«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 33, 34, 39, 40 – беренелерине ылайык, жана ошондой эле “Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасын шайлоо боюнча жашыруун добуш берүүнүн жыйынтыктары тууралуу” эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын төрагасын шайлоо боюнча эсептөө комиссиясынын № 1, 2 протоколдору бекитилсин.
- Кара-Балта шаардык кеңешинин ХХХ – чакырылышынын шайланган төрагасы Ажыматов Азамат Темиркатович эсептелинсин.
- Бул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип жана катталыш үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
Төрагалык кылган
“Социал-демократтар” с/п депутаты Н.Ладожинская