“Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Конституциялык Мыйзамынын 20-беренесин жетекчиликке алып, Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33-беренесине ылайык, ошондой эле Жайыл районунун прокуратурасынын «ченемдик-укуктук актыны бузууларды четтетүү жөнүндө” талап кылуусунун негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын суу түтүктөрүн жана канализациясын пайдалануу эрежелерине өзгөртүүлөр жана толуктоолор төмөнкүдөй редакцияда киргизилсин (04.06.2015-ж. № 11 КБШКнын Токтому):
3.2.1. п. ведомстволук таандуулугунан, менчигинин түрүнө жана формасынан (анын ичинде турак жай-курулуш кооперативдеринин менчигиндеги үйлөр):
суу түтүктөр үчүн – баланстык менчиктин жана эксплуатациялык жоопкерчиликтин ортосундагы чек көп кабаттуу үйдүн пайдубалынын тышкы дубалы болуп саналат;
канализация үчүн – киргизүү жери канализация түтүктөрү кошулган үйдөн чыккан биринчи канализациялык кудуктар болуп саналат. Байланыш пункту “Кара-Балта суу канал” МИнин эксплуатациялык жоопкерчилигине кирет.
3.3-пункт. Үй ичиндеги (ички) суу түтүк жана канализация тармактарынын, курулмаларынын жана түзүлүштөрүнүн техникалык абалы жана күтүүсү үчүн жоопкерчилик көп батирлүү үйлөрдүн (турак жайдын) менчик ээлерине жүктөлөт.
- Бул токтом жана Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлдү бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев