«Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө» КБШК 2021-жылынын 8-апрелиндеги №01 токтомун жокко чыгаруу жөнүндө
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34, 36-беренелерине ылайык,«Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө» КБШКнин 08.04.2021-жылдагы № 01 токтомун жокко чыгарууга карата, Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын протестинин негизинде, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Чүй облусунун Жайыл районунун прокуратурасынын КБШКнин 04.08.2021-жылдагы № 01 “Кара-Балта” шаарындагы жогорку жана орто медициналык окуу жайлардын студенттери үчүн клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө” токтомун жокко чыгаруу протести эске алынсын.
- “Кара-Балта ш. жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө»” Кара-Балта шаардык кеңешинин 08.04.2021-жылдагы № 01 токтому жокко чыгарылсын.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинен каттоодон өткөрүлсүн.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам
Кеңештин төрагасы А.Байсариев