Токтом №06 10-октябрь 2023-жыл

Токтом №06 10-октябрь 2023-жыл

Атайын техникаларды жана атайын жабдуулар

үчүн агрегаттарды лизингге сатып алууга макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Мыйзамынын 34, 39-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесин жетекчиликке алуу менен, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. «Универсал» муниципалдык ишканасына «Айыл Банк» ААКтан 14 955 500 (он төрт миллион тогуз жүз элүү беш миң беш жүз) сом өлчөмүндө төмөндөгү атайын техниканы жана атайын жабдуулар үчүн агрегаттарын (доллардын жана рублдин сомго карата курсунун өзгөрүшүнө байланыштуу которууну кабыл алуу актысына кол коюлган учурда) жылына 17 пайыз менен 6 жылдык мөөнөткө жана камсыздандыруу суммасы 357 500 (үч жүз элүү жети миң беш жүз)сом лизингге сатып алууга макулдук берилсин:

1) МАЗ курама жол транспорту – 2 (эки) даана;

2) Howo автосамосвалы – 1 (бир) бирдик;

3) Трактор МТЗ 320,4-1 (бир) даана;

4) Трактордун кашы (отвал)– 1 (бир) бирдик;

5) Коммуналдык щетка – 1 (бир) бирдик;

6) Грейфердик жүктөгүч -1 (бир) бирдик.

  1. «Универсал» муниципалдык ишканасына жана Кара-Балта шаарынын мэриясына атайын техниканы жана атайын жабдуулар үчүн агрегаттарды сатып алуу менен байланышкан келишимди жана башка иш-чараларды жүргүзүүгө макулдук берилсин.
  2. Суралган финансылык ижаранын бардык мөөнөтүнө лизингди сатып алууга акча каражаты менен шаардын бюджетин жыл сайын бекитип туруу милдеттендирилсин.
  3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй – Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  4. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.

Кеңештин төрагасы                                  М.Дуйшеналиев

ТОКТОМ № 06