“Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36 -беренесине ылайык, “Ишеним” фракциясынын депутаты Г.А.Сарсембаевдин сунушу боюнча, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
БУЮРМА КЫЛАТ:
- В.И. Ленин атындагы шаардык маданият сарайынын имаратынын чыгыш тарабында жайгашкан аллеяны реконструкциялоодогу иштер боюнча убактылуу депутаттык комиссия түзүлсүн.
- Убактылуу депутаттык комиссиясы шаардык кеңештин ар бир фракциясынан бирден депутат жана коомчулуктун өкүлү киргизилип, сандык курамы 7 (жети) кишиден түзүлсүн.
– Сарсембаев Галым Арипжанович, «Ишеним» с/п депутаты – комиссиянын
төрагасы;
– Асаналиев Аскат Уланбекович, «Күчтүү коом» с/п депутаты;
– Байсариев Арсен Русланович, “Социал Демократтар” с/п депутаты;
– Алыбаев Кенжебек Мадылбекович, “Ыйман Нуру” с/п депутаты;
– Тыналиева Наргиза Маратовна, “Альянс” с/п депутаты;
– Билялова Алмазханум Башировна, “ЭлАман” с/п депутаты;
– Шувалов Данил Евгеньевич, коомдук ишмер.
Кеңештин төрагасы М. Дуйшеналиев