Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 32-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Н. Жапаровдун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге турак жай курууну уюштуруу тапшырмасын аткаруу максатында, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин Аппаратынын 26.06.2022-жылдагы 18/25496 кайрылуусун эске алып, Кара – Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге турак жай куруу үчүн Кара-Балта шаарынын түштүк-батыш тарабында жайгашкан 0,6 га бөлүгүнө тиешелүү 55 га жер тилкесинин башкы планынын түзөтүүсү бекитилсин.
- Кара-Балта шаарынын түштүк-батыш тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлерге турак жай куруу үчүн жалпы аянты 0,6 га (55 га ичинде) Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасынын 05.10.2022-ж. №27/22-и жер участогунун планы боюнча мөөнөтсүз акысыз пайдаланууга жер тилкесин бөлүп берүүгө макулдук берилсин.
- Кара-Балта шаарынын мэриясы тез арада турак жай куруу үчүн жер тилкесин бөлүп берүү боюнча чараларды көрсүн, мамлекеттик актыларды жана тиешелүү органдардын чечимдерин алсын.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар, өнөр жай, транспорт, ишкердик, шаар куруу жана архитектура боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри – М.Р. Джекшеновго жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев