Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78 статьясына, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренелерине ылайык, ошондой эле 2022-жылга Кара-Балта шаарынын мэриясынын иши жөнүндө жергиликтүү өз алдынча башкаруунун органынын башчысынын отчетун жана жергиликтүү бюджеттин аткарылышынын жүрүшү жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулагандан кийин Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын мэри М.Р. Джекшеновдун. 2022-жылга карата жергиликтүү бюджеттин аткарылышы жөнүндө ишмердүүлүгү бекитилсин.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта ш. мэринин орун басары – Рыскулбек уулу Нурматка жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев