“Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө”
2021-жылдын 18-октябрындагы № 3 Токтомунун № 1 тиркемесине
өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө
«Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 36, 37, 39-беренелерине ылайык, “Автомобиль транспорту жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 11 – берененин 2 – пунктуна ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- 2021-жылдын 18-октябрындагы “Жүргүнчүлөрдү ташуу тарифин бекитүү жөнүндө” № 3 Токтомунун № 1 тиркемесине өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилсин, төмөнкүдөй редакциялансын:
1-пункттагы “кичи автобуста саат 6.00дөн 19.00гө чейин 13.00 сом” деген сөз алынып “15.00 сом” алмаштырылсын;
– «кичи автобуста саат 19.00дөн 19.30га чейин 15, 00 сом» деген сөздөр алып салынсын;
3-пункттагы “7,00 сом” деген сөз “10,00 сом” деген сөз менен алмаштырылсын;
– “I, II, III топтогу ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар” “III “ деген сөз алып салынсын;
– “балдар, өспүрүмдөр (мектеп окуучулары)” сөздөрдүн ордуна «1-класстан 5-класска чейинки (5 класстагы окуучулар эсептелет) мектеп окуучулары үчүн” деп жазылсын.
- Токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизилип жана катталыш үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
- Токтомдун аткарылыш көзөмөлү бюджет, муниципалдык менчик, экономика, финансы жана инвестициялар боюнча; өнөр жай, курулуш, транспорт жана чакан жана орто бизнестин кызматтары, ишкердик жана инвестициялар боюнча туруктуу депутаттык комиссияларына, ошондой эле Кара-Балта шаарынын мэри
Д.Б. Шакирбаевге жүктөлсүн.
Таркатылсын: көктөмөгө, ТДКга, Кара-Балта шаарынын мэриясына, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине, ММКга.
Кеңештин төрагасынын
орун басары Р. Джолдошбаев