“Кара-Балта шаарындагы жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө 2021-жылдын 8-апрелиндеги № 01 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө”
Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 27, 34, 36-беренелерине ылайык, Чүй облусунун Жайыл районунун «Кара-Балта шаарындагы жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө» прокуратурасынын КБШКнын 2021-жылынын 8-апрелиндеги № 01 токтомун жокко чыгарууга каршы протестинин негизинде Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- «Кара-Балта шаарындагы жогорку жана орто медициналык окуу жайларынын студенттерин клиникалык база менен камсыз кылуу жөнүндө» КБШКнин 2021-жылынын 8-апрелиндеги № 01 токтомуна өзгүртүүлөр киргизилсин:
1., 2. – пункттары “сунушталсын” деген сөз менен толукталсын.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлү саламаттыкты сактоо, экология, социалдык маселелер жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
_________________________________________________________________________
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, мэриясына, ЖР ЖДПБ.
Кеңештин төрагасынын
орун басары Р. Джолдошбаев