Кара – Балта шаарындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерине ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- КБШКнин 2018-жылдын 31-декабрындагы № 1 токтомунун № 2 тиркемесине Кара-Балта шаарындагы бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын курамына өзгөртүү киргизилсин.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлү уюштуруу укук маселелерди, коомдук уюмдардын иштери, депутаттардын этикасы боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жана Кара – Балта шаарынын мэринин орун басары Ж.Ч.Мусаевге жүктөлсүн.
Кеңештин төрагасы А.Байсариев
2018-ж. 31-декабрь
КБШК Токтомуна
№2 тиркеме
Кара – Балта шаары боюнча бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын
КУРАМЫ
- Мусаев Ж.Ч., Кара-Балта шаарынын мэринин орун басары;
- Шабданалиев Н.С., Кара-Балта шаарынын мэриясынын аппарат жетекчиси;
- Сарсембаев Г.А., «КСДП» п/п фракциясынын депутаты;
- Закиров С.Т., «Мекеним Кыргызстан» п/п фракциясынын депутаты;
- Архипова О.А., «ЭлАман» п/п фракциясынын депутаты;
- Билялова А.Б., «Элдик-Народная» п/п фракциясынын депутаты;
- Исмаилов Э.С., Кара-Балта шаарынын мэриясынын жетектөөчү адиси;
- Бурага О.А., жергиликтүү коомчулуктун өкүлү;
- Исмаилов М.М., жергиликтүү коомчулуктун өкүлү.