Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 129-беренесин, “Тандоо тартиби жана ЖӨАБ демилгелерди каржылоо жөнүндө» Жобону жетекчиликке алып, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесине, ылайык”, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- “Тандоо тартиби жана ЖӨАБ демилгелерди каржылоо жөнүндө», “Жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүүдө ЖӨАБ иш-аракеттерин жарандардын жана алардын бирикмелеринин катышуусу менен биргелешкен мониторинг жана баалоо өткөрүүсү жөнүндө” 28.11.2019-ж. № 3 КБШК Токтомунун № 3 тиркемесине өзгөртүүлөр киргизилсин:
Кара-Балта шаарынын биргелешкен мониторинг жана баалоо тобунун курамы ушул токтомдун тиркемесине ылайык өзгөртүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү Регламент, депутаттардын этикасы жана укуктук маселелер боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М.Дуйшеналиев