“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-беренесинин 2-п. 6 п.п. ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Токтомдун 1-тиркемелерине ылайык, 2021-жылга карата Кара-Балта шаарынын мэриясынын ишмердүүлүгү тууралуу мэрдин отчету эске алынсын жана мэрдин 2021-жылдагы ишин канааттандырарлык эмес деп эсептелинсин.
- Кара-Балта шаарынын мэри Джекшенов Мирлан Ратымбекович Кара-Балта шаарынын мэриясынын айрым түзүмдүк бөлүмдөрүнүн иши боюнча талкуу учурунда депутаттар тарабынан айтылган сын-пикирлерди жана сунуштарды эске алсын.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
- Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн бюджет, муниципалдык менчик, турак жай-коммуналдык чарба жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара-Балта ш. мэринин орун басары – Рыскулбек уулу Нурматка жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев