Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө ММБнин
2021 -жылдын 6 айына карата аткарылган иштер
боюнча отчету жөнүндө
«Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 18,31, 36 – беренелерге ылайык, Кара-Балта шаардык кеңешинин сессиясы
БУЮРМА КЫЛАТ:
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2021 – жылдын 6 айына карата аткарылган иштер боюнча маалыматы эске алынсын.
- Кара-Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн 2021 – жылдын 6 айына карата иши канааттандырарлык эмес деп табылсын.
- Карагулов Таалайбек Баратович – Кара -Балта шаарынын мэриясына караштуу мүлккө муниципалдык менчик бөлүмүнүн башчысы кызмат ордуна келтирилсин.
- Бул токтомдун аткарылыш көзөмөлүн өзүмө калтырам.
Кеңештин төрагасы А. Байсариев