2023-жылдын 4 августундагы № 09 Токтому “Кара-Балта суу канал” МИ Кара-Балта шаарынын абоненттерине  ичүүчү суу жана саркынды сууларды тазалоо үчүн (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифинин прейскурантын бекитүү жөнүндө”  

2023-жылдын 4 августундагы № 09 Токтому “Кара-Балта суу канал” МИ Кара-Балта шаарынын абоненттерине  ичүүчү суу жана саркынды сууларды тазалоо үчүн (канализация) кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифинин прейскурантын бекитүү жөнүндө”  

“Кара-Балта суу канал” МИ Кара-Балта шаарынын абоненттерине

 ичүүчү суу жана саркынды сууларды тазалоо үчүн (канализация)

кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифинин прейскурантын бекитүү жөнүндө”

 

Кара-Балта шаарынын мэриясына “Кара-Балта суу канал” МИ директору Т.К.Молдокуловдун ичүүчү суу жана саркынды сууларды тазалоо үчүн кызмат көрсөтүүлөргө тарифин бекитүү боюнча маалыматын угуп, ошондой эле «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 39-беренелерин жетекчиликке алуу менен, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

  1. Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Кара-Балта суу канал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу жана саркынды сууларды тазалоо (канализация) боюнча кызмат көрсөтүүлөрүнүн тарифтеринин прейскуранты

№1 тиркемеге ылайык бекитилсин.

  1. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Чүй – Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  2. Ушул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри – М.Р.Джекшеновго жүктөлсүн.

 

 

Кеңештин төрагасы                                                      М.Дуйшеналиев

 

 

Кара-Балта шаардык кеңешинин

2023-жылдын 4-августундагы

№ 09 токтомуна

№1 тиркемеси

 

ПРЕЙСКУРАНТ

Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу «Кара-Балта суу канал» муниципалдык ишканасынын ичүүчү суу жана саркынды сууларды тазалоо (канализация) боюнча кызматтарына тарифтер

Аталышы Өлчөө бирдиги Баасы (налогсуз)
Ичүүчү суу
-калк сом/1 м 3 12,50
-бюджеттик уюмдар сом/1 м 3 31,00
-башка уюмдар сом/1 м 3 31,00
Саркынды сууларды тазалоо (канализация)
-калк сом/1 м 3 11,90
-бюджеттик уюмдар сом/1 м 3 31,90
-башка уюмдар сом/1 м 3 31,90