– архитектуралык-техникалык корутундуну (АТК) иштеп чыгууда чакан форматтагы жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууну кароо мүмкүнчүлүгү жөнүндө талаптарды жекече кароо керек.

40.2. Орточо форматка 12 м2 чейинки жарнак аянты менен кошо төмөнкү жарнамалык конструкциялар кирет:

40.2.2. Ситиборд – жарнакты жайгаштыруу үчүн атайын дайындалган, сырткы беттерине ээ, ички же сырткы жарыктандыруусу менен өзүнчө турган жарнактык конструкция.

Ситиборддун жарнактык тегиздигинин бир жагынын өлчөмү 3,0 м х 4,0 м ашык эмести түзүүсү тийиш.

Ситиборддун жарнактык бетинин аянты анын пайдаланылуучу жактарынын жалпы аянты менен аныкталат.

Конструкцияны айнектөө үчүн материалдар коопсуздукту эске алуу менен колдонулушу керек.

40.2.3. Жарык кутусу (лайтбокс) – имараттардын жана курулмалардын фасаддарына орнотулуучу жана ички жарык берүүчү жарнамалык конструкция. Жарык кутучасы рамкалуу конструкция болуп саналат, анын алдыңкы бөлүгү жарнак каражаты болуп эсептелет.

Жарнама тегиздигинин аянты пайдаланылган аянты менен аныкталат. Жарык кутусу имараттын фасадынын бетине параллель жайгаштырылат жана фасаддын тегиздигинен 0,25м ашык чыкпоого тийиш.

40.2.4. Стелалар – объекттин жайгашкан жерин, иштөө режимин, негизги кызмат көрсөтүүлөрдүн тизмесин көрсөтүүгө арналган өзүнчө турган жарнамалык конструкциялар. Стелалар пайдубалдан, таянычтан, каркастан, маалымат талааларынан турат жана ички же тышкы жарыкка ээ.

Стеланын капталдарынын саны төрттөн ашпашы керек.

Стеланын төмөнкү типтерин орнотууга уруксат берилет:

– чоң (тыш өлчөмү 1,5 х 5м көп эмес);

– орто (тыш өлчөмү 1,2 х 3 метрден көп эмес);

– кичи (тыш өлчөмү 1,0 х 2 м ашык эмес);

– жекече (тыш өлчөмдөрү жайгашкан жерине ылайык макулдашылышы керек).

Стеланын пайдубалы тротуардын деңгээлинен же жер деңгээлинен жогору чыкпайт. Стелалар электр тармагынан авариялык өчүрүү тутуму менен жабдылып, өрт коопсуздугунун талаптарына жооп бериши керек.

Жарнама тегиздигинин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.

Орточо форматтагы жарнамалык каражаттарга карата жалпы талаптар:

– пайдубалы көмүлгөн болуп жана жол төшөлмөсүнүн, газондун деңгээлинен 150 ммден ашык чыкпашы керек. Мында, пайдубал милдеттүү түрдө жарнамалык конструкциянын дизайнына ылайык келген декоративдик материал менен капталат.

Орточо форматтагы жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун жалпы эрежелери:

– орточо форматтагы жарнамалык конструкциялар учурдагы жарнамалык конструкциядан 200 метрден кем эмес аралыкта жайгаштырылат.

40.3. Чоң форматтарга 36 м2ге чейинки жарнамалык аянты бар төмөнкү жарнамалык конструкциялар кирет:

40.3.1. Билборд (жарнамалык калкан) – жарнактарды жайгаштыруу үчүн атайын иштелип чыккан сырткы бетине ээ өзүнчө турган калкан конструкциясы.

Жарнамалык тегиздиктин өлчөмү: 6,0 м х 3,0 м; 4,0 м х 9,0 м.

Калкандын жарнама тегиздигинин аянты анын пайдаланылган капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.

40.3.2. Чоң форматтуу жарнама каражаттарына талаптар:

– жарнамалык конструкциянын пайдубалы жол төшөлмөсүнүн, газондун деңгээлинен 150мм ден жогору болбошу керек. Мында, пайдубал милдеттүү түрдө жарнамалык конструкциянын дизайнына ылайык келген декоративдик материал менен капталат;

– бир жактуу вариантта жасалган конструкциялар, арткы жагы декоративдүү кооздолуп жана сырткы же ички жарыкка ээ болушу керек.

Чоң форматтагы жарнама конструкцияларын жайгаштырууга жалпы талаптар:

– Чоң форматтагы жарнак конструкциялары учурдагы жарнак конструкциясынан 300 метрден кем эмес аралыкта шахматтык тартипте жайгаштырылат;

– чоң форматтуу жарнамалык каражаттар жалпы регламенттештирүү зонасында гана жайгаштырылат.

40.4. Ири форматтагыларга 36 м2 ашык жарнама аянты бар төмөнкү жарнамалык конструкциялар кирет:

40.4.1. Суперборд – жарнактарды жайгаштыруу үчүн атайын арналган сырткы беттери бар өзүнчө турган калкан жарнак конструкциясы.

Суперборд жарнама тегиздигинин бир тарабынын өлчөмү 12 х 4 метрден ашпоого тийиш.

Жарнама тегиздигинин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.

40.4.2. Мегаборд, (суперсайт) – жарнактарды жайгаштыруу үчүн атайын арналган сырткы беттери бар өзүнчө турган калкан жарнак конструкциясы.

Суперсайттын маалымат талаасынын бир тарабынын өлчөмү 15 x 5м ашык болбошу керек. Жарнама тегиздигинин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.

40.4.3. Арка (П образдуу) – пайдубалдан, каркастан жана жарнама тегиздигинен турган жарнакты жайгаштыруу үчүн сырткы беттерине ээ, жерде эркин турган жарнак структурасы.

Тирөөчтөрдүн ортосундагы аралык тигил же бул технологиялык, инженердик шарттарга жана жарнак конструкциясы орнотулган жердеги ландшафтка жараша өзгөрүшү мүмкүн жана мында жарнак аянтынын тыш өлчөмүнө карабастан конструкциянын бул түрүнө жарнак каражаттарынын ири форматтуу түрлөрүнө карата бардык талаптар жайылтылат.

Арканын жарнамалык тегиздигинин аянты анын капталдарынын жалпы аянты менен аныкталат.

40.4.4. Медиафасаддар – түздөн-түз имараттардын, курулуштардын жана курулмалардын дубалдарынын бетине же дубалдын пластикасын кайталаган метал каркасына жайгаштырылуучу (медиафасад имараттын, курулуштун, курулманын учурдагы айнектерине жайгаштырылган учурда) маалыматтык материалдарды көрсөтүүгө мүмкүндүк берүүчү ири форматтагы жарык өткөрүүчү жарнамалык конструкциялар (дисплей). Шаардын аймагында жайгашкан медиафасаддар тышкы архитектуралык көрүнүштү бузбашы керек.

Медиафасаддын конструкциясы металл же полимердик негиздеги тордон турат, ага сүрөттү көрсөтүүчү светодиоддук түзүлүштөр бириктирилген. Медиафасаддын жарнама талаасынын аянты жарнама талаасынын өлчөмүнө жана көрсөтүлүп жаткан сүрөттөрдүн санына жараша жекече аныкталат.

Жарнамалык конструкцияны медиафасад түрүндө жайгаштырууда терезелердин табигый жарыктандыруусу, ченемдик инсоляциясы бузулбашы керек.

Медиафасадды дайындуу бир имаратка жайгаштыруу үчүн имараттын жарнамалык жасалгасынын бүтүндөй комплекстүү эскиздик долбоору жана аны пайдаланууда коопсуздукту камсыз кылуу максатында конструкциянын (тордун) техникалык документтери милдеттүү түрдө иштелип чыгат.

Медиафасаддар электр тармагынан авариялык өчүрүү тутуму менен жабдылууга жана өрт коопсуздугунун талаптарына жооп берүүгө тийиш.

Күндүзү медиафасаддарда сүрөттөрдү көрсөтүү кыймылдуу эффекттерди колдонуу менен жүргүзүлүшү мүмкүн.

Сутканын караңгы мезгилинде, кыймылдуу эффекттерди колдонуу менен медиафасаддарда сүрөттөрдү көрсөтүүгө тыюу салынат.

Сутканын караңгы мезгилинде медиафасаддардагы сүрөттү алмаштыруу 1 мүнөттө бир жолудан көп эмес жүргүзүлүшү керек, сүрөттү алмаштыруунун узактыгы 10 секунддан ашык болушу керек жана жарыкты нөлдүк мааниге чейин акырындап азайтуу жана андан кийин жарыкты акырындап жогорулатуу жолу менен жүргүзүлүшү керек.

Медиафасаддар соода борборлорунун фасаддарында гана жайгашат.

40.4.5. Ири форматтагы жарнамалык каражаттарга коюлуучу талаптар:

– ири форматтагы конструкцияларда тышкы же ички жарыктандыруу болуш керек;

– жер участокторунда жайгаштырылуучу ири форматтуу конструкцияларга белгиленген тартипте экспертизадан өтүү тийиш болгон долбоордук документтер иштелип чыгат;

– медиафасаддарды кошпогондо, ири форматтагы жарнамалык конструкциялар катуу жана жалпы регламенттештирүү зоналарында жайгаштырылбашы керек.

  1. 40. Өзгөчө жарнама конструкциялары – жеке долбоорлор боюнча аткарылган, ушул Эрежелерде каралган башка форматтардан айырмаланган форматка ээ болгон жарнамалык конструкциялар.

41.1. Жекече долбоорлор боюнча аткарылган салттуу эмес жарнамалык конструкцияларга көлөмдүк-мейкиндик конструкциялары – аларга жарнамалык маалыматты жайылтуу үчүн объекттин көлөмү да, анын бети да колдонулган (анын ичинде аба шарлары, аэростаттар, көлөмдүк-мейкиндик моделдери ж.б.) жарнамалык конструкциялар кирет.

41.2. Көлөмдүк-мейкиндик конструкцияларынын маалыматтык талаасынын аянты эсептөө жолу менен аныкталат.

  1. Жылдыруу мүмкүн болгон жарнамалык конструкциялар (штендерлер) – жылдырма жарнама орнотмолору, адатта, ишкананын иштөө убактысында товар сатылган жерге жакын жерге коюлат. Штендерлер эки тараптуу болушу керек, өзүнүн жарыктары болбошу керек, бир тарабынын аянты 1кв. метрден ашпоого тийиш.

Штендерлер имараттын кире беришинен 2 метр аралыкта жайгаштырылат. Жөө жүрүүчүлөрдүн өтүүсүнө тоскоол болгон, ошондой эле жолдун жүрүүчү бөлүгүнөн кабылдоого багытталган штендерлерди орнотууга тыюу салынат.

  1. Котормо жарнамалык конструкциялар – жеке адамдар тарабынан техникалык каражаттарды пайдаланбастан жылдырылуучу сырткы жарнактын жана маалыматтын убактылуу каражаттары.

Жарнама аянты котормо конструкциянын жарнама талаасынын өлчөмүнө жараша болот.

Котормо жарнамалык конструкцияларды жөө жүрүүчүлөр зоналарында жана тротуарларда пайдаланууга жол берилет. Жөө жүрүүчүлөрдүн өтүшүнө жолтоо болгон, ошондой эле жүрүүчү бөлүктөн кабылдоого багытталган котормо жарнактык конструкцияларды колдонууга тыюу салынат.

  1. Проекциялык орнотмо – проекциялык түзүлүштөн жана жарнамалык сүрөт пайда болгон бетинен (экрандан) же көлөмдөн турган, жерде, туюк дубал тегиздиктеринде сүрөттү көрсөтүүгө арналган жарнамалык конструкциялар.

Маалымат талаасынын аянты жалпак сүрөттөр үчүн болжолдонгон беттин өлчөмдөрү менен аныкталат, ал эми көлөмдүү сүрөттөр үчүн эсептөө жолу менен аныкталат. Проекциялык орнотмолорду жайгаштырууга жер участокторунда да, имараттарда, курулуштарда, курулмаларда да жол берилет.

  1. 45. Электрондук экрандар (LED экрандар, электрондук табло)

светодиоддордун, лампалардын, жарыктын башка булактарынын же жарыкты чагылдыруучу элементтердин жарык чыгаруусунун эсебинен экрандын тегиздигинде сүрөттөлүштү чыгаруу үчүн арналган конструкциялар. Маалымат талаасынын аянты жарык чыгаруучу беттин тыш өлчөмү менен аныкталат.

45.1. Экрандар өзүнчө турган конструкциялар түрүндө, ошондой эле курулмалардын имараттарынын фасаддарында жайгаштырылуучу конструкциялар түрүндө да жайгаштырылышы мүмкүн.

45.2. Электрондук таблолордун маалыматтык жана жарнамалык аянты маалыматтык жана жарнамалык аянтчалардын өлчөмдөрүнө же түздөн-түз трансляциялануучу сүрөттөлүштөрдүн санына жараша жекече эсептөө жолу менен аныкталат.

45.3. Электрондук экрандарга (LED экрандарга, электрондук таблолорго) коюлуучу талаптар:

– электрондук алып жүрүүчүлөрдөгү сүрөттөрдү көрсөтүү аудиовизуалдык чыгармаларды камтыган кыймылдуу эффекттерди колдонбостон, статикалык чагылдыруу технологиясын колдонуу менен жүргүзүлүшү керек (медиафасаддарды кошпогондо);

– сутканын караңгы мезгилинде сүрөттү өзгөртүү 5 секундада бир жолудан көп эмес, сүрөттү алмаштыруунун узактыгы 2 секунддан ашык болушу керек жана жарыкты нөлдүк мааниге чейин акырындап азайтуу жана андан кийин жарыкты акырындап жогорулатуу жолу менен жүргүзүлүшү керек;

– жол кыймылынын катышуучуларында жарыктын, анын ичинде конструкциянын бетинен чагылган жарыктын көздү уялтышына алып келбөөсү зарыл;

– валюта алмаштыруу таблосунун электрондук каражаттарында сүрөттөрдү көрсөтүү кыймылдуу эффекттерди колдонбостон статикалык сүрөт технологиясын колдонуу менен жүргүзүлүшү керек. Сүрөттү өзгөртүү 30 секундада бир жолудан көп эмес, сүрөттү өзгөртүү ылдамдыгы 2 секунддан ашпашы керек;

– сутканын түнкү убагында электрондук алып жүрүүчүлөрдө сүрөттөрдү көрсөтүүдө ак фонду пайдаланууга жол берилбейт;

– электрондук экрандарды турак үйлөрдүн фасаддарына, мектепке чейинки жана жалпы билим берүүчү мекемелердин имараттарына жайгаштырууга жол берилбейт;

– электрондук экрандар соода жана көңүл ачуу борборлорунун фасаддарына орнотулат.

45.4. Бир имараттын, курулуштун, курулманын сырткы беттерине уюм, жеке же юридикалык жак төмөнкүдөй типтердин бири болгон бирден ашык эмес маалыматтык конструкцияны орнотууга укуктуу:

– дубалга орнотулган конструкция (көрнөктөрдүн конструкциясы объекттердин фасаддарынын бетине жана (же) алардын конструкциялык элементтерине түздөн-түз объекттин фасадынын тегиздигине параллель жайгаштырылат);

– валюта алмашуу таблосу стандарттык өлчөмү менен 1,2 х 0,8 м болушу керек.

  1. 46. Курулуш объекттериндеги жарнама – курулуштук же кайра конструкциялануучу объекттин убактылуу тосмолорунда же курулуп жаткан, кайра конструкцияланып жаткан имараттын фасаддарында жайгаштырылуучу жарнак. Курулуш тосмосунда курулуп жаткан объект жөнүндө маалымат болушу мүмкүн.

46.1. Курулуп жаткан имараттарда, курулуштарда, курулмаларда убактылуу жарнамалык конструкцияларды – курулуш торчолорун жайгаштырууга жол берилет.

Курулуш торчолорун жайгаштырууга жана сырткы көрүнүшүнө талаптар архитектуралык-техникалык документтер менен белгиленет. Курулуш торчолорунун көрүнүшү бир түстүү болушу мүмкүн же сүрөттүн фону түс бланкына ылайык 1:1 масштабында фронталдык проекцияда курулуп жаткан, кайра конструкцияланып жаткан, оңдолуп жаткан имараттын, курулуштун фасадын тууроого (кайталоого) тийиш.

 

  1. IX. Маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар үчүн жалпы эрежелер.

 

  1. 47. Жалпы техникалык эрежелер:

– маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар ушул Эрежелерге, архитектуралык-техникалык документтерге, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптарына ылайык, коопсуз даярдалышы жана орнотулушу керек;

– конструкцияларды даярдоодо пайдаланылуучу материалдар сапаттын заманбап талаптарына жооп берүүгө тийиш;

– маалыматтык конструкцияларда механикалык бузулуулардын болушуна, ошондой эле конструкциянын бүтүндүгүн бузууга жол берилбейт.

  1. Сырткы көрүнүшкө жалпы эрежелер:

– маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар Бишкек шаарынын сырткы архитектуралык-көркөм көрүнүшүн бузбашы керек;

– сырткы көрүнүшү бүтүндүкө, тыкан сырдалган каркастарга, сутканын караңгы мезгилинде конструкциялардын жарыктандыруусуна ээ болушу керек;

– даттын жана кирдин, ашыкча элементтердин (аркандардын ж. б.), чапталган кулактандыруулардын жана башка маалыматтык билдирүүлөрдүн, үстүнкү бетинин жабыркоолорунун, жарнактык эн тилкесинин жарылышынын, ошондой эле конструкциялардын бардык бөлүктөрүндө жана элементтеринде бөтөн жазуулардын жана сүрөттөрдүн болушуна жол берилбейт;

– Жайыл районунун көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында, конструкцияларда жарнак жок болгон учурда, жарнак таратуучу социалдык жарнакты жайгаштырууга милдеттүү;

– жарнамалык конструкциялардын конструкциялык элементтери (бекиткичтер, болттук бирикмелер, таянычтардын элементтери, технологиялык косынкалар ж.б.) декоративдик элементтер менен жабылган же жашырылган же эстетикалык жактан иштелген көрүнүштө болуш керек.

  1. Пайдалануу боюнча жалпы талаптар:

– Жайыл районунун аймагында өзүнчө турган конструкцияларда маалыматты же жарнакты жайгаштыруу, алмаштыруу сутканын түнкү убагында (саат 22:00дөн 6:00гө чейин) жүргүзүлүүгө тийиш;

– жалпы пайдалануудагы аймактарда жарнактык конструкцияларды пайдалануу жөө жүрүүчүлөрдүн эркин өтүшүн, көчөлөрдү жана тротуарларды тазалоо мүмкүнчүлүгүн камсыз кылууга тийиш;

– конструкциялар жуулуп, кирден жана таштандылардан тазаланууга тийиш. Конструкцияларды тазалоо зарылдыгына жараша (булганышына жараша) жүргүзүлөт.

 

  1. 50. Жайыл районунун аймагындагы жарнамалык жана маалыматтык конструкцияларга коюлуучу талаптар:

– жарнактык конструкциялар мамлекеттик жана расмий тилдерде жана жарнак берүүчүлөрдүн каалоосу боюнча кошумча Кыргыз Республикасында жашаган элдердин тилдеринде таратылууга тийиш;

– жарнамалык жана маалыматтык конструкциялар адабий тилдин ченемдерин (алфавит жана орфографиялык эрежелер) сактоо менен жайылтылууга тийиш, белгиленген тартипте катталган товардык белгилер (тейлөө белгилери), типографиялык терүүдөгү муун литерлери (логотиптер) түп нускасынын тилинде берилиши мүмкүн;

– жарнамалык конструкциялар чоңдугу боюнча башка тилдердеги тексттин арибинин өлчөмү мамлекеттик тилдеги тексттин арибинин өлчөмүнөн чоң болбоого тийиш, мамлекеттик тилдеги текст маалыматтык конструкциянын көрүнүктүү бөлүгүндө жайгашууга тийиш деген шарт менен жайылтылат;

– жарнак конструкциялары жарнак берүүчүнүн иши лицензияланууга тийиш болгон учурда лицензиянын номеринин көрсөтмөсүн, ошондой эле лицензия берген органдын аталышын камтууга тийиш;

– жарнак конструкциялары милдеттүү түрдө тастыкталууга тийиш болгон товарларды жарнамалоодо “товар тастыкталган” деген белги менен коштолууга тийиш;

– жарнамалык конструкциялардын менчик ээлери социалдык жарнакты жылына 18 календардык күндөн кем эмес акысыз негизде жайгаштырууну камсыз кылууга тийиш;

– маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар ызы-чуунун, термелүүнүн, жарыктын, электр магниттик жана башка нурлардын ченемдерине ылайык келүүсү зарыл;

– инфратүзүм жана көрктөндүрүү объекттеринин курулмаларында, конструкциялык элементтеринде (коомдук шаардык транспорттун токтоочу комплекстеринде, чакан архитектуралык формаларда (МАФ), жол жээгиндеги жарык берүүчү жана троллейбус таянычтарында ж. б.) жарнактарды, үгүт материалдарын, транспаранттарды, баннерлерди жайгаштырууга тыюу салынат;

–   тарых жана маданият эстеликтери болуп саналган имараттардын, курулмалардын аймагында, фасаддарында, чатырларында жана башка конструкциялык элементтеринде, сыйынуу жана диний объектилеринде, окуу жайларда, мектеп жана мектепке чейинки мекемелерде, дарылоо мекемелеринде жарнактык конструкцияларды жайгаштырууга тыюу салынат.

Жарнамалык жана маалыматтык текстте камтылбаш керек:

– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чектөөлөр жайылтылган маалыматтар;

– жарнамаланган товарларды колдонбогон адамдарга карата терс мамилени калыптандыруу же мындай адамдарды айыптоо.

  1. 51. Жеңилдетилген типтеги объекттердин (павильон, киоск ж.б. у. с.) конструкциялык элементтериндеги маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларга (көрнөктөргө) талаптар:

Павильондун көрнөгү павильондун негизги фасадынын фриз бөлүгүнө коюлушу керек.

Көрнөк арткы орунсуз, ички жарык менен жасалышы сунушталат, тамгалар бир сапка жайгаштырылат. Тамгалардын жана логотиптин бийиктиги – 0,25-0,40 м.

Көрнөк фасаддын борбордук огуна карата тегизделет.

Жеңилдетилген типтеги объекттин сырткы бетине жарнактык конструкцияларды (баннерлерди) жайгаштырууга жол берилбейт.

  1. Сырткы жарнак жана маалымат каражаттарынын ээлери шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органдын талаптарына ыкчам жооп берүүгө милдеттүү, Бишкек шаарынын көркөм-эстетикалык көрүнүшүн сактоо максатында, анын ичинде турак жай жана коомдук имараттардын табигый, жасалма жана айкалышкан жарык берүүсүнө карата талаптарды бузуу менен пайдаланылуучу сүрөттү алмаштыруунун электрондук технологиясы бар жарнамалык конструкциялар табылган учурда, жарнак конструкциясынын менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси табылган бузууларды четтетүү боюнча токтоосуз чара көрүүгө милдеттүү.

Табылган эреже бузууларды жоюуга мүмкүн болбогон учурда жарнамалык конструкциянын менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси сүрөттү өзгөртүү технологиясын өзгөртүүгө милдеттүү.

  1. Бишкек шаарынын аймагында маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга тыюу салынат:

53.1. Имараттардын жана курулмалардын тышкы беттеринде (2-тиркеме, 43, 44-сүрөттөрдү караңыз):

– көрнөктөрдү жайгаштыруучу жерлерге карата белгиленген талаптарды бузуу менен (2-тиркеме, 45-сүрөттү караңыз);

– көрнөктүн маалымат талаасында тамгалардын жайгашуусунун вертикалдуу тартибинде (2-тиркеме, 46-сүрөттү караңыз);

– көрнөктөрдү биринчи жана экинчи кабаттардын ортосундагы тосмолордун сызыгынан жогору коюу менен (2-тиркеме, 47-сүрөттү караңыз);

– балкондорду, лоджияларды, терезелерди жана эшиктерди, ошондой эле витраждарды жана витриналарды толук тосуу менен (жабуу менен) (2-тиркеме, 48-сүрөттү караңыз);

– көрнөктөрдү турак жайлардын чектеринде, анын ичинде фасаддын туюк бурчуна (торц) жайгаштырууга (49-сүрөт, 2-тиркемени караңыз);

– көрнөктөрдү лоджиялардын жана балкондордун чатырларына жана (же) лоджияларга жана балкондорго жайгаштырууга (2-тиркеме, 50-сүрөттү караңыз);

– көрнөктөрдү объекттердин фасаддарынын архитектуралык деталдарына (анын ичинде түркүктөргө, пилястраларга, оймо-чиймелерге, шыбактарга (лепнина) жайгаштырууга (2-тиркеме, 51-сүрөттү караңыз);

– көрнөктөрдү мемориалдык такталардан 2-10м жакын аралыкта жайгаштырууга (2-тиркеме, 52-сүрөттү караңыз);

– көчөлөрдүн аталыштарынын жана үйлөрдүн номерлеринин көрсөткүчтөрүн тосууга (жабууга) (2-тиркеме, 53-сүрөттү караңыз);

– дубал көрнөктөрүн бири-биринин үстүнө жайгаштырууга (2-тиркеме, 54-сүрөттү караңыз);

– консолдук көрнөктөрдү бири-биринен 10 метрден аз аралыкта, ошондой эле бир консолдук көрнөктү экинчисинин үстүнө жайгаштырууга (2-тиркеме, 55-сүрөттү караңыз);

– курулмаларда картон, кездеме, баннер кездемелерин колдонуу менен көрнөктөрдү жайгаштырууга (2-тиркеме, 56-сүрөттү караңыз);

– неон чырактарын, жалтыраган (жаркылдаган) элементтерди колдонуу менен көрнөктөрдү жайгаштырууга (2-тиркеме, 57-сүрөттү караңыз);

– экинчи кабаттын терезе оюктарынын төмөнкү деңгээлинен чыгарууга;

– терезелерди, жасалгаларды жана архитектуралык элементтерди тосуп жайгаштырууга;

– фасаддын бетине декоративдик-көркөм жана (же) тексттик сүрөттү (сырдоо, чаптама (наклейка) жана башка ыкмалар менен) түздөн-түз түшүрүү жолу менен көрнөктөрдү (өзгөчө маалыматтык конструкцияларды кошпогондо) жайгаштырууга;

– жүгүрмө сап көрнөгүн жайгаштырууга;

– витриналарды декоративдик пленкалар менен сырдоо жана каптоого, витриналардын айнектерин жарык кутучалар менен алмаштырууга, неон чырактарын, жаркылдаган (бүлбүлдөгөн) элементтерди, витринанын айнегинин бүткүл бийиктигине жана (же) узундугуна электрондук алып жүрүүчүлөрдү (LED экран) пайдалануу менен көрнөктөрдү жайгаштырууга, картонду, кездемени, баннердик кездемени пайдалануу менен көрнөктөрдү жайгаштырууга;

– социалдык жарнакты жана маалыматты жана көркөм ишмердикти кошпогондо, жарнак максатында имараттарга жана курулмаларга сүрөт тартуу, боекту жана сырдоо (граффити, стрит-арт ж. б.) түшүрүүгө;

– троллейбустардын жана шаардык жарыктандыруунун байланыш тармагынын таянычтарына стрит-баннерлерди (баннерлерди илүү үчүн конструкция) жайгаштырууга;

– брандмауэр панносун жайгаштырууга (терезе оюктары, витриналары, архитектуралык деталдары, декоративдик жасалгасы жок имараттардын жана курулмалардын каптал туюк фасаддарынын тегиздигинде дубалга түздөн-түз түшүрүлгөн сүрөт же бекитүү элементтеринен, каркастан жана жарнама талаасынан турган конструкция түрүндө жайгаштырылуучу дубал панно – жарнамалык конструкция);

– тосуучу конструкцияларда (темир тосмолордо, шлагбаумдарда, тосмолордо, кармагычтарда (перила), ошондой эле афишаларда, плакаттарда, түркүктөрдөгү графикаларда, троллейбустук түркүктөрдө жана электр жарыктандыруу түркүктөрүндө, дарбазаларда жана дарактарда) жарнакты жана маалыматты жайгаштыруу, чаптоо же белгилеп коюуга (2-тиркеме, 58-сүрөттү караңыз);

– объекттин стилобаттык (курулуучу) бөлүгүндө жайгаштырылуучу маалыматтык конструкциялардын (көрнөктөрдүн) параметрлери (өлчөмдөрү) объекттин стилобаттык бөлүгүнүн кабаттуулугуна жараша аныкталат (2-тиркеме, 59-сүрөттү караңыз);

– өзүнчө турган курама-ажыратылуучу (жыйналма) конструкциялар түрүндөгү көрнөктөрдү – штендерлерди жайгаштырууга;

– макулдашылган эскиздик долбоордо аныкталган көрнөктөрдү жайгаштыруу жерлерин, башка жарнактарды жайгаштыруу үчүн пайдаланууга;

– курулушу бүтө элек объекттердин сырткы беттерине көрнөктөрдү жайгаштырууга.

53.2. Жер участокторунда жана башка курулмаларда:

– жол-транспорт жагдайына баа берүүнү кыйындаткан жана жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары жана атайын сигналдары менен окшоштуктары (сырткы көрүнүшү, сүрөтү же үн эффектиси боюнча) бар, ошондой эле жолдо жөө жүрүүчүлөрдүн, транспорт каражаттарынын, жаныбарлардын же башка буюмдардын, объекттердин болуу элесин берген жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары.

– жол белгилери, светофордук түркүктөр же жол кыймылын жөнгө салуу үчүн иштелип чыккан башка түзүлүштөр менен бир таянычта жана алар менен катарда;

– жолдордун авариялык-кооптуу участкаларында;

– темир жол өткөөлдөрүндө жана алардан 50 метрге жакын, мында темир жолдорду башкаруунун тиешелүү органы менен макулдашууда жол өткөөлдөрүнө жайгаштырууга болот;

– ар кандай деңгээлдеги транспорттук түйүндөрдүн чектеринде, көпүрө курулмаларында, өткөөлдүн астында, ошондой эле алардан 25 метрден аз аралыкта;

– колдонуудагы мамлекеттик стандарттарга жана ченемдик актыларга ылайык аныкталуучу “Транспорт-Транспорт” жана “Транспорт-жөө жүрүүчү” көрүнүү үч бурчтуктарынын чектеринде;

– жол тосмолорунда жана багыттоочу түзүлүштөрдө;

– 4 % ашык жантайма узунунан кеткен көчөлөрдүн жана жолдордун участокторунда;

– маршруттук транспорт каражаттарынын аялдамаларына 25 метрден жакын;

– кыймылдуу элементтерди камтыган сүрөттү колдонуу, айрыкча, эгерде бардык жарнамалар же маалыматтар бир эле убакта толугу менен пайда болбосо жана ошону менен жол кыймылынын катышуучулары аны окуу убактысын көбөйтсө;

– автомобиль жолдорунун, тротуарлардын, аянтчалардын же транспорт каражаттарынын токтоочу жайларынын бетине, жөө адамдар имараттан тышкары жүргөн башка жерлерге курулуш материалдарын, боекторду, жол чийимдерин ж. б. пайдалануу менен түшүрүү же болбосо ушуларга аралаштыруу жолу менен чарба жүргүзүүчү субъекттер, товарлар, жумуштар, кызмат көрсөтүүлөр, соода объекттери жана башка ушул сыяктуу маалыматтар жөнүндө жарнама, ошондой эле жазуулар жана сүрөттөр;

– шаарды гүл менен кооздоо үчүн пайдаланылуучу аймактарда, ошондой эле тротуарларда, эгерде алар орнотулгандан кийин жөө жүрүүчүлөр үчүн өтмөктүн туурасы, ошондой эле механикалаштырылган тазалоо үчүн 2 метрден аз болсо;

– жер астындагы жана жер үстүндөгү жөө жүрүүчүлөр өтүүчү өткөөлдөрдүн сырткы (көчө) конструкцияларында;

– аларга нөөмөттүк жарнамалык билдирүүлөрдү жайгаштыруу үчүн арналган консолдордун имараттарынын фасаддарында;

– жылтылдаган жарыкты орнотуу, күңүрт эмес жарык, турак жай терезелерине түз багытталган нурларды түзүү;

– жер астындагы коммуникациялардын үстүндө;

– фасаддын бетине декоративдик-көркөм жана (же) тексттик сүрөттөлүштү түздөн-түз түшүрүү жолу менен жазылган  (бул талаптарда каралбаган сырдоо ыкмасы жана башка ыкмалар менен) көрнөк;

– көчөлөрдүн жүрүүчү бөлүгү аркылуу жайгаштырылган, жумшак негизде аткарылган троллейбустардын жана электр берүү чубалгыларынын байланыш тармагынын колдонулуп жаткан асма тутумундагы транспаранттарды, тартмаларды жана кермелерди.

53.3. Сырткы жарнак каражаттары болбош керек:

– жол кыймылынын катышуучуларынын жол абалын же транспорт каражатын эксплуатациялоону кабыл алуусуна тоскоолдук кылуу, ошондой эле жөө жүрүүчүлөрдүн жана велосипедчилердин кыймылына тоскоолдуктарды түзгөн;

– көрктөндүрүү элементтеринин көрүнүшүн чектеген;

– жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттары жана атайын сигналдар менен окшоштукка (сырткы көрүнүшү же сүрөтү боюнча) ээ болгон, алардын көрүнүүсүн начарлаткан жана чектеген, ошондой эле жолдо транспорт каражатынын, жөө жүрүүчүнүн же кандайдыр бир объекттин болуу элесин берген.

  1. Атайын объект болуп саналган жана маданий мурастардын аймактарынын чектеринде жайгашкан имараттардын, курулуштардын, курулмалардын чатырларында маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) жайгаштырууга тыюу салынат.

Маданий мурас объекттери болуп саналган имараттардын, курулуштардын, курулмалардын чатырларында мурда болгон маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) калыбына келтирүү учурларын кошпогондо, белгиленген тартипте бекитилген, көрсөтүлгөн маалыматтык конструкцияларды (көрнөктөрдү) жайгаштырууну караган калыбына келтирүү долбоору болгондо (2-тиркеме, 60-сүрөттү караңыз).

  1. Жайыл районунда маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууда жол берилет:

– имараттардын, курулуштардын, курулмалардын фасаддарына же башка тышкы беттерине маалыматтык конструкцияларды жайгаштырууга;

– эрежелерге ылайык асма маалымат түзүлүштөрүн жайгаштырууга. Асма маалыматтык конструкциялардын тышкы түрү, тыш өлчөмдөрү, ошондой эле имараттын, курулуштун, курулманын бир галереясында жайгаштырылуучу асма маалыматтык конструкциялардын саны Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан макулдашылган эскиздик долбоор менен аныкталат (2-тиркеме, 61-сүрөттү караңыз).

– дубалга илинген жана илинип турган маалыматтык конструкцияларды, көрнөктөрдү бирдиктүү конструкция жана (же) бир маалыматтык конструкциянын окшош жана (же) өз ара байланышкан элементтеринин комплекси түрүндө жайгаштыруу;

– консолдук көрнөктөрдү бирдиктүү конструкция катары гана жайгаштырууга (2-тиркеме, 62-сүрөттү караңыз).

  1. Жекече долбоор менен аткарылган имараттын фасадына же чатырына жайгаштырылган жарнама конструкциялары.

56.1. Имараттын фасадында же чатырында жайгашкан жарнамалык конструкциялар төмөнкү элементтерден турат:

– жарнама аянты (тексттик бөлүгү) – тамгалар, тамга белгилери, аббревиатура, сандар;

– көркөм элементтер (логотиптер, белгилер ж.б.);

– бекитүүчү элементтер (мейкиндик торчосу).

56.2. Имараттын фасадына же чатырына жайгаштырылган конструкцияларга жалпы талаптар:

– имараттардын, курулуштардын, курулмалардын чатырларында жайгаштырууга уруксат берилген көрнөктөрдүн конструкциялары көлөмдүк символдорду билдирет (арткы орунду колдонбостон), алар ички жарык менен гана жабдылышы мүмкүн;

–  соода борборунун аталышы чатыр конструкциясынын блокторунун санына карабастан, долбоордо каралган соода борборунун чатырында гана негизги фасад бөлүгүндө жайгашышы керек;

– бул турак үйдүн курулушу менен түздөн-түз алектенген курулуш фирмасынын логотиптерин, аталыштарын кошпогондо, турак үйлөргө чатыр конструкцияларын жайгаштырууга тыюу салынат (2-тиркеме, 63-сүрөттү караңыз);

56.3. Имараттын фасадына же чатырына жайгаштырылчу жарнамалык конструкциялар үчүн төмөнкү эрежелер белгиленет:

– жарнамалык аянт жана көркөм элементтер ички жарыктар менен гана жабдылышы керек;

– жарнама конструкциясынын жарнама талаасынын аянты конструкциянын тыш өлчөмдөрү менен аныкталат;

– имараттын фасадында же чатырында жайгашкан өзүнчө тамгалар жана логотиптер түрүндөгү жарнамалык конструкцияларда сүрөттү өзгөртүү технологияларын, анын ичинде электрондук алып жүрүүчүлөрдүн, кыймылдуу бөлүктөрдүн жардамы менен, ошондой эле медиафасаддарды уюштуруу технологияларын колдонууга жол берилбейт;

– объекттин чатырына орнотулуучу жарнак каражаттарынын узундугу алар жайгаштырылган фасаддын узундугунун 70% ашпоого тийиш;

– жарнамалык конструкцияны бекиткич элементтери бул конструкциянын периметринен капталдарында жана үстүндө чыкпашы керек. Чатырдын жарнамалык конструкциясынын маалымат талаасынын парапетинен төмөнкү четине чейинки аралык 1 метрден ашпоого тийиш;

– жеке тамгалар жана логотиптер түрүндөгү жарнамалык конструкциялар үчүн орнотууда, куроодо жана эксплуатациялоодо коопсуздукту камсыз кылуу максатында жумушчу долбоордук документтер милдеттүү түрдө иштелип чыгат;

– өзүнчө тамга жана логотип түрүндөгү жарнамалык конструкциялар электр берүү тармагынан авариялык өчүрүү тутуму менен жабдылууга, өрт өчүрүү тутуму болууга жана өрт коопсуздугунун башка талаптарына ылайык келүүгө тийиш.

56.4. Имараттын фасадында же чатырында жайгаштырылуучу маалыматтык конструкциялар (көлөмдүү тамгалар) үчүн төмөнкүдөй эрежелер орнотулат:

– объекттердин чатырларында жайгаштырылган көрнөктөрдүн маалымат талаасы алар орнотулган объекттердин фасаддарынын бетине параллель, объекттин жээктемесинин, парапетинин сызыгынан жогору жайгаштырылат;

– имараттардын, курулуштардын, курулмалардын чатырларында жайгаштырылуучу маалыматтык конструкциялардын (көлөмдүү тамгалар) бийиктиги болуш керек:

а) 1-5 кабаттуу объекттер үчүн 1м ашык эмес;

б) 6-10 кабаттуу объекттер үчүн 1,5м ашык эмес;

в) 11 жана андан жогору кабаттуу объекттер үчүн 2м ашык эмес (2-тиркеме 64-сүрөттү караңыз).

56.5. Имараттын, курулуштун, курулманын чатырында жайгашкан маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын сырткы көрүнүшү шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан иштелип чыккан жана макулдашылган эскиздик долбоорго ылайык аныкталат.

56.6. Эскиздик долбоорду иштеп чыгуу жана макулдашуу фасаддарда маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга тоскоолдук кылуучу архитектуралык-көркөм элементтердин объекттери болгон учурда,  ошондой эле турак эмес объекттердин сырткы беттерине жайгаштырылган конструкциянын параметрлери, ушул Эрежелерге ылайык бул маалыматтык конструкцияны (көрнөктү) жайгаштырууда маалыматтык талаанын жана архитектуралык-көркөм элементтердин пропорционалдуулугун бузбастан сакталышы мүмкүн эмес болгон учурда милдеттүү болуп саналат.

 

Өзгөчө эскертүүлөр:

Жарнак конструкциялары жылына бир жолудан кем эмес тиешелүү иштерди жүргүзүүгө лицензиясы бар адистештирилген уюмдарда техникалык кароодон өтүүгө тийиш.

 

  1. Жол коопсуздугун камсыз кылуу үчүн маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларга эрежелер.

 

  1. Жарнамалык конструкциялар болбошу керек:

– жол белгилери жана көрсөткүчтөрү менен окшоштуктарга ээ болуу, алардын көрүнүшүн начарлатуу, ошондой эле жол коопсуздугун төмөндөтүү;

– муниципалдык жана башка курулмалардын көрүнүүсүнө тоскоолдук кылуу жана техникалык жана эстетикалык талаптарын бузуу;

– жөө жүрүүчүлөр үчүн, шаарды көрктөндүрүү менен байланышкан көчөлөрдү, тротуарларды тазалоого тоскоол болуу, ошондой эле башка конструкцияларды тосуу;

– жол кыймылын уюштуруунун техникалык каражаттарынын көрүнүүсүн чектөө же кыймылдын катышуучуларынын аларды кабылдоосуна тоскоолдук кылуу;

– инженердик курулмалардын аралыктагы курулмаларында жайгашканда алардын тыш өлчөмдөрүн кичирейтет;

– жөө жүрүүчүлөр аларды кабылдоо үчүн көчөлөрдүн жана жолдордун жүрүүчү бөлүгүнө чыгууга мажбур болгондой жайгаштырылбашы керек;

– автомобиль жолунун чегинде, угуусу нормалдуу адамдар угушу мүмкүн болгон үндөрдү чыгарууга болбойт.

57.1. Жарнама аянтына жараша, жолдун бир тарабында турган жарнама конструкцияларынын ортосундагы аралык кеминде болушу керек:

–  2 м2 чейин – 50 метр;

– 6 м2 чейин – 200 метр;

– 12 м2 тан 18 м2  чейин – 250 метр;

– 18 м2 жогору – 300 метр;

– 36м2 жогору – 350 метр.

57.2. Жарнактык конструкциялар жолдорду бойлото жайгашканда борттук таш жок болсо, эгерде жүрүүчү бөлүктүн четинен конструкциянын четине чейинки аралык 3,0 метрге барабар же андан аз болсо, конструкцияга автотранспорттун кирбеши үчүн жол тосмолору орнотулууга тийиш. Конструкциянын таянычтарынын анкердик негизи жер деңгээлинен 15 см ашпоого тийиш.

57.3. Жарнама же маалымат калканынын төмөнкү четинен жол төшөлмөсүнүн бетине чейинки аралык жолдун капталына орнотулганда 2,5 метрден кем болбошу керек, ал эми жолдун жүрүүчү бөлүгүндө орнотулганда – 4,5 метрден кем эмес болушу керек.

57.4. Жарнакты ички же сырткы жарыктандырууда жарык берүүчү приборлор жана түзүлүштөр жарык нурларынын жол тарапка түз тийүүсүн болтурбагандай орнотулушу керек.

57.5. Жарнак конструкцияларынан светофорлорго чейинки аралык, таблицада көрсөтүлгөндөн кем болбоого тийиш:

 

Кыймылдын ылдамдыгы (км/ч) Конструкциянын жарнамалык аянты  (м2)
60 18

жогору

12-18

чейин

6-12 чейин 6 кем
60 аз 100 60 40 25

 

57.6. Жарнактык конструкцияларды жайгаштырууда автомобиль жолдорун жана көчөлөрдү күтүүнүн ыңгайлуулугу, жол кыймылын уюштурууну жана аларды пайдаланууну жөнгө салуу каражаттарын киргизүү мүмкүнчүлүгү эске алынууга тийиш.

57.7. Жарнамалык конструкциялардын тирөөчтөрү соккуда (наезд) коопсуздуктун жогорку деңгээлин жана шамалдын жүктөмүндө жана эксплуатациялоодо жетиштүү туруктуулукту камсыз кылган ар кандай материалдардан жасалышы мүмкүн.

 

 

 

 

 

  1. XI. Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды

куроого (монтаж) талаптар.

 

  1. 58. Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды куроо боюнча иштер архитектуралык-техникалык документтерге ылайык аткарылууга тийиш.
  2. 59. Жер участокторунда жайгаштырылуучу маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын пайдубалдарын орнотуу жана аларды орнотууда башка жер иштерин жүргүзүү, белгиленген тартипте жол-жоболонгон жер иштерин жүргүзүү ордеринин негизинде жүргүзүлөт.
  3. 60. Маалыматтык жана жарнактык конструкцияларды куроодо жолдун же көчөнүн жүрүүчү бөлүгүн же жолду бөлүү тилкесин ээлөөнүн зарылдыгы жана кыймылды убактылуу жабуунун же чектөөнүн зарылдыгы жөнүндө маалыматтар, иш башталганга чейин 5 жумушчу күндөн кем эмес убакытта жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча тиешелүү аймактык бөлүмгө берилүүгө тийиш.
  4. 61. Конструкциянын менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси жарнамалык конструкцияларды куроодон же ажыратуудан кийин 3 суткадан ашпаган мөөнөттө аймакты жана объектти көрктөндүрүүнү калыбына келтирүүгө милдеттүү;
  5. Жарнамалык конструкциянын тийиштүү техникалык жана эстетикалык абалын камсыз кылуу, конструкцияны, тосмону өз убагында оңдоо жана сырдоо, өчкөн жана бузулган жарнакты алмаштырууну жүргүзүү.
  6. Маалыматтык жана жарнактык конструкцияларды куроо боюнча иштер аяктагандан кийин үч күндүн ичинде конструкциянын менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси ыйгарым укуктуу органга жана шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга маалымдоого милдеттүү.

Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды алмаштыруу, ушул Эрежелерге ылайык ыйгарым укуктуу орган менен макулдашылууга тийиш.

 

XII. Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүү үчүн арыздарды кароонун тартибине жалпы талаптар

 

64.Жайыл районунун ыйгарым укуктуу органы:

1) Ушул Эрежелердин талаптарын ишке ашыруу максатында, Реестр жүргүзүлөт:

мамлекеттик жана социалдык жарнакты жайгаштыруу маселелери боюнча жарнак берүүчүлөр, жарнак конструкцияларынын ээлери, мамлекеттик органдар, Жайыл районунун аймактык жана түзүмдүк бөлүмдөрү, чарба жүргүзүүчү субъекттери менен өз ара аракеттенет;

Жарнамалык тексттердин “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тили жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын талаптарына шайкештигине белгиленген тартипте лингвистикалык экспертиза жүргүзөт;

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жарнамалык ишти жүргүзүү үчүн техникалык каражаттарды долбоорлоого, курууга жана башкарууга жеке өнөктөрдү тартат;

ушул Эрежелердин талаптарын бир нече жолу бузган жактар менен маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугуна келишимдик милдеттенмелерди токтотуу жөнүндө чечим кабыл алат;

орнотуу же ажыратуу мөөнөттөрү, жарнамалык-көркөм жасалгалоонун абалы жана маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун ылайыктуулугу боюнча келишимдик милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону жүзөгө ашырат;

Кыргыз Республикасынын жарнак чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын сакталышын контролдоону жүзөгө ашырат.

2) Ушул Эрежелердин талаптарынын аткарылышына төмөнкүлөр боюнча контролду жүзөгө ашырат:

маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруунун укук ченемдүүлүгү;

маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын долбоордук документтерге ылайыктуулугу;

жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын тиешелүү аймактык бөлүмдөрү жана транспорт жаатындагы ыйгарым укуктуу орган менен зарыл макулдашуулардын болушу;

маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын тышкы көрүнүшүнүн абалы, күтүлүшү жана алар орнотулган аймактын абалы;

жарнамалык иш-аракеттерди жүргүзүү үчүн техникалык каражаттарды белгилөө жана пайдалануу.

  1. 65.   Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды Жайыл районунун аймагындагы жер участокторуна жана менчигинин түрүнө карабастан башка объекттерге жайгаштыруу Реестрге киргизилген шартта жүзөгө ашырылат.
  2. Реестрге киргизүү жарнак берүүчүнүн жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде, ыйгарым укуктуу орган бекиткен тартипте жана формада жүзөгө ашырылат.
  3. Арызда көрсөтүлөт:

1) Жеке жактар үчүн:

Аты-жөнү, теги;

Арыз ээсинин почталык дареги;

жеке ишкер катары катталгандыгы жөнүндө күбөлүк же жеке жактын экономикалык иш жүргүзүү укугун тастыктаган башка документ;

салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН);

маалыматтык жана жарнамалык конструкциянын арналышы жана  негизги параметрлери.

2) Юридикалык жактар үчүн:

уюмдун аталышы;

юридикалык жакты мамлекеттик каттоо жөнүндө маалыматтар;

жетекчинин аты-жөнү, теги;

почта дареги;

салык төлөөчүнүн идентификациялык номери (ИНН);

маалыматтык жана жарнамалык конструкциянын арналышы жана  негизги параметрлери;

маалыматтык жана жарнамалык конструкциянын жайгашкан ордунун дареги.

  1. Арызга төмөнкү документтер тиркелет:

жер участогуна же болбосо имаратка, курулмага укук белгилөөчү жана/же укукту ырастоочу документтер;

жеке жактар үчүн паспортунун көчүрмөсү;

жарнакты стационардык жайгаштырган учурда-маалыматтык жана жарнамалык конструкцияга архитектуралык-техникалык корутунду;

жарнаманын эскизи.

  1. Ыйгарым укуктуу орган арызды кароонун жыйынтыгы боюнча арыз берилгенден кийин 5 жумушчу күндөн ашпаган мөөнөттө:

оң чечим кабыл алынган учурда маалыматтарды Реестрге киргизет;

терс чечим кабыл алынган учурда арыз ээсине баш тартуу жөнүндө кабарлама жөнөтөт.

  1. Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүүдөн баш тартуу үчүн негиз болуп арыз ээси тарабынан ушул Эрежелердин талаптарын сактабагандыгы саналат.
  2. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы арыз ээсине маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүүдөн баш тартуу жөнүндө жүйөлүү чечимди чечим кабыл алынган учурдан тартып 3 жумушчу күндүн ичинде жазуу жүзүндө жиберет.
  3. Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды Реестрге киргизүү арызда көрсөтүлгөн мөөнөткө ылайык, бир айдан бир жылга чейинки мөөнөттө, бирок жер участогуна ижара же жарнамалык конструкцияны ижарага берүү мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөттө жүзөгө ашырылат.
  4. Маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын эскизи өзгөртүлгөн учурда, жарнак берүүчү Реестрге өзгөртүү киргизүү жөнүндө билдирүүнү ыйгарым укуктуу органга 3 жумушчу күндүн ичинде жиберет.
  5. Реестрге өзгөртүүлөрдү киргизбестен, төмөнкүлөргө тыюу салынат:

документтерди аларды пайдаланууга укугу жок башка адамдарга берүүгө;

уруксат берүүчү документтерге өзгөртүүлөрдү киргизүүгө;

маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын техникалык элементтерин өзгөртүүгө.

 

\

 

 

 

 

 

XIII. Реестрди жүргүзүүнүн тартиби

 

  1. Реестрге эсепке алуу объекттери болуп төмөнкүлөр саналат:

– маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар, аларда жайгаштырылуучу плакаттар, стенддер, жарык таблолор жана туруктуу аймактык жайгаштыруунун башка техникалык каражаттары;

– транспорт каражаттарында жайгаштырылган жарнамалык конструкциялар.

  1. Реестрди жүргүзүү Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан ишке ашырылат.
  2. Ыйгарым укуктуу орган милдеттүү:

1) реестрди жүргүзүүнүн тартибин жана реестрди жүргүзүүгө коюлуучу талаптарды сактоону камсыз кылуу;

2) Реестрге кирүү укугунун сакталышын жана коммерциялык сырды коргоону камсыз кылуу;

3)  белгиленген тартипте маалыматтык-сурап билүү тейлөөсүн ишке ашырууга, Реестрден көчүрмөлөрдү берүүгө.

  1. Реестрге төмөнкү маалыматтар киргизилет:

– маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын эскизи;

– автотранспорт каражатына жарнак жайгаштырылган учурда маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын дареги (жайгашкан жери), кадастрдык номери;

– автотранспорт каражатынын мамлекеттик номери;

– маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын өлчөмү жана аянты;

– маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугунун аяктоо датасы жана мөөнөтү;

– юридикалык жакты каттоо жөнүндө күбөлүк, маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын ээсинин же пайдалануучусунун паспорттук маалыматтары;

– укук белгилөөчү жана укук ырастоочу документтердин маалым даректери (реквизит);

– маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын же болбосо автотранспорт каражаттарынын ээси жана/же пайдалануучулары жөнүндө маалыматтар;

– маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга архитектуралык-техникалык корутунду жөнүндө маалыматтар;

– жарнакка жана маалыматка карата белгиленген чектөөлөр жөнүндө маалыматтар, алардын келип чыгышынын жана токтотулушунун негизин жана датасын көрсөтүү менен.

  1. Реестр кагаз жана электрондук булактарда жүргүзүлөт. Көрсөтүлгөн алып жүрүүчүлөрдөгү маалыматтар туура келбеген учурда кагаз жүзүндөгү маалымат артыкчылыкка ээ болот.
  2. Реестр маалыматты уурдоонун, жоготуунун, бурмалоонун жана жасалмалоонун алдын алууну камсыз кылуучу шарттарды сактоо менен бөтөн адамдар жете албаган жерлерде сакталат жана иштетилет.
  3. Маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар жөнүндө маалыматтарды жана алар жөнүндө маалыматтарды өзгөртүү жөнүндө жазууларды Реестрге киргизүү маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын ээсинин же пайдалануучусунун жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде ишке ашырылат, алар жөнүндө маалыматтар реестрге киргизилүүгө тийиш.
  4. Документтердин күбөлөндүрүлгөн көчүрмөлөрүн тиркөө менен арыз, маалыматтык же жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугу пайда болгон, өзгөргөн же токтотулган учурдан тартып 2 жумалык мөөнөттө ыйгарым укуктуу органга берилет (маалыматтардын өзгөрүшү жөнүндө).
  5. Эгерде маалыматтык же жарнамалык конструкция ушул Эрежелердин талаптарына ылайык келбесе, адамдын маалыматтык же жарнамалык конструкцияларды жайгаштырууга укугу ырасталбаса, документтер толук көлөмдө берилбесе, ыйгарым укуктуу орган маалыматтарды Реестрге киргизүүдөн баш тартат.

 

XIV. Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды ажыратуу.

 

  1. 84. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы, шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Эрежелердин белгиленген талаптарына ылайык келбеген маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар, ошондой эле ээсинин же пайдалануучунун жарандардын өмүрүнө, ден соолугуна жана менчигине, коомдук жана мамлекеттик коопсуздукка коркунуч келтирген аракеттери табылган учурда, айлана-чөйрөгө зыян келтирген учурда, табылган конструкциялар жөнүндө маалыматты маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу укугуна андан ары 30 календардык күнгө токтото туруу менен Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органына жөнөтөт.
  2. Шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу орган маалыматтык жана жарнамалык конструкциялардын ээсине же пайдалануучусуна бузуу фактысы аныкталган учурдан тартып 5 жумушчу күндүн ичинде, маалыматты же жарнакты жайгаштыруу укугун токтото турууга алып келген эреже бузууларды четтетүү жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүнү жөнөтүүгө милдеттүү.
  3. Маалыматтык же жарнамалык конструкциянын ээси же пайдалануучу тарабынан аныкталган бузуулар четтетилгенде ыйгарым укуктуу орган 3 жумушчу күндүн ичинде маалыматты же жарнакты жайгаштыруу укугун кайра жаңыртат.
  4. Кабарлоодо көрсөтүлгөн мөөнөттө бузуулар четтетилбесе, ыйгарым укуктуу орган бузууларды жоюу мөөнөтү аяктаган учурдан тартып 10 жумушчу күндүн ичинде, маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды ажыратуу жол-жобосун демилгелейт.
  5. Конструкцияны белгиленген эрежелерге ылайык келтирүү, ээси тарабынан өз каражаттарынын эсебинен жүргүзүлөт.
  6. Конструкцияны конструкциянын ээси тарабынан белгиленген эрежелерге ылайык келтирүү мүмкүн болбогон учурда, ыктыярдуу тартипте ажыратуу, конструкция орнотулганга чейинки түрдө объекттин сырткы бетин кийин калыбына келтирүү жана ушул сыяктуу материалдарды жана технологияларды пайдалануу жана баштапкы абалга келтирүү менен участокту калыбына келтирүү менен ишке ашырылат.
  7. Эгерде конструкция анын ээси тарабынан ыктыярдуу тартипте 10 күндүк мөөнөттө ажыратылбаса, бул маалыматтык же жарнамалык конструкцияны мажбурлап ажыратууну уюштуруу Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы тарабынан шаардын бюджетинин каражаттарынын эсебинен жүзөгө ашырылат.
  8. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы ажыратууну, сактоону жана андан ары сактоо үчүн атайын уюштурулган жерге көчүрүүнү уюштурат.
  9. Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды ажыратуу боюнча иштер жүргүзүлгөндөн кийин, ажыратуу жөнүндө маалыматты шаар куруу жана архитектура боюнча ыйгарым укуктуу органга жөнөтөт.
  10. Ажыратылган маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды сактоо аларды сактоо үчүн атайын уюштурулган жерлерде ажыратылган күндөн тартып 30 жумушчу күндөн ашык эмес мөөнөттө, материалдык баалуулуктарды ташып чыгуу актысын жана аларды сактоого өткөрүп берүү актысын түзүү менен жүргүзүлөт.
  11. Демонтаждоо жана сактоо боюнча иштерди аткарууга кеткен чыгымдардын орду Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органынын талабы боюнча маалыматтык жана жарнамалык конструкциянын менчик ээсинин же башка мыйзамдуу ээсинин эсебинен толтурулууга тийиш.
  12. Конструкциянын менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси тарабынан мажбурлап ажыратуу, ташуу жана сактоо менен байланышкан чыгымдар төлөнгөндөн кийин, ажыратылган маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар белгиленген тартипте ээсине кайтарылып берилет.
  13. Эгерде маалыматтык жана жарнактык конструкцияны ажыраткан күндөн тартып 30 жумушчу күндүн ичинде маалыматтык жана жарнактык конструкциянын менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси конструкцияны сакталган жеринен чыгарып кетпесе, Бишкек шаарынын мэриясынын ыйгарым укуктуу органы аны ээсиз деп таануу жөнүндө сотко арыз менен кайрылууга укуктуу.
  14. Талап кылынбаган (ташталган) маалыматтык жана жарнамалык конструкциялар ээсиз деп сот тарабынан табылган учурда алар муниципалдык менчикке өтөт.
  15. Жайыл районун ыйгарым укуктуу органдары, конструкциядагы жабдуулардын же башка мүлктүн абалы жана сакталышы үчүн, аны мажбурлоо тартибинде ажыратууда жана (же) ажыратылган конструкцияларды сактоо үчүн атайын уюштурулган жерлерге которууда анын абалы жана сакталышы үчүн жоопкерчилик тартпайт.

 

 

 

  1. Ушул Эрежелерди бузуу үчүн жоопкерчилик.

 

  1. 99. Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды тиешелүү документтерди албастан жана (же) ченемдик укуктук актылардын жана ушул Эрежелердин талаптарын бузуу менен жайгаштыргандыгы жана (же) пайдалангандыгы үчүн, конструкциялардын ээлери Административдик бузуулар жөнүндө кодексине ылайык административдик жоопкерчилик тартышат.
  2. Конструкциянын менчик ээси же башка мыйзамдуу ээси ар кандай коопсуздук эрежелерин бузгандыгы үчүн, ошондой эле маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды куроонун, ажыратуунун жана пайдалануунун шарттарын бузуудан келип чыккан бузулуулар жана авариялык кырдаалдар үчүн жоопкерчилик тартат.
  3. Маалыматтык жана жарнамалык конструкцияларды талаптагыдай эмес абалда кармоо, конструкциялардын тышкы түрүнө карата талаптарды бузуу жана ушул Эрежелерди башка бузуулар үчүн жоопкерчилик, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына, Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексине, башка ченемдик укуктук актыларга жана Бишкек шаарынын муниципалдык мүлкүнө жарнамалык конструкцияларды жайгаштыруу жана пайдалануу келишимине ылайык конструкциялардын ээлерине (юридикалык жана жеке жактарга) жүктөлөт.
  4. Жайыл районунун ыйгарым укуктуу органынын Бишкек шаарынын аймагындагы Реестрге киргизүүгө тиешелүү чечимдери, “Административдик иштин негиздери жана административдик жол-жоболор жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык даттанылышы мүмкүн.
  5. Жоопкерчилик чараларын колдонуу, бузуучуларды жол берилген бузууларды четтетүү милдетинен бошотпойт.